Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

МОСКВА ГРУЗИЯНЫН КЫСЫМЫНА ЧЫДАГАН ЖОКПУ?


Бир жума мурда эле Москва менен Тбилиси бири-бирин россиялык аскерий базаларды Грузиядан чыгарып кетүү боюнча сүйлөшүүдөн качууда деп күнөөлөп жатышкан. Дүйшөмбү күнү Грузиянын тышкы иштер министри Саломе Зурабишвили Москвадагы сапары учурунда Россия 2008-жылга өлкөдөгү аскерий базаларын чыгарып кетүүгө даяр экенин маалымдады. Эки жак тийиштүү келишимге кол койо элек. Бирок, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров тараптар мунасага жакын экенин билдирди.

Грузиядагы россиялык аскерий базалар 2008-жылдын 1-январына чейин чыгарылат. Мындай билдирүүнү Грузиянын тышкы иштер министри Саломе Зурабишвили дүйшөмбү күнү россиялык коллегасы Сергей Лавров менен өткөн сүйлөшүүдөн кийин жасады.

Зурабишвили айымдын айтымында, эки өлкөнүн президенттери тийиштүү келишимге кол койушар замат россиялык аскерий техниканы чыгаруу иштери башталат.

22-апрелде Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Россия аскерий базаларды чыгарып кетүүнүн так мөөнөтү көрсөтүлгөн келишимге кол койбосо, Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 60 жылдыгына арнап Москвада өтчү салтанатка барбасын кулак какты кылган:

- Россиянын Грузиядагы аскерий базалары грузин элинин эркине каршы жайгаштырылган. Алар не Россиянын не Грузиянын кызыкчылыгы, биздин өз ара карым-катнашыбыз жана региондогу коопсуздук үчүн салым кошушпайт. Биз эки жакка ылайык келишимге жетише алабыз, акыр аягында россиялык аскерий базаларды Москвадагы саммитке чейин цивилизациялуу жол менен бөлүп-бөлүп чыгарып кетүү жөнүндө макулдашабыз деген үмүттөбүз.

Россиянын Грузиядагы төрт аскер базасы- Европадагы куралдарды чектөө жөнүндөгү көп тараптуу келишимди бузат деп, аларды чыгарып кетүүнү адеп 1999-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму талап кылган.
Москва 2001-жылы Тбилисинин ныптасындагы Вазиани аэродромун Грузияга өткөрүп берген. Ал эми өзүн Грузиядан күнкорсуз эсептеген Абхазиядан россиялык аскерлер чыгарылып кеткенин бейтап булактар тастыкташа элек.

Ажариянын байтакты Батумидеги жана Арменияга чектеш Акалкалакидеги россиялык базалар чоң проблема жаратып жатканы белгилүү. Тблиси бул эки аскерий базаны 2001-жылдан бери тез жабууну талап кылса, Россия базаларды жабуу үчүн каражат келерки он жылдыкта болоорун айтып, маселени артка тартып келет.

10-мартта Грузиянын парламенти 15-майга чейин Россия менен келишим түзүлбөсө, жыл аягына аскерий базаларды жабууга өкмөттү милдеттендирген чечим чыгарды.

Россия дүйшөмбү күнү аскерий техниканы чыгаруу жакынкы айларда башталаарын жарыя кылды. Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун билдиришинче:

–Биз аскерлерди этап-этабы менен чыгарууга жана ал ишти- мурда жетишилген келишимдерге ылайык- быйыл баштоого макулбуз. Бул сөз оор аскерий жабууларга, россиялык аскерий базага карабаган каруу жарактарга жана Грузиядагы россиялык аскерий базалардын эки тарап чогуу пайдаланып жаткан айрым жабдууларына да тийиштүү.

Москва россиялык аскерлер Грузиядан чыгар замат, алардын ордун АКШ же НАТОго мүчө башка мамлекеттердин аскерлери ээлейт деп чочулайт. Ошон үчүн, Тбилисиге тийиштүү келишим түзүүнү сунуш кылууда. Грузин жетекчилиги бул маселеге Россиянын башы оорубасын айтууда.

Үстүбүздөгү аптанын биринчи күнү Тбилиси менен Москва базалардын чатагын чечүүдө эмес, башка тармактарда да өз ара кызматташып жатканын көрсөттү. Лавровдун сөзүнө караганда:

-Эки президент ортосунда кабыл алынган чечимге жараша, россиялык базалар чыгарылып кеткенге удаа эле грузиялык-россиялык антитеррордук борбор түзүлө баштайт. Тийиштүү сүйлөшүүлөрдү эки өлкөнүн коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү жүргүзүүдө. Бул сүйлөшүү жакын арада улантыла берет.

Мурдараак Россиянын коргоо министри Сергей Иванов антитеррордук борборлор Батумидеги жана Акалкалакидеги аскерий базалардын ордуна жайгаштырылышын талап кылган. Бирок, грузин тарап оболу россиялык аскерий базалар чыгарылыш керек экенин, ал эми террорчулукка каршы күрөшүү борбору Тбилисиде жайгаштырылаарын кесе эскерткен.

XS
SM
MD
LG