Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:52

КУРМАНБЕК БАКИЕВ ОШ ШААРЫНДА БОЛДУ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 4-май күнү президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев Ош шаарында иш сапары менен болуп, борбордук аянтта коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу учурунда социалдык-экономикалык проблемалар, кадр саясаты, коррупция жана паракордук менен күрөшүүнүн жолдору сыяктуу маселелер талкууга алынды.

Ош шаарынын борбордук аянтындагы расмий жолугушууга коомчулуктун үч миңден ашуун өкүлдөрү чогулушту. Курманбек Бакиев менен бирге Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров жана Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары кошо келишти. Мурдагы расмий жыйындардан айырмаланып аталган жолугушууда атуулдар Курманбек Бакиевге, депутаттарга жана өкмөт мүчөлөрүнө болгон суроолорун түздөн-түз жана кагаз жүзүндө эркин бергенге мүмкүнчүлүк алышты. Суроолордун көпчүлүгү жаңы бийликтин коррупция жана паракорчулук менен күрөшүүдөгү иштерине байланыштуу болду. Бул боюнча Курманбек Бакиев мындайча жооп берди:

- Бардыгы эле паракордукту токтотуп, түз иштеп калды деген сөздөн алысмын. Дагы эле бар. Эми өзүңөр түшүнсөңөр ушунча жылдан бери чөнтөгүнө иштеп жүргөндөр бир-эки айдын ичинде эле өзгөрүп кетпейт, булардын бардыгын жок кылыш кыйын экен. Ошондуктан биз ал багытта иштеп жатабыз. Жыйынтыктар бар.

Чыгып сүйлөгөн атуулдардын көпчүлүгү элдин жашоо шартын көтөрүү, адилеттүү башкаруу жана социалдык теңдик багытында жаңы бийликтен көп нерселерди үмүттөнүп жатышкандыгын айтуу менен бул багытта өкмөттүн чечкиндүү чараларын күтүп жатышкандыгын билдиришти.


- Чоңдорубуз эгер чындап эл үчүн иштеймин десе иштесин, “Жигули” менен, же жөө барып иштеп берсин. Эмне үчүн мекенди коргогону келгенде карапайым калк, дыйкан барышы керек, ал эми жегенге келгенде эле чоңдордун балдарына керек. Биз канча кайрылдык. Ушул маселени да карап берсеңиз, - деген пикирин билдирди Ош шаарынын тургуну Талант Касиев.

Андан соң жыйындын бир катар катышуучулары сот, милиция жана башка күч органдарындагы жетекчи кызматтарда мурдагы эле таза эмес адамдар отурушкандыгына нааразы экендиктерин айтышты. Өкмөт башчысы Курманбек Бакиев бул багытта жагдайды мындайча түшүндүрдү:

- Сот бийлигине, укук коргоо органдарына бир топ нааразычылыктар элдин арасында көп. Силер түшүнөсүңөр, буларды бир айдын ичинде түп тамырынан жок кылыш кыйын. Ошондуктан буга бир топ убакыт керек. Биз анын үстүнөн иштеп атабыз. Кудай кааласа жыйынтыгы болот деп ишендирип кете алам.

Ал эми башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров Акаев доорунда жаап жашырып келген оор кылмыштардын бети ачылып жаткандыгын жана ал жакынкы күндөрдө жалпы журтчулукка белгилүү боло тургандыгын айтып өттү:

- Чоң кылмыштар боюнча айтайын, 93-жылкы “Кыргызалтындын” эки тонна алтыны, “Күмтор”, банктар, Жибек жолу, Гималай боюнча. Андан башка Аксы окуясына окшогон чоң-чоң кылмыштар. Азыр биз токтотулуп, жашырылып жаткан кылмыштарды кайрадан козгоо үчун тергөө тобун түздүк. Бүгүнкү күндө тергелип жатат.

Жолугушуу эки жарым саатка созулуп, бул аралыкта коомчулуктун жыйырма беш өкүлү сөз сүйлөдү. Премьер-министр Курманбек Бакиев атуулдардын кагаз жүзүндө берилген 356 суроосуна жооп берди.

XS
SM
MD
LG