Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

ОСАМА БЕН ЛАДЕНДИ ТУТУУ ОҢОЙ ИШ ЭМЕС


Пакистанда “ал-Кайида” тармагынын жетекчилеринин бири саналган Абу Фараж ал-Либбинин камакка алынганын мурда кабардаган элек. Бул окуяны АКШнын жетекчилиги да, Пакистандын расмий чөйрөсү да өтө олуттуу жеңиш катары баалады. Бирок террорчулукка каршы күрөш боюнча адистердин бир даары теги ливиялык «ал-Либбинин колго түшүшү Осама Бен Ладендин кармала турган күнүн жакындатты» деген жоромолдордун чындыкка айланаарына күмөндөр экенин билдирүүдө.

Расмий Исламабад “ал-Кайида” террорчулар тармагынын үчүнчү ири жетекчиси катары жоромол кылынган кишинин – 1965-жылы туулган Абу Фараж ал-Либбинин камакка алынгандыгы үчүн расмий Вашингтондун кезектеги жылуу сөзүнө арзыды.

4-майдагы сөзүндө АКШ президенти Жорж Уокер Буш кармалган ливиялык жоочу тууралуу мындайча баасын берди:

- Ал-Либби Осама Бен Ладендин башкы генералы болчу. Ал “ал-Кайида” террордук тармагынын башкы сүрөөнчүсү жана башкы уюштуруучусу болгон. Анын камакка алынышы Америкага жана эркиндикти самаган башка күчтөргө түздөн-түз коркунуч туудурган кас душмандын капаска түшүшү болуп саналат.

Буштун айтымында, пакистандыктар мыкты чалгындоо маалыматына таянып, бул чараны иштиктүү түрдө жүзөгө ашырышты.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс айым да ал-Либбинин камакка алынышына жогорку баасын берди:

- Бул киши – биз ар күнү сары изине чөп салып байкоого алгандардын бири. Террорчулукка каршы согуш үчүн өзгөчө алектенген биздин тарабыбыз үчүн ал “ал-Кайида” тармагынын өтө маанилүү өкүлү.

Пакистан бийлиги колго түшкөн ал-Либбини президент Первез Мушаррафтын өмүрүнө кол салуу үчүн жасалган эки жолку аракетти түздөн-түз уюштурган, ошондой эле бир катар террордук чабуулдардын артында турган террорчу катары айыптоодо. Мушаррафтын өмүрүнө кол салуу аракеттери 2003-жылы декабрда болгон.

Кошмо Штаттардын чалгын кызматынын жетекчилигинин жоромолуна караганда, 2003-жылы март айында Халид Шейх Мухаммад аттуу жоочу камакка алынгандан кийин ал-Либби “ал-Кайида” тармагын жетектеген үчүнчү ири төбөл болуп калды.

Пакистандык коопсуздук күчтөрүнүн жетекчилиги болсо ал-Либбини соңку учурларда “ал-Кайиданын” башчысы Осама Бен Ладен менен Пакистандын ичинде иш-аракет жүргүзгөн террорчулардын өз ара байланышын камсыз кылган негизги киши катары жоромолдойт.

Бирок кээ бир пакистандык адистердин “Осама Бен Ладендин кармалышы үчүн ал-Либбинин тутулушу олуттуу мааниге ээ” деген ойлоруна кошулбаган адистер да арбын.

Маселен, “Jane’s Defense Weekly” басылмасынын кабарчысы Раул Беди “Азаттыкка” мындай дейт:

- Мен Осама Бен Ладенди издөөгө алуу – ал-Либбини колго түшүрүүдөн таптакыр башка нерсе деп айткан адистерге кошулаар элем. Америкалыктар менен пакистандыктар “ал-Кайиданын” жогорку бир төбөлүн колго түшүрүп камаса эле, бул сыяктуу жагдай Осама Бен Ладендин заманасын кууруп жиберет деп айтууга болбойт.

Раул Бединин оюнча, АКШ аскерлери Ооганстанга чабуул койгон учурдан бери “ал-Кайида” террордук тармагынын ири уюмдары өтө майда топторго бытырап бөлүнүп кетти. Ар бир топчодо төрт-бештен, ашып кетсе ондон киши бар. Бул топтор бири-бирине көз каранды эмес, бири кыйратылса, экинчиси андан дээрлик зыян тартпайт, дейт Беди мырза.

Ал эми АКШнын Борбордук чалгын кызматынын ардагери Гари Шрөендин (Gary Schroen) оюна караганда, Осама Бен Ладен мусулман коомчулугунун бир кыйла бөлүгү үчүн тим эле эсирген байларга каршы күрөшкөн орто кылымдардагы жомоктук баатыр сыяктуу сезилет. Ошондуктан расмий Исламабад Осама Бен Ладендин өзүн кармап, айрым мусулмандардын каарына калгандан көрө, андан майдараак чабак болгон ал-Либбини колго түшүрүүнү эп көрөт, - дейт Шрөен.

XS
SM
MD
LG