Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

“ЦЕНТЕРРА ГОЛДДУН” ҮСТҮНӨН КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ


Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Канаданын “Кумтөр корпорейшин” корпорациясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда “Центерра голд компани” фирмасын түзүү келишими боюнча кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратура келишим кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын көздөгөн эмес деп эсептөөдө.

Дүйнөдөгү эң ири 10 алтын кендин катарына кирген «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча Канаданын «Камеко» корпорациясы менен келишим 1992-жылы түзүлгөн. Ал кыргыз коомчулугунда кескин сынга алынган. Ага карабай кен иштетилип, 1997-жылдын май айынан тарта алтын казылып алына баштаган. Вице-премьер-министр Данияр Үсөновдун маалыматы боюнча, ошол кезден бери «Камеко» Кумтөрдөн 207 тонна алтын казып алып, аны 2 миллиард 300 миллион долларга саткан. “Кумтөрдүн” акциясынын 70 пайызы кыргыз өкмөтүнүн колунда турганына карабай Кыргызстанга 2 миллиард 300 миллион доллардын 0.5 пайызы, же 107 миллион доллар гана тийген.

Мурдагы кыргыз өкмөтү 2003-жылы «Камеко» менен жаңы келишимге барып, Кумтөр кенинин негизинде «Центерра голд инк» биргелешкен ишканасын түзгөн. Бул жолу жаңы ишкананын акциясынын 33 пайызы Кыргызстанга, калганы Канаданын «Камеко» корпорациясына тийген. Мурунку Жогорку Кеңеш бул келишимге каршы чыгып, аны токтотуу талабы менен үч токтом кабыл алган. Андан сырткары мурунку президент Аскар Акаевге да ошол кезде кайрылуу кабыл алынган. Ал тууралуу Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Орозбек Дүйшеев мындай пикирин билдирди:

- Бул маселе боюнча президентке кайрылуу жасаганбыз. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн «Кумтөр» алтын долбоорун реструктризациялоо боюнча чечими эл кызыкчылыгына каршы келип, мамлекетке зыян келтирерине көңүл бурулсун дегенбиз. Бирок президент да, өкмөт да бул маселени аткарбай коюшту.

Дүйшеевдин айтымында, «Центерра голду» түзүү менен эле Кыргызстан 350 миллион доллар зыянга учурады. Эми абал ушул бойдон калса Кумтөрдөгү алтын комбинаты «Центерра голддун» менчигинде калат. Эгерде Кыргызстан кийинчерээк Кумтөрдөгү калган алтынды жабык жол менен өз алдынча казып алууга аракет жасаса, анда комбинатты сатып алууга мажбур болот. Маалым болгондой канадалыктар Кумтөрдөгү алтындын каймагын калпып алып, ал эми жабык жол менен алынчу бөлүгү кымбатка турат деп, андан баш тартуусу толук ыктымал.

«Центерра голд инктин» түзүлүшү боюнча мурунку биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиевдин пикири төмөнкүчө:

- Мен бул ишти такыр билбейт экенмин. Ага такыр катышкан эмесмин. Эгерде күмөндүү жагы болсо сөзсүз караш керек. Баары ачык болуш керек. Ким ката кетирсе ошолор жооп берүүгө тийиш.

Ал эми Башкы прокуратура «Центерра голд инкти» түзүүдө кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына доо кеткендигине байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокурордун орун басары Учкун Каримов буларга токтолду:

- Кылмыш иши пайдалуу эместиги алдын ала белгилүү болгон келишимге кол коюлгандыгы үчүн козголду. Парламент ал келишимге каршы болуп, бир нече токтом кабыл алган. Бирок ал аткарылган эмес.

Убактылуу өкмөттүн башчысы Курманбек Бакиев менен апрель айынын соңундагы жолугушууда «Центерра голд инктин» президенти Лен Хоменюктун өтө тынчсызданганы байкалган. Андан көп узабай эле «Камеко» Ысыккөл облусуна 34 миллион сом жардам иретинде бөлүп берген. Ал эми 1997-жылдан бери «Камеко» бул облуска 84 миллион сом гана бөлгөн эле.

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова «Камекого» атуулдук коомдун өзүнчө кинеси, анын ичинде Барскоондогу трагедия боюнча суроосу бар экенин билдирген. Ал эми Орозбек Дүйшеевдин эсеби боюнча Барскоон трагедиясында «Камеко» Кыргызстанга 100 миллион долларлык зыян алып келген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG