Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

ӨЛКӨДӨ КӨМҮСКӨ КҮЧТӨР БАРЫНА ИШЕНБЕГЕНДЕР ДА БАР


Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Курманбек Бакиевдин пикиринде акыркы мезгилде өлкөдө тартипсиздикти белдүү саясатчылар, алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары уюштуруп жатышат. Мындай көз карашын өкмөт башчы саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Мунун чындыгы канчалык?

Март окуясы парламенттик шайлоого аралаш пайда болгон массалык нааразылыкты кан буугандай токтото алган жок. Тескерисинче, саясий чөйрөдө март ыңкылабы деп аталган мамлекеттик чукул бийлик алмашуу талап-тоноолор, тармактык жана жергиликтүү бийликтерди, жер аянттарын басып алуулар, Жогорку сот имаратын ээлеп алуу өңдүү нааразылык чаралары менен коштолду.

Апрель айынын этегинде коопсуздук кызматын басып алуу аракети жасалып, Жогорку Кеңештин депутатына кол салуу фактысы катталды. Мындай көрүнүштөрдү убактылуу өкмөт өлкөнүн саясий стабилдүүлүгүн каалабаган күчтөрдүн жасаган иши катары баалап жатат. Мындай пикирин президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Курманбек Бакиев акыркы жолу саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда белгиледи.

Март окуясынан кийинки ар кандай жагдайларды өз кызыкчылыгына пайдаланган күчтөр бар экенин Жогорку Кеңештин №21-Токтогул шайлоо округунан шайланган депутаты Таирбек Сарпашев билдирди:

- Талаш-тартыштын, келаткан президенттик бийлик үчүн күрөштүн чордону бүгүнкү убактылуу бийлик жана парламенттин айрым депутаттарынын айланасында болуп жаткандыгы таңкалыштуу нерсе эмес. Анткени, ошол парламенттин ичинде көптөгөн саясий күчтүн колдоосу менен келген депутаттар бар. Ошондуктан, бул табигый нерсе. Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин тынчыбай атканы айрымдары мандат үчүн сотту отставкага кетирип, өзүнүн сотун алып келе коюп, ишти ал аркылуу чечүү маселеси туруп атпайбы. Муну пайдаланган күчтөр бар.

Бирок, Таирбек Сарпашев өзүнүн атаандашы Токтосун Мадияров кандайдыр бир саясий күчтөрдүн кызматын кылып жатканына ишенбейт. Токтосун Мадияровдун шайлоочулары он күнгө чукул убакыттан бери Жогорку Соттун имаратында нааразылык чараларын уюштурушууда.

Кыргызстан коммунисттеринин кош партиясынын биринин лидери Клара Ажыбекова болсо март окуясынан кийин ушундай жагдайдын түзүлүшүнө ыңкылаптын толук кандуу ишке ашпай калышы себепкер дейт. Анын айтымында, биринчиден, элдин парламентти таркатуу аракети ишке ашпай калды. Экинчиден, чыныгы ыңкылаптагыдай түп-тамырынан бери өзгөрүү болгон жок. Бул айрым күчтөрдүн жагдайды өз кызыкчылыгына пайдаланышын шарттады. Бул жагынан Ажыбекова Бакиевдин пикирине кошулат:

- Ушундай күчтөр бар. Мен да ошондой ойлойм. Алар кимдер? Алар - биринчиден, мурунку режимдин кишилери. Алар өкмөттө да бар. Парламентте да бар. Бардык структурада, чынын айтканда, Акаевдин режиминин кишилери топтолтура. Экинчиден, президенттик шайлоого байланыштуу дагы саясий күчтөр бар. Мен аты-жөнүн айта албайм. Аларды санап, билип алса деле болот. Алар жаңы бийликтин күчү аз, мүмкүнчүлүгү жок, элди башкара албайт, алардан көрө биз кыйынбыз, тартип алып келебиз деген күчтөр. Аларды колдогон топтордун акчалары көп, мүмкүнчүлүктөрү чоң, чоң мамлекеттер менен тымызын катнаштары бар. Ошон үчүн булар саясий технологдор менен дыкат иштеп жаткандай туюлат мага.

Клара Ажыбекованын оюнда азыр Октябрь революциясынын учурундагыдай эле март ыңкылабынан кийин да айрым саясий күчтөр тоскоол жасоо аракетине өтүшүүдө. КДК саясий партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев мындай көз караштын чындыгы барына жер басып алуучулар менен кошо жүрүп ынандым дейт. Алардын арасынан бийлик менен элди кайраштыруу же дагы башка максаттарды көздөгөн саясий ураандарды байкабай коюу мүмкүн эмес.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевдин оюнда 24-марттан кийинки бардык кыймыл-аракеттер саясатка, анын ичинде президенттик такка аргасыз байланды. Депутат ошондой эле бейтартиптикти далалдебей туруп, Жогорку Кеңештин депутаттары менен байланыштыруу бийликтин бир бутагына шек келтирүү деп эсептейт. Темир Сариевдин ырасташынча, март окуясынан кийин элдин ишенимин актоо үчүн бийлик курчураак болушу керек:

- Жаңы өкмөт бир топ мококтугун көрсөтүп жатат. Эң негизгиси мыйзамдын, анан тартиптин жогу болуп атат. Мына жума күнү саламаттык сактоо министрлигинин имаратын басып алышты. Ушундай жол менен кетип отурсак эми мектептеги окуучулар деректирдин, завучтардын кабинеттерин басып алышат, мугалимдерди кереги жок деп айтышат. Муну менен биз анархияга жол ачып коюп атабыз. Мунун баарын биз токтотушубуз керек.

Укук коргоочу Турсунбек Акун азыркы жаңы келген бийликке бут тосуп жаткан кандайдыр бир күч жок деген ойдо. Анын пикиринде элдик ыңкылаптан кийин өлкөнү башкарууну убактылуу мойнуна алган Курманбек Бакиев мурдагы президент Аскар Акаевдин катачылыгын кайталап, кимдир бирөөнө күнөөнү артпашы керек. Бул анын аброюна тескери таасир этип калышы ыктымал:

- Бул ката көз караш деп эсептейм. Негизи жок… Эч бир саясатчы артында турбайт. Эч кандай үчүнчү күч жок. Көп жылдар басылып келген проблема март окуясынан кийин эшикке чыгып атат. Ошону тияк-биякка шылтоолобой, чечкенге аракет кылышыбыз керек,- дейт Бакиевдин саясатын буга чейин колдоп келген, дагы колдой тургандыгын эскерткен Турсунбек Акун.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG