Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

ПРЕЗИДЕНТ ВИКТОР ЮЩЕНКОНУН 100 КҮНҮ


Шейшембиде Украинанын мамлекет башчысы Виктор Ющенконун бийликке келгенине 100 күн болду. Бул убакыттын ичинде Ющенконун популярдуулугу эларалык сахнада да, үйүндө да артууда. Бирок ийгиликтер менен бирге бир топ пробелмалар да кала берүүдө. Жаңы өкмөттүн экономикадагы соңку административдик иш-чаралары экономисттердин, жергиликтүү оппозициянын сынына кабылды.

Саргылжын революциянын толкунунда бийликке келген Виктор Ющенко 100 күндөн киийн да Украинанын эң популярдуу саясатчысы бойдон кала берүүдө. Жергиликтүү фонддордун бири жакында өткөргөн сурамжылоого ылайык, анын калк арасындагы алымдуулугу 60 процентке жакын.

Киевтеги Евроатлантикалык кызматташуу институтунун аналитиги Володимир Хорбах Ющенконун популярдуулугу мындан ары да өсө берет деп эсептейт:

- 100 күндөн бери президенттин популярдуулуг өстү. Себеби украин калкы бул мамлекет башчыга, ал сунуш эткен саясий стандарттарга ишеним көрсөтүүгө даяр.

Ющенконун алгачкы 100 күнү жаңы бийлик бир нече өңүттөн алганда мурдагы администрациядан айырмаланаарын көргөздү дешет байкоочулар. Маселен, лондондук саясий аналитик Стюарт Хензель Ющенконун мыкты команда түзүүдөн баштаганын белгилейт:

- Президент анын командасы жана ал өзү Леонид Кучмадан мураска калган проблемаларды чечүүгө олуттуу көңүл бураарынан маанилүү ишара берди.

Ющенко коррупцияга каршы күрөшө баштады, саясий процесстердин тунук болушу үчүн аракеттенип келатат. Эл дал ушуну каалайт, - деген пикирде аналитиктер.

Өкмөт Кучманын администрациясында эмгектенген расмий адамдардын иштерин карап чыгууга убада кылган. Алардын айрымдарына каршы жакында кылмыш иштери козголду.

Ющенко жүргүзгөн тышкы саясат өзгөчө жемиштүү болууда. Президент алгачкы 100 күндүн ичинде чет мамлекеттерге сапар менен 12 жолу барып келди. Юшенко анын өлкөсү Евробиримдик менен НАТОго кошулууга ниеттүү деп жарыялады.

Хензель Ющенко Украина менен Батыштын өз ара мамилелерине жаңы дем берди дейт:

- Менимче, ал Украина кандай шерик боло алат деген кеңири көз карашты өзгөртүүгө жетише алды. Ющенко тышкы саясат боюнча мыкты кеңешчилерден турган команда түзө алды

Жылдын этегинде болсо Киев Дүйнөлүк Соода уюмуна кошулууну көздөп жатат.

Ющенконун Россия менен алакаларды өнүктүрүү арактетери да бир топ ийгиликтүү болду, - деп кошумчалайт Хензель.

Бирок бензин, тамак-аш бааларынын жогорулашынын кесепеттерин азайтууну көздөгөн өкмөттүн соңку административдик иш-чаралары оппозициянын, экономисттердин сынына туш болду.

Мартта кабыл алынган жаңы бюджетте пенсияларга бөлүнгөн каржат 25 процентке, социалдык төлөмдөрдүн көлөмү 57 процентке көбөйтүлгөн.
Натыйжада, элдин киршеси 25 процентке чейин жогорулады. Аны менен бирге, биринчи кварталда инфляция 4,4 процентти түздү.

Аналитиктер Ющенко өз шайлоочуларына берген убадаларын аткаруу үчүн ушундай чараларга барууга аргасыз деп ырасташат.

XS
SM
MD
LG