Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:20

ДҮЙНӨДӨГҮ СӨЗ ЭРКИНДИГИ ТУУРАЛУУ 'ФРИДОМ ХАУСТУН' ЖАҢЫ ОТЧЕТУ ЧЫКТЫ


Нарын АЙЫП 3-май күнү белгиленген Басма сөз эркиндигинин күнү алдында Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Фридом хаус" уюму жыл сайын дүйнөдөгү абал тууралуу кеңири изилдөөнүн жыйынтыктарын чыгарат. Быйылкы отчет 27-апрелде жарыяланды жана анын негизгы жыйынтыгы катары - басма сөз эркиндиги дүйнөдө жалпысынан начарлаганы тууралуу айтылганын белгилесе болот. Борбор Азия жумурияттарынын биринде дагы маалымат каражаттары эркин эмес, бирок, докладдын авторлорунун пикиринде, Кыргызстанда жакында болгон ыңкылаптан кийин абал оңолот деп үмүттөнсө болот.

Дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги тууралуу отчетторду "Фридом хаус" 1980-жылдан бери чыгарып келет жана бардык мамлекеттер ал изилдөөлөрдө үч топко бөлүнөт, ал топтор "Эркин", "Салыштырмалуу эркин" жана "Эркин эмес" деп аталат. 1990-жылдардын башында Кыргызстан ортоңку топко кошулган, бирок президент Аскар Акаев жана андан кийин башка жетекчилер дагы журналисттерди сотко бере баштагандан соң, өлкө кайрадан "Эркин эмес" деген топко кайтарылган.

Акыркы жылдарда Орусия дагы Кыргызстан сыяктуу "Салыштырмалуу эркин" деген топтон эркин эмес мамлекеттер катарына кошулду, ал эми мурдагы советтик жумурияттардын ичинен Балтик жээгиндеги Латвия, Литва жана Эстония гана эркин болуп эсептелинет.

Жалпысынан алганда, быйыл тизмеге кирген 194 мамлекет жана аймактын ичинен жетимиш беши "эркин", элүүсү "салыштырмалуу эркин" жана алтымыш тогузу "эркин эмес" деп аталган. Жашаган калктын санын эске алганда, дүйнө элинин 17 гана пайызы эркин мамлекеттерде, 38 пайызы - салыштырмалуу эркин жана 45 пайызы эркин эмес мамлекеттерде жашайт. Үчүнчү топко эң көп салым кошкон өлкө - калкы бир миллиарддан ашык Кытай, ал эми мындан бир жыл мурдагы абал менен салыштырганда, эркин эмес мамлекеттерде жашаган элдин жалпы саны эки пайызга көбөйгөн.

Былтыркыга караганда абал беш мамлекетте жакшырды, алар - Украина, Ливан, Гватемала, Гвинея-Бисау жана Намибия, ал эми Кения менен Пакистандагы абал начарлап, алар "Салыштырмалуу эркин" деген топтон эркин эмес мамлекеттер катарына кошулду. Андан тышкары, эркин мамлекеттер катарында калган Италия жана Америка Кошмо Штаттарындагы абал дагы салыштырмалуу начарлаганы белгиленген.

Маалымат каражаттарынын абалы эң начар деп беш мамлекет аталган, алар - Мианма., Куба, Ливия, Түндүк Корея жана Түркмөнстан. Дагы алты мамлекет - Беларус, Гвинея, Эритрея, Судан, Зимбабве жана Өзбекстандагы абал өтө начар деп сыпатталган.

Отчетто Кыргызстан тууралуу өзгөчө айтылат жана "Фридом хаустун" изилдөөлөр боюнча деректири Кристофер Уокердин пикиринде, 24-марттагы ыңкылаптан кийин эми өлкөдөгү абал оңолушу мүмкүн: "Украина журналисттери жеткен ийгиликке Кыргызстандын маалымат каражаттарында иштеген адистер да жетүүнү эңсегени түшүнүктүү. Анткен менен, менин оюмча, отчет даярдаган адистер ошондой болот деп кепилдик бере албайт. Кыргызстанда азыр Улуттук сыналгы жана үналгы корпорациясын элдик ишкана кылуу талаптары айтылууда жана эгер ал демилге ишке ашса, анда ал кыргыз эли үчүн дагы, кошуна мамлекеттерде жашаган калк үчүн дагы чыныгы реформалар башталганынын белгиси болот", - дейт Уокер.

Бул жагынан алганда, докладдын авторлорунун пикиринде, Кыргызстан Украинанын жолун жолдогону жакшы.
XS
SM
MD
LG