Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

АЛМАЗ АТАМБАЕВ: "БИЗГЕ БИРДИКТҮҮ КЫРГЫЗСТАН КЕРЕК"


Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмаз Атамбаев 10-июлдагы президенттик шайлоого катышаарын, бирок эгер Феликс Кулов тил комиссиясынын сыноосунан өтсө анда өзүнүн талапкерлигин алып коёрун «Азаттыкка» берген интервьюсунда билдирди. Анын пикиринде коррупцияны жоюп, элдин жашоо-турмушун жакшыртууга реалдуу шарт түзүлдү. Ушундай шартта өлкөнү түндүк-түштүккө бөлбөй, мамлекеттин бүтүндүгүн, келечегин ойлогон адам бийликке келүүгө тийиш.

- Алмаз мырза, мындан бир апта мурда Москвадан кайтып келгенден кийин “АКИпресс” агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, “эгер Кулов өзүнүн талапкерлигин президенттик шайлоого койсо, мен анда катышпайм. Бирок башка бир формада катышам” деп айттыңыз эле. 10-июлдагы президенттик шайлоого кандай ролдо катышасыз?

- Биринчиден, мен эгер Феликс Шаршенбаевич Кулов койсо деп айткан жокмун. Эгер Феликс Кулов шайлоого катыша алса дедим. Жакшы болду - бул киши сот тарабынан акталды. Биз ал кишиге “сиз шайлоого катышпасаңыз болбойт” деп айтып атып көндүрдүк. Катышам деди. Бирок дагы эле ал кишинин тегерегинде оюндар бүтө элек. Мен ойлойм, акыркы оюндар лингвистикалык тил комиссиясында болот. Кудай буюруп, Феликс Шаршенбаевич ошол комиссиядан өтүп, президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алса, ошондон кийин мен өзүмдүн кандидатурамды алам. Бирок ага чейин мен да кандидат катары турбасам болбойт.

- Тил комиссиясынын түзүлүшүнө кандай карайсыз?

- Чындыгында бул комиссияны 2000-жылы жалаң эле Куловду өткөрбөйлү деп түзгөн. Аны баарыбыз билебиз. Эми аны алып коюш да кыйын болуп калыптыр. Анткени Конституцияга кирип калыптыр. Дүйнөдө бир да мамлекетте мындай комиссия жок.

- Өзүңүз да адабиятчысыз, комиссиянын өзүнүн объективдүүлүгүн кандай критерийлер менен бааласа болот деп ойлойсуз?

- 2000-жылы мурдагы комиссиянын экзаменинен өттүм. Бирок ошол эле убакта карасаңыз Нарындан мектепти бүткөн, кыргызча сайрап сүйлөгөндөр комиссиядан өтпөй калды. Нарында орус деле жок. Мисалы, Ишенбай Кадырбеков комиссиядан өтпөй калган. Ошого окшогон бир топ балдар, тили менен, кыргызча айтканда чемичкени чаккандар өтпөй калды комиссиядан. Ошондуктан өткөн комиссияны мен жакшы же жаман деп айта албайм. Бирок Акаевдин бийлигинин заказын, тапшырмасын аткарган. Бул комиссияны сунуш кылып ким берип атканын биз билебиз. Бул комиссияда тапшырмасы барбы, жокпу - билбейбиз. Ошондуктан азырынча бир нерсе деп айта албайм. Менимче, комиссия-сомиссия дебей эле - эл өзү баасын берсе болмок. Президенттикке талапкерлер баары тең элди кыдырып, эл менен жолугушат. Ошондо деле билинмек, кыргызча билгени жетиштүүбү, жокбу. Эми президент адабиятчы болушунун кереги деле жок. Мен го мейли, кыргызча ыр деле, аңгеме деле жазчумун. Президент болуш үчүн эң негизи экономиканы билиш керек, аны көтөрүш керек жана Кыргызстанда тартипти орнотуш керек.

- Кулов өзүнүн талапкерлигин коём дегенден кийин коомчулукта ар кандай пикирлер пайда болду. Бир пикир ушундай: эгер 24-марттагы ыңкылап болбосо Кулов дагы деле түрмөдө отурмак дешет. Бакиев, сиздер баштаган топтор ыңкылапты жасагандан кийин Кулов абактан чыгып туруп президентикке чыгам деп атканы кичине туура эмес болуп атат деген пикирлер бар?

- Айрым адамдардын революцияны биз кылдык, биз гана президент болушубуз керек дегени бул уят нерсе. Бизге Кыргызстанга революцияны мен кылдым же мен түштүктөн, мен түндүктөн дегендердин кереги жок. Бизге Кыргызстандын экономикасын көтөрө турган, Кыргызстанга тартип алып келе турган адамдар керек.

- Дагы бир маселе, ушул шайлоодо мамлекет экиге бөлүнүп кетүү коркунучу бар деген тынчсыздануулар болууда. Анткени Кулов өзү мындайча айтканда Чүйдөн, Бакиев болсо Жалалабаттан. Ушул маселе сизди тынчсыздандырган жокпу? Ушундан улам айтып атышат 15 жыл түндүктүн адамы башкарган, эми бийликти түштүктүн өкүлүнө бериш керек деген маселе болуп атат?

- Биринчиден, Акаевге окшогон адамдарды түндүккө же түштүккө, керек болсо кыргыз элине да кошсо болбойт. Өз элине жамандык алып келген адамдардын керек болсо улуту да жок. Ал эми Түштүккө реванш, бийликти бериш керек дегендерге мындай айткым келет. Азыркы күндө эки идея жүрүп жатат. Биринчи идея - он беш жыл түндүк башкарган, эми он беш жыл түштүк башкарыш керек деген оюн, спекуляция жүрүп жатат. Менимче - кыргыз элинде бир эле идея, бирдиктүү Кыргызстан болуш керек. Ким башкарса ошол башкарсын. Оштун Акташ деген айылынан бир адамдан уктум “керек болсо немис башкарсын, бирок тартип болсун, экономика өссүн” деген сөздү. Менимче дагы биз азыр түндүк, түштүк болуп бөлүшпөй, түштүктүн картасын ойнотпой, сөзсүз түштүктөн бирөө болуш керек дебешибиз керек. Негизи бизге элди ойлогон, уурдабаган, тартипти орноткон, экономиканы көтөрө турган бир адам керек. Бизге негизи бирдиктүү Кыргызстан керек. Анткени түштүк, түндүк бул Кыргызстандын эки канаты. Акаевге окшоп бир канатын күчөтүп, бир канатын сындырып койсок куш уча албай калат, жерге түшөт. Ошон үчүн эки канатын бирдей көргөн, регоналдык проблемадан алыс болгон адам керек. Мисалы, 30 жыл акырдан жем жегендерде оору бар: түндүк, түштүк деген. Биздин муунда мындай жок. Бизге Кыргызстандын түштүгү, түндүгү бирдей. Биз кыргызбыз.

- Ушундан улам айттыңыз, Кыргызстанды оор учурда башкарып кете турган лидер кандай адам болуш керек? Эми сиз эгер президенттик шайлоого катышсаңыз, Бакиев өзүңүздүн атаандашыңыз болушу ыктымал. Бакиевдин жакшы жактары, кемчиликтери кандай деп ойлойсуз?

- Мен ал кишиге сын-пикир айтпай эле коёюн. Кыргызстанга кандай жаңы президент керек? Жаңы муундан таза адам керек. Грузиянын жаңы президенти Саакашвили бир жылдын ичинде Грузиянын бюджетинин кирешесин беш эсеге көбөйттү. Демек бюджеттин кирешесин беш эсе көбөйткөндөн кийин, пенсияны, мугалим, врач, милициянын айлык акысын беш эсеге көбөйтсө болот. Ага кандайча жетишти? Таза адам келип уурдаган жок, тартипти орнотту. Бизге ошондой адам керек. Уурдабаган, алып-ичип көнбөгөн адам керек. Азыр Акаевдин үй-бүлөсүнүн чөнтөгүнө кеткен акчалар башка үй-бүлөнүн чөнтөгүнө кетпей, бюджетке барса бир жылдын ичинде эле биздин бюджеттин кирешесин эки-үч эсе көбөйтүп, беш эсе болбосо дагы, пенсия, айлык акыларды эки-үч эсе көбөйтүп коёт элек. Дыйкандардын салыктарын керек болсо эки-үч эсеге азайтып, ошол эле дыйкандарга берилген жардамды эки-үч эсе көбөйтүп коёт элек.

- Акаевдин мүлкү боюнча айтып калдыңыз. Ошондон улам суроо туулат. Мамлекеттик комиссия түзүлдү Акаевдин мүлктөрүн аныктоо боюнча. Ушул комиссия кандай жыйынтыкка келет деп ойлойсуз, пайдасы болот деп ишенесизби?

- Албетте мындай комиссия керек. 24-марттан кийин элибиз башка. Эгерде бул комиссия жөн эле шайлоо үчүн, популизм үчүн дайындалган болсо - көз кырыбыздан чыгырабайбыз. Эртели-кеч президенттик шайлоодон кийин деле сурайбыз, эмне болду, эмне кылдыңар деп. Анткени биз баарыбыз билебиз, биздин качып кеткен президент декларациясына жазган: үч бөлмө квартирам, эски машинем бар деп. Ошонусун калтырыш керек, калганын, эгерде аныкы эмес деп өзү жазып атса, аны мамлекетке, бюджетке бериш керек, албетте мыйзам аркылуу.

- Экс-президенттин кол тийбестигин сакташ керек деп ойлойсузбу?

- Кол тийбестигин сакташ керек, жаманбы, жакшыбы биринчи президент. Эртең эле ал президентти түрмөгө камап коёлу. Анда ал эки-үч жыл түрмөгө отургандан кийин олуя болуп, запкы чеккен адам болуп чыгат да. Акаевди Кудай урду. Кудай жазалаган жазадан артык жазаны эч ким бере албайт. Бул адам өмүрү өткөнчө бактылуу боло албайт. Ошондуктан бул адамды камайбыз, өлтүрөбүз дегендерге мен кошулбайм. Анткени биринчи президентти камасак, өлтүрсөк - экинчи президент да ошондой болот.

- Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева менен уулу Айдар Акаевдин депутаттык мандатынын айланасында аябай көп сөз болуп атат. Ушул маселеге кандай карайсыз, дегеле жаңы парламенттин иштеп жатканына көз карашыңыз кандай? Таратыш керек деген дагы демилгелер болуп жатат?

- Биринчиден, биз баарыбыз билебиз, кызы парламентке мыйзамсыз өткөн. Мыйзам бузуулар абдан көп болгон. Азыр аны башкы прокуратура карап жатат. Мен ойлойм, мыйзам ордуна келет деп. Уулу боюнча айтсак - жаңы Конституцияда мындай жазылган, парламентке ишке дайыма барбаган депутаттар мандаттан айрылат. Анын деле жолу бар. Жаңы парламентти алсак, таратыш керек деп атышат. Макул, парламентти таратып жиберип, эки-үч айдан кийин жаңы парламент шайлайлы. Бирок ачык айтканда - парламент элге жараша. Элибиздин бир тобу добушун сатып жиберди. Элибизди түшүнсө болот: добушун ачкөздүгүнөн эмес, жакырчылыгынан сатып атты, бирок сатып атты да. Эми эки-үч айдан кийин кайра шайлоо өткөрсөк, кайрадан добушун саткандар чыкпайт деп ким айта алат. Мен мисалы айта албайм. Ошондуктан менин оюм, Конституцияга, мыйзамдарга өзгөртүү киргизмейинче, парламент партиялык тизмелер боюнча шайланмайынча парламентти таратып, жаңы парламентти шайлайбыз десек элди ого бетер бузуп алабыз. Парламентке эмки шайлоо сөзсүз жаңы мыйзамдар менен өтүш керек.

- Конституцияга өзгөртүү боюнча демилгелер көтөрүлүп атпайбы. Муну сиз кандай ойлойсуз өзгөртүү-толуктоолорду президенттик шайлоодон кийин киргизиш керек деп эсептейсизби?

- Президенттик шайлоодон мурда үлгүрбөй да калабыз. Бирок сөзсүз президент болом деген талапкердин баары тең, биз президент болгондон кийин парламенттик республикага өтүшүбүз керек деген меморандумга кол койбосок болбойт. Анткени өткөн тарыхыбыз - 15 жыл көрсөттү: кандай гана жакшы адамдын колуна бийлик тийбесин, баарыбыз кыргызбайбыз да, үч-төрт жылда эле арзыматтар, кошоматчылар бузуп коёт экен адамды. Алтын баш бирөө келсе да карасаң эле айбан чыгып атат элин ойлойбогон, чөнтөгүн гана ойлогон. Анын артынан үй-бүлөсү, катын-баласы башкарып калат экен. Ошондуктан парламенттик республика болуш керек деп президенттикке талапкерлердин баары тең меморандумга кол коюш керек. Анткени гарантия жок. Мен ойлойм, алтын баш бирөө алса деле төрт-беш жылдын ичинде таптакыр бузулат. Мухаммед пайгамбардын сөзү бар “мен да адаммын, мен да адашам” деген. Ошон үчүн элдин келечегин ойлосок, сөзсүз парламенттик республика болуш керек. Анткени парламентте региондун баары бар. Парламенттин баарын эч качан сатып ала албайт.

- Сиз 2000-жылы президенттикке өзүңүздүн талапкерлигиңизди койгонсуз. Анда баарыга белгилүү Аскар Акаев башында турган бийлик административдик ресурстарды өтө катуу колдонгон. Эми дагы катышып атасыз. Бул жолку шайлоо таза, калыс өтөт, административдик ресурстар пайдаланылбайт деп ишенесизби? Азыр ошондой жагдай түзүлдүбү?

- Андай жагдай түзүлгөн жок. Таптакыр терс иштер болуп атат. Жанталашып аким, бажы постторго чейин жаңы бийлик кадрларды алмаштырып атканынан ойлоп атам жалаң эле административдик ресурсту колдонобуз деген ойлору бар деп. Анткени ошол эле беш жыл мурун президенттик шайлоого чыгып, аттанганымда Чүй облусунан мен жеңген болчумун. Бирок ошондо Чүй облусун башкарган губернатор Курманбек Бакиев баш болуп менин добуштарымды уурдап Акаевге алып беришкен, бул биринчиден. Экинчиден, андай тажрыйбалар албетте унутула элек. Бирок дагы бир жолу айткым келет, мен билем “Азаттыкты” түндүгү да, түштүгү да угат. Мен беш жыл мурун эле айтып чыккам, кадр маселесин Акаев абдан туура эмес чечип атат, 20 күч структурасында түштүктөн бир адам жок деп. Ошондо азыркы түштүктүн лидерибиз дегендер Акаевдин аркасынан чуркап жүрбөдүбү, бизди кордоп, тебелеп. Мына ошондо түндүктүн жигити Кулов түштүктүн жигити Текебаевди колдогон. Түштүктүн азыркы лидерлери Акаев менен кошо чуркап жүргөн бизди тебелеп. Керек болсо 2002-жылы Аксыда түштүктүн элин атып атканда, же Үзөңгүкуушту, Сохту берип атканда ким Акаевдин жанында жүргөн? Биз жүргөң эмесбиз. Анкени бизге түндүк, түштүк бирдей. Биздин элибиз. Биздин бир эле оюбуз бар: элибиз жакырчылыктан кутулсун, элибиз жакшы жашап кетсин, кайран элибиз. Ошондуктан кайрылат элем элибизге: айланайындар, ойлонгула бул жолу, бөлүнбөгүлө, жарылбагыла, бир элбиз...

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG