Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:30

“МАНАСТАГЫ” ЫЗЫ-ЧУУ


Кабыл Макеш 24-марттагы өлкөдөгү ыңкылаптан кийин Аскар Акаевдин өзүнө жана үй-бүлөө мүчөлөрүнө тийешелүү делген ишканалардын тизмеси жарыяланган. Ушул тизмедеги “ Манас интернейшнл сервис” жоопкерчилиги чектелген коомдун ишмердүүлүгүнө жаңы бийлик тарабынан чектөө коюлуп, тергөө жүрүп жаткандыктан, өлкөдөгү авиация тармагы жакынкы күндөрү күйүүчү май менен камсыз болбой калышы мүмкүн деген билдирүү таратты.

Өлкөдөгү авиа компанияларды, Ганси атындагы антитеррордук күчтөр коалициясын жана “Кыргызстан аба жолдору” компаниясын күйүүчү май менен “Манас интернейшнл сервис” жоопкерчилиги чектелген коому жана “Аалам-сервис” фирмасы камсыз кылып турган. 24-марттагы өлкөдөгү ыңкылапка чейин бул ишканалардын ишмердүүлүгү табышмактуу болуп, алар эркин экономикалык аймакта катталып, өлкөнүн казынасына салык төлөбөгөндүгү айтылып жүрчү.

Ыңкылаптан кийин Аскар Акаевдин өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө тийешелүү делген ишканалардын тизмеси жарыяланган. Ушул тизмеде “Манас интернейшнл сервис” жоопкерчилиги чектелген коому да болгондуктан өлкөнүн прокуратурасы тарабынан анын ишмердүүлүгү иликтенип, 13-апрелден баштап банк эсептери убактылуу жабылган.

“Манас интернейшнл сервис” жоопкерчилиги чектелген коомдун директору Валерий Поляковдун билдиргенине караганда бул ишкананын Аскар Акаевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө эч кандай тийешеси жок. Бул ишкананын 100 пайыз акциясы коңшулаш “ Петро Казакстан-Кумколь” ачык акционердик коомуна таандык. “Биздин ишмердүүлүктү текшеришсин, бирок ишкананын банк операцияларын токтотуп коюу Кыргызстандын авиация тармагын кризиске түртүү менен барабар” дейт Валерий Поляков:

- Биздин ишкана күйүүчү майды сатып алуу үчүн Орусиянын жана Казакстандын мунай компанияларына алдын ала каражат которуп турчу. Учурда май айынын акырына жетээр май запасы бар. Бирок банктагы эсептерибиз убактылуу токтоп тургандыктан июнь-июль айлары үчүн күйүүчү май алууга мүмкүнчүлүк жок. Ганси атындагы антитеррордук базаны айына 16 миң тонна күйүүчү май менен камсыз кылып турчубуз. Мындан ары аларды камсыз кыла албай калсак, алар Өзбекстандагы же Ооганстандагы базаларга кетип калуусу ыктымал. Мындан биздин ишканалар көп кирешеден куру калып, өлкөнүн авиатранспорт тармагы жоготууга учурайт.

Өлкөнүн башкы прокуратурасынын оор кылмыш иштерди тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Асангелдиев “Манас интернейшнл сервис” жоопкерчилиги чектелген коом Аскар Акаевдин уулу Айдардын көзөмөлүндө турганын, жакында эле анда эркин экономикалык аймак аркылуу ири өлчөмдөгү каражатты чет өлкөгө чыгарып кетүү аракети болгонун, ошондуктан ишкананын банк эсептери убактылуу токтотулганын билдирди. Ал ошондой эле ишкананын бардык ишмердүүлүгү текшерилип, тергөө жүрүп жатканын айтты:

- “Манас” аэропотундагы Ганси атындагы антитеррордук базаны британиялык фирма күйүүчү май менен камсыз кылып турган. Ал эми бул “Манас интернейшнл сервис” ортомчулук милдет аткарып, ортодон пайда көрүп, салык төлөбөй жүргөн. Учурда Ганси атындагы базанын иши үзгүлтүккө учурабайт. Алар кадимкидей эле иштеп жатат. Өзбекстанга же Ооганстанга кетип калат дешкени куру сө.

Өлкөнүн авиация тармагын күйүүчү май менен камсыз кылып турган ишканалардын ишине мындай тоскоолдуктар боло берсе, “Кыргызстан аба жолдору” акционердик коому көп жүргүнчүлөрүн жоготуп, чет элдик компаниялардын ишине да кедерги болоорун аталган коомдун президенти Акылбек Жумабаев да билдирди:

- Биздин көп билеттер алдын ала сатылган. Айрым жүргүнчүлөр коңшу өлкөлөрдүн же чет элдик компаниялардын кызматынан пайдаланып кетиши мүмкүн. Мындан өлкөнүн авиация тармагы чоң жоготууга учурайт.

XS
SM
MD
LG