Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

ТҮРКИЯНЫН ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ АБДУЛЛАХ ГҮЛ КЫРГЫЗСТАНДА


Март окуясы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтык мамилеге залалын тийгизе албайт. Мындай пикирин жума күнү Бишкекте расмий жолугушууларга катышкан вице-премьер министр, тышкы иштер министри Абдуллах Гүл тышкы иштер министрлигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын жетегиндеги Түркиялык делегация 5-6-майда Кыргызстанда иш сапары менен болду.

Түркия март окуясын түшүнүү менен кабыл алып, Кыргызстанда жагдай турукташаарына ишенимин алгачкылардан болуп билдирген мамлекеттердин бири. Абдуллах Гүлдүн иш сапарындагы жолугушууларды дээрлик ушундай маанай коштоду. Анын маалымат жыйынында белгилегенине караганда, Кыргызстан башынан кечирип жаткан тарыхый шартта президенттик шайлоо, коррупцияга каршы күрөш жана тышкы инвестицияларды тартуу иштерин ийгиликтүү жөнгө салуу аркылуу өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн далилдеши керек:

- 10-июль күнү болуп өтө турган президенттик шайлоо Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Бул бүткүл дүйнөлүк коомчулукка көргөзө турган бир сынак болот. Демократиялык чөйрөдө өнүгүп келаткан мамлекет катары сынакты ийгиликтүү өткөрүш керек деген ойдомун.

Абдуллах Гүлдүн пикиринде ошондой эле март окуясынын учурунда түркиялык ишкерлерге таандык обьектилердин талап-тоноолорго кабылышы кыргыз калкынын атайылап жасаган иши эмес:

- Кээ бир түркиялык иш адамдарынын обьектилеринде болгон окуяларды кыргыз эли, кыргыз калкы жасады деп эч ойлобойбуз. Бул ошол тополоңдун бир таасири, кесепети деп гана эсептейбиз. Бул эки тараптуу мамилелерге жана Түркиянын Кыргызстанда иштеп жаткан иш адамдары менен инвесторлоруна тескери таасир этет деген ойдон алыспыз.

Марттагы талап-тоноолордун учурунда түркиялык ишкерлердин карамагындагы ишканалардын 30 чамалашы жабыркап, анда 9 миллион доллардын тегерегинде чыгым болгондугу болжолдонууда. Бул маселеге байланыштуу эки өлкөнүн мамлекеттик ишмерлери ортосундагы талкуу ачыкталган жок. Гүл менен президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин жолугушуусунун журналисттер катышкан биринчи бөлүгүндө убактылуу өкмөттүн башчысы талап-тоноолорго байланышкан маселени мамлекеттик комиссия иликтеп жатканын белгиледи.

Тараптарды тынчсыздандырган дагы бир талаштуу маселе - көп жылдан бери бир ыктай чечилбей келаткан Пинара-Аккеме мейманканасы. Түркия тарап көп талаш-тартыштан кийин өзүнө менчиктеп алган мейманкана март окуясынан кийин кайра дароо кыргыз тарапка өткөн. Мейманканага байланыштуу мыйзам ишке киргендигин, мунун талап-тоноого тиешеси жоктугун Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын төрагасы катары март окуясынан кийин берген акыркы маалымат жыйынында Ишенбай Кадырбеков билдирген. Ал эми тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева Абуллах Гүл менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында буга байланышкан суроого мындайча жооп берди:

- Мейманкана боюнча мындай деп жооп берет элем сизге: бул иш азыр прокуратурада. Бул маселе да азыр иштелип жатат.

Ушул эле маалымат жыйынында Отунбаева Абдуллах Гүлдүн сапарын Түркиянын Кыргызстан менен дос жана өнөктөш экендигинин дагы бир жолку далили катары баалады:

- Биздин досторубуз ушундай тарыхый бурулуш маалында Кыргызстанга кырдаалды өз көзү менен көрүү, алгачкы кандай муктаждыктар барын билип, кеңешүү, өз маалында жардам берүү үчүн келишти.

Абдуллах Гүл да эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери өткөргөн маалымат жыйынында, андан кийин вице-премьер министр Данияр Үсөнов менен жолугушууда Түркия кыйын учурда жардам берүүгө даяр экендигин белгилеп, түркиялык ишкерлер бул өлкөдөн кетүү ою жогун билдирди. Анын айтымында, түркиялык ишкерлер мындай кадамы аркылуу Кыргызстанда инвестициялык жагдай ойдогудай экенин дүйнө коомчулугуна далилдөө аракетин көрүүдө.

Бул сапардын учурунда тараптар социалдык-экономикалык карым катышка байланыштуу кандайдыр бир жаңы документке кол коюшкан жок. Абдуллах Гүл бул ирет өзү менен кошо 350 миң долларлык дары-дармек ала келип, саламаттык сактоо министрлигинин карамагына берди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG