Курманбек Бакиевдин айтымында, өкмөт төрт негизги маселени чечүүгө тийиш. Алар: авторитаризмдин кайталанышына жол бербеген бийлик системасын түзүү, коррупциянын тамырын кыркуу, экономиканын өсүшүн камсыздоочу жаңы экономикалык саясат жүргүзүү жана жаш саясатчыларды жетекчиликке алып келүү.
Бийлик системасында президент менен өкмөттүн ыйгарым укуктары кайра бөлүштүрүлүүгө, партиялар Жогорку Кеңешти түзүүгө көбүрөөк катышууга тийиш. Коомчулуктун бийликти катуу көзмөлдөөсүн камсыздоочу механизмдер түзүлүп, сот системасын экономикалык жана саясий көз карандылыктан бошотулууга тийиш, деп белгиледи Бакиев. Ал экономикалык саясатта жер байлыктарын, суу-энергетика ресурстарын, жерди натыйжалуу пайдалануу, салык саясатында туруктуулук зарыл деген оюн билдирди. Өлкө биримдиги, эгемендүүлүгү тууралуу Бакиев:
-Өлкөгө эгемендүүлүктү кайтаруу зарыл. Эларалык милденттенмелер аткарылып турган убакта эч кимдин Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүсүнө укугу жок. Кыргызстан элинин биримдиги биздин негизги күчүбүз. Түндүк жана түштүк эмес, бир гана өлкө бар.
Өкмөт башчынын сөзү туура, бирок ишке дал келеби деген сынын азыркы бийликтин башкы оппоненти Феликс Куловдун шакирти Эмил Алиев билдирди:
-Кайрылууда Курманбек Салиевич бир топ жакшы нерселерди айтты. Бирок, тилекке каршы, азыркы бийликтин, же болбосо алардын өкүлдөрүнүн саясаты башкача болуп атат. Акаевдин доорунда да ошондой болгон. Акаев бир нерсени сүйлөсө, башкасы тескери жасайт.
“Арнамыс” партиясынын өкүлү тартипти орнотуудагы Куловдун эмгеги эскерилбеди, кадр саясатында аксоолор болуп жатат, бийлик шайлоого административдик ресурсту пайдаланууга киришүүдө деген пикирин билдирди.
Президенттик шайлоого талапкер катары катышаарын жарыялаган КДК партиясынын лидери Жыпар Жекшеев кайрылуудагы маалымат каражаттарына байланыштуу ойлорду колдоорун, бирок партиялардын ирденүүсүнө убакыт керек дегенине кошулбасын билдирди:
- Ага эч кандай убакыттын кереги жок. Ал жөн эле шылтоо. Саясий партияларды чыңдоонун бир гана жолу бар. Шайлоо системасына пропорционалдык-мажоритардык системаны киргизүү керек. Саясий партияларга парламентте 50% эмес, кеминде 60% орун берилиш керек. Ошондо партиялар күчтөнүп алат.
Анын пикиринде Кыргызстанда азыркы бийлик президенттик-парламенттик бийлик системасын орнотууга аракеттенүүдө, бизге тескерисинче парламенттик-президенттик бийлик системасы керек. Биз ошондой эле Кулов сунуш кылган парламенттик бийлик системасын курууну да колдобойбуз деген пикирин ачыктады:
-Кулов айткандай парламенттик республика болсун дегенге кошула албаймын. Себеби биздин саясий маданиятыбыз ага жете элек. Мен айтат элем, качан гана саясий партиялар бекемделип, саясий партиялар аркылуу парламентке шайлоо өткөндө, ошондо гана парламенттик республика жөнүндө сөз кылсак туура болот. Ал эми бүгүнкү түшүнүксүз кырдаалда, бүгүнкү парламенттин курамын карап туруп, Куловдун парламенттик республика кылабыз дегенге мен такыр кошула албаймын.