Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

ТАЙВАН ОППОЗИЦИЯСЫ КЫТАЙДА СҮЙЛӨШҮҮ ЖҮРГҮЗҮҮДӨ


Тайвандын оппозиция лидери ушул күндөрү Бейжинде кытай жетекчилери менен элдешүү жаатында сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Ушуга байланыштуу Тайван президенти Чен Шуибиаң Кытайды сүйлөшүүлөрдү өзү менен жүргүзүүгө чакырды.

Өткөн жума күнү Бейжинде Кытай президентинин Тайвандын улутчул Куанминтаң партиясынын төрагасы менен кол алышуусу тарыхый окуя болуп калды. Кытай менен теңата мамиле түзүүнү туура көргөн Тайвандын президенти буга ачык каршы чыкпастан, Кытайды Тайвандын расмий бийлиги менен мамилесин улантууга чакырды:

- Кытай Тайвандагы кайсы партия же жеке адам менен жолукпасын, Бейжиндин өкмөтү акыры Тайвандын эли шайлаган жетекчи менен сүйлөшүүгө тийиш болот. Орток мамилени жөнгө салуунун кадыресе байланыш каналдарын ачуунун туура жолу ушул, -деди Чен Шуибиаң

Лиен Чаң жетектеген Тайвандын Куанминтаң улутчулдар партиясы менен Кытайдын коммунисттик партиясы ондогон жылдардан бери кас мамиледе болуп келген. Ички согуштан кийин Куанминтаң 1949-жылы коммунисттерден жеңилип, жетекчилери Тайванга качып, ошол жакта өз алдынча мамлекет негиздешкен. Бирок Тайванды эч качан тааныбаган Кытай аны өз аймагы деп эсептейт.

Мына ошол эле партиянын жетекчилери өткөн аптада ынтымакты бекемдеп, Азиянын эң кооптуу аймактарынын биринде согуш чыгып кетүүсүнө жол бербөөгө кол алышты. Лиан Чаң менен Кытайдын президенти Ху Цзинтао экөө тең 1999-жылы токтоп калган сүйлөшүүлөрдү кайра жандантуу керек деген пикирин билдиришти. Алар бирдиктүү базар куруп, соода жана инвестиция байланыштарын жакшырталы деп макулдашты.

Албетте Бейжин менен Тайван оппозициясынын мындай биримдиги Тайвандын президентине Кытай менен элдешүүгө кысымды күч алдырат. Бейжин "Бир Кытай" саясатын кабыл албаган Чен Шуибиаң менен сүйлөшүүдөн баш тартып келатат.

Лиен Чаңдын сынчылары анын Кытайга барышы Кытайдын өз атаандаштарын ичинен бөлүп-жаруу саясатына кошумча болуп жаткандыгын белгилешүүдө. Ал эми Лиендин колдоочулары анын Бейжин сапары ортодогу чыңалууну жандырууга жардам болду деп эсептешет. Чеңдин Демократиялык прогрессивдүү партиясы жана Тайван өкмөтүнүн мартабалуу өкүлдөрү Лиенди Тайвандын суверендүүлүгүн бекемдөөдөн тайды деп күнөөлөп жатышат:

- Тең салмактуулукту жана демократиялык өнүгүүнү сактоо менен гана эки ортодогу айырмачылыктарды азайта алабыз,- деп айткан Чең Кытайга барганда Лиендин Тайвандагы демократиялык өнүгүүнү ашыкча сынга алды деп кине такты.

Лиең Чан 1949-жылдан бери Кытайга келген Куоминтаңдын алгачкы жол башчысы болуп калды. Ал Кытайда алгач өзү туулган Ксиаң шаарына барып, кийин Шанхайга учту. Дүйшөмбүдө Лиан Кытайдын Тайван боюнча баш өкүлү менен жолугуп, эртеси мекенине кайтканы жатат.

Кытай гезиттери анын келишин "чоң кадам" деп мүнөздөштү. Бирок мамлекеттин көзөмөлүндөгү маалымат каражаттары Кытай-Тайван түйүнү али чечиле элек деп жазды.

XS
SM
MD
LG