Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

ПРЕЗИДЕНТТИН ӨКҮЛҮ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ


: Кожогелди Култегин 27-апрель күнү Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү өз ишин баштады. Ал Ош, Жалалабат, Баткен облустарынын ишин координациялоо милдетин аткарат. Президент өкүлчүлүгүнүн иштей башташы менен түштүктө кош бийлик пайда болбойбу деген да суроо пайда болууда.

Кыргыз Республикасынын президентинин Түштүк региону боюнча ыйгарым укутуу өкүлчүлүгүн түзүү зарылдыгы тууралуу вице премьер-министр Адахан Мадумаров буларды баса белгиледи:

- Зарылдыгы - ушул аймактагы түзүлгөн кырдаал. Бишкектен туруп бардык бул жерде болуп жаткан башамаламдыктарды башкаруу өтө кыйын. Ошондуктан президенттин толук кандуу ыйгарым өкүлү Баткен, Ош, Жалалабат облустары жана Ош шаарын биргелештирип маселелерди ыкчамдуу чечүүнүн негизинде ушул жолго барып отурабыз. Бардык маселе боюнча эле эл Бишкекке бара албайт. Өзүңүз билесиз самолеттун, автоунаалардын баасы канча экендигин. Ар кандай маселе боюнча Бишкекке барып, ошол жактан чечип келебиз деп абдан чоң азап чегип атат элибиз. Ош шаары экинчи борбор деп эсептелинет, бул жерде экинчи резиденция бар. Мына ушул статустарга ылайык президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүн ушул жерге дайындалганы абдан туура чечим болду. Ал кишинин ыйгарым укуктары абдан кенен. Аскер бөлүктөрүнө, ички иштер органдарына, прокуратурага, бажы, салык инспекциясыларына чейин ыйгарым укуктуу өкүл Алмамбет Матубраимовго түздөн түз баш ийет. Менимче, мындан кийин кырдаал жакшы жагына бир топ өзгөрүшү мүмкүн.

Президенттин Түштүк региону боюнча өкүлчүлүгүн түзүү келечекте бир катар райондорду, облустарды ирилештирүүгө коюлган кадам окшойт деп болжогондор бар. Сиз кандай дейсиз деген суроого вице-премьер-министр Адахан Мадумаров мындайча жооп берди:

- Ага себептер бар. Буюрса шайлоону Кыргызстан аман-эсен, стабилдүү түрдө өткөрүп алсак, кандайдыр бир өзгөрүүлөр сөзсүз болот.

Эркин экономист Жусупакмат Турдумаматов президент өкүлчүлүгү менен облустук мамлекеттик акимчиликтер иш жүргүзүүдө бири-бирин кайталап калбасы үчүн статустарын так аныктап алыш керек деген ойдо:

- Облустук жетекчилердин бийлиги менен президенттин өкүлчүлүгүнүн кандайдыр бир деңгээлде бири бири менен байланышы болуш керек. Бул нерсени бүгүнкү күндө тактап, айкындап чыгып, ошол боюнча иш жүргүзсө, карама-каршылык болбойт.

“Ош шамы” гезитинин башкы редактору Талантбек Моңолбаевдин оюнда президенттин Түштүк региону боюнча өкүлчүлүгү эл менен жогорку бийликти кыйла жакындатат:

- Азыр саясий маселелердин бардыгы түштүктө болуп жаткандан кийин элдин үнү, арызы, муңу президентке түздөн-түз жетпейт, ошондуктан анын атайын толук ыйгарымдуу өкүлү ушул жердеги элдик пикирлердин бардыгын изилдеп, талдап, анализдеп туруп, анан кийин президентке коюп чечүү зарылыдыгы турат.

Ош облус губернатору Анвар Артыков президент өкүлчүлүгүнүн түзүлүшү менен түштүктө эч кандай кош бийлик жаралбастыгына ишенет:

- Мен ойлойм кош бийлик болбойт. Түштүк региону артка калып кеткен, социалдык жактан да, экономика жактан дагы. Ошондуктан элдик кыймыл деле түштүктөн башталбадыбы. Биздин проблемаларды чечкенге чоң жардам берет деген ойдомун. Бул киши президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү болгондон кийин, кээ бир маселелерди ушул жерде эле чечип койсо болот. Бул киши менен сүйлөштүк, биздин ички иштерге аралашам деген ою жок.

Президенттин Түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алмамбет Матубраимов өз вазийпасы тууралуу буларды кошумчалады:

- Эч кандай кош бийлик болбойт. Түздөн-түз президентке баш ийем. Ошонун тапшырмасын аткарам. Ошол кишиге гана мен отчет берем. Бул жерде мен бир дагы губернатордун, мэрдин, же акимдердин бийлигин талашууга эч качан барбайм. Ошолордун бийликке туруктуу туруп, элдин бейпилдигине алып келүүсүнө жардам гана көрсөткөнү келдим.

Ал эми эл арасында президент өкүлчүлүгү алдыдагы президенттик шайлоого карата түзүлсө керек деген сөздөр да жок эмес.

XS
SM
MD
LG