4-май күнү кечке жуук Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Султан Айжигитов Фергана облусунун башчысынын орун басары Гонижан Рустамов менен окуя болуп жаткан аймакта жолугушуп, ар бир тарап өз элин тынчтандырууга, чырды ырбатпай тез арада токтотуу чараларын көрүү тууралуу сүйлөшүшкөн эле.
Бул аймактагы кыргыз айылдарын облус борбору менен байланыштырган жолдогу көпүрөнү өзбек атуулдары таштар менен тосуп салгандыктан, бир катар айылдардын жашоочулары Баткен шаарына айланма, жаман жолдор менен каттоого аргасыз болууда. Көпүрө Чарбак жана Хушяр айылдарынын ортосунда жайгашкан.
Баткендеги “Ынтымак” деп аталган бейөкмөт уюмдун кызматкери Жылдызбек Амиралиевдин айтымында Чарбак айылынын жашоочулары 4 күндөн бери суусуз. Кошуна Согмент айылына каттап окуган окуучулар да мектепке бара албай отурушат.