Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

БАТКЕНДЕГИ СОТ


Шайырбек Эркин уулу, Баткен 25-апрелде Баткен райондук соту Баткен шайлоо чөлкөмү боюнча өткөн парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу арызды карай баштады. Иштин жүрүшүндө сотко келген күбөлөр бул чөлкөм боюнча депутаттык орунга ээ болгон Арзыбек Бурканов добуштарды сатып алуу менен жеңишке жеткенин, шайлоо алдынан анын тарапкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ар бир добуш үчүн 250 сомдон беш жүз сомго чейин акча таратышканын билдиришти. Бул ишти кароо шейшемби күнү кайра улантылат.

Баткен шайлоо чөлкөмү боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан Досбол Нур уулунун ишенимдүү өкүлү Кубаныч Нурмаматов парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгынан соң, райондук сотко арыз менен кайрылган. Арызда «Алга, Кыргызстан» партиясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкер Арзыбек Бурканов үгүт жүргүзүү маалында мыйзам талаптарын одоно бузуу менен аты жок гезит чыгарганы, анда Досбол Нур уулунун жана анын үй-бүлөсүнүн ар намысына, жеке ишмердик сапаттарына доо кетирүү менен жалган жалааны атайлап таратканы белгиленип, Буркановду кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси боюнча жоопкерчиликке тартуу, мындан сырткары ал добуштарды сатып алуу менен марага жеткен делинип, соттон Баткен шайлоо чөлкөмү боюнча парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу суралган. Сот депутат Бурканов келбей калганына байланыштуу кылмыш иши боюнча арызды кароону кийинкиге калтырып, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча арызды карай баштады. Анда алгач Баткендин ар кайсы айылдарынан келген күбөлөр суралып, алар шайлоо алдынан Буркановдун тарапкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ар бир добуш үчүн 250 сомдон 500 сомго чейин акча таратышканын билдиришти. Бул боюнча Чоңгара айылынын тургуну Нажим Жумабаевди уксак:

- Акча тараткан Байматов Марзабектин үйүн билем. Таңаткыча акчанын тополоңу болгон. Шайлоо күнү күндүзгү саат он бирге чейин 250 сомдон Арзыбектин балдары акча таркаткан. Байкоочулар турганда өздөрү айтышкан “биз 800 адамга акча таркаттык эле 91 киши сатылып кетиптир. 800 эле, азыр 709 добуш болуп калды” деп.

Карабак айылынын тургуну Назбүбү Баширова да ушундай эле пикирин төмөнкүчө билдирет:

- Биринчи турда тааныбаган Баткенден бир киши барып акча тарaтты. Ушул кишини шайлап бергиле дегенинен, биринчи жолу баш тарттым, ала бериңиз дегенинен алса болот экен деп алдым. Экинчи турда болсо ар бир шайлоочуга 500 сомдон буудай чачкандай акчаны чачты. Алгандар алды, ала албай калгандар силердин алган акчаңар арам дегенге чейин барып, көчөдө баскан сайын бетибиз кара көрүнүп калды элдерге, - дешет сотто күбө катары суралган баткендик шайлоочулар.

Ал эми шайлоо өнөктүгүндө Арзыбек Буркановдун штабын жетектеген Сейдакмат Эрматов мындай пикирлерге макул эмес:

- Соттун жүрүшүндө биз күбө болдук. Бурканов тарабына дооматтар айтылып атат. Мен бул боюнча негизсиз доомат деп эсептейм. Себеби, айткан кишилер белгисиз биз тааныбаган кишилер акча таркатты деп атышат. Далил жок. Буга фактылар керек. Берген киши ким ошону далилдеш керек.

Аталган шайлоо чөлкөмү боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн ат салышкан Досбол Нур уулунун ыйгарым укуктуу өкүлү Кудайберди Камилов болсо Бурканов добуштарды сатып алуу менен гана жеңишке жетти деп эсептейт:

- Карабак айыл өкмөтү боюнча беш шайлоо участкасы бар. Беш шайлоо участкасында 3 жарым миң шайлоочу бар. Мына ушул 3 жарым миң шайлоочунун көпчүлүгү Бурканов Арзыбекке добуш берди. Себеби ар бир үйбүлөгө 200дөн 2 миң сомго чейин акча берилди деген факты бар. БиздеКарабак айылында эле, же беш участкага 6 миллиондон 8 миллионго чейин акча келип таркатылды деген маалымат бар, - дейт Досбол Нур уулунун ыйгарым укуктуу өкүлү Камилов.

Шайлоого байланышкан бул ишти кароону Баткен райондук соту 26-апрелде дагы улантат.

XS
SM
MD
LG