Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

ПРЕЗИДЕНТТИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ КУРМАНБЕК БАКИЕВ ЖАЛАЛАБАТ ОБЛУСУНДА БОЛДУ


3-майда президенттин милдетин аткаруучу, премьер -министр Курманбек Бакиев иш сапары менен Жалалабат облусунун Аксы жана Алабука райондорунда болду. Аксы районунда 2002-жылдын 17-мартында алты адам курман болгон жерге барып, алардын арбагына таазим этип, 24-марттагы элдик төңкөрүш Аксыдан башталганын белгиледи. Райондун борбордук аянтында үч миңден ашуун адам менен жолугушуп, өкмөттүн азыр жүргүзүп жаткан иштерине токтолуу менен чек ара, миграция, бажы, коррупция, жер-жерлердеги кызмат талашуу, казыналык мекемелерде иштеген кызматкерлердин айлык акыларын көтөрүү маселелерин козгоду.

Президенттин милдетин убактылуу аткаруучу, өкмөт башчы Курманбек Бакиев адегенде Аксы районундагы Боспиек деген жерге барып, 2002-жылдын 17-мартында милициянын огунан ажал тапкан алты адамдын арбагына таазим этти. Бейкүнөө шейит кеткендерге куран окулгандан кийин чогулган 500 адамдын алдында сүйлөп, 24-марттагы элдик төңкөрүш үч жыл мурун Аксыда башталганын белгиледи.

Курманбек Бакиев район борборунда үч миңден ашуун адам менен жолугушуп, өкмөттүн бүгүнкү жүргүзгөн иштери тууралуу баян курду. “Эл аралык толеранттуулук” корунун Аксыдагы бөлүмүнүн менеджери Абдраим Акматбековдун ырасташынча өкмөт башчы коррупцияны ооздуктоо, чек арадагы талаш жерлерди, бажы маселелерин мыйзам жолу менен чечүү, миграция проблемаларын козгоп, топ-топ адамдардын жер жерлерде башчы шайлоо өнөкөтү жайылып баратканы туура эместигине токтолду:

- Коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштер чек ара жана бажы, миграция, паспорт алуу маселелер боюнча кеңири пикир алышты. Кээ бир райондогу жетекчилерди мыйзамсыз алмаштырып жаткандыгы туура эмес экендигин айтып өтүп, элди мыйзамды сыйлоого чакырды. Ошол жерге барып куран түшүргөнү өтө жакшы маанайды түздү.

Курманбек Бакиев мугалимдер менен дарыгерлердин 15 пайыз көбөйгөн маяналары жашоо талабына туура келбегендиктен, дагы көбөйтүлүүгө муктаж экенин билдирди. Райондогу «Энелер кыймылы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Дилбар Момункулованын айтымында жаштарга камкордук көрүү, жумушсуздук менен оор турмуштун айынан Орусия, Казакстанда жүргөн жарандарды өлкөгө кайтарууга аракет болоорун белгиледи:

- Аксы элинин суроолору эң негизги суроолор болду деп ойлойм. Себеби Кыргызстандын келечеги үчүн акыйкат жолу менен иш алып баруу, бюджетти карап чыгуу, коррупция менен күрөшүү тууралуу сөз болду. Элге жаккан дагы бир нерсе, Орусияга, Казакстанга, жер-жерлерге тирилик үчүн кетип калган атуулдарыбызга, жаштарга кайра Кыргызстанга иштеп берүү үчүн шарт түзүү болду.

Жергиликтүү калк талаа жумуштарына зарыл каражаттар менен курулуш материалдарынын кымбаттыгын жана жашоонун оордугун, айыл жолдору бузулуп, нечен жылдан бери Актерек каналы курулбай, таза сууга, үрөн, күйүүчү майларга муктаждыгын айтышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын бири Сатылган Арапбаевди уксак:

- Биз бүгүн Бакиев менен жолугушуп, эң жакшы пикир алыштык. Ага Актерек каналын бүтүрүү, дыйканчылыкты өнүктүрүү, жумушсуздукту арылтуу тууралуу суроолорду берип, ынанымдуу жоопторду алдык.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG