Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

БУШ БАЛТИЯДАГЫ ҮЧ ӨЛКӨНҮ МАКТАП-ЖАКТАДЫ


Ишембиде Ригада Балтия боюндагы үч өлкөнүн жетекчилери менен жолугушкан АКШ президенти Жорж Буш Латвия, Литва, Эстонияны – коммунизмди демократияга ийгиликтүү алмаштырган өлкөлөр катары мактап даңазалады. Үч өлкө башынан өткөргөн күндөрдү эске салып, Буш силердин тарыхыңар ушу тапта эркиндикке жете албай жаткан мамлекеттер үчүн сабак боло алат деп белгиледи.

Жолугушуулардын соңунда өткөн биргелешкен пресс-конференцияда президент Буш анын Ригага барганы – Америка Балтия аймагындагы үч өлкөнүн ишеничтүү өнөктөшү экенин көргөзөт деп басым жасады.

- Кошмо Штаттар демократия жана эркиндикти жайылтуу ишинде Латвия, Литва, Эстония өңдүү үч мыкты өнөктөшкө ээ болду. Мен ушул 3 өлкөнүн элине кайрылып: бул улуу иште жоготкон курмандыктарыңар үчүн, дүйнөдөгү бейпилдик менен эркиндикти колдогон адамдарды шайлап бергениңер үчүн терең ыраазылык билдириш үчүн келдим.

Балтия боюндагы үч өлкөнүн жетекчилери АКШ президентинин экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганын 60 жылдыгы белгиленип жатканда Ригага жасаган сапары – Вашингтон чөлкөмдөгү элдин тарыхка карата көз карашын, ошондой эле Советтер Союзунун кылмыштарын моюнга алгысы келбеген Орусияга карата мамилесин кабыл алганын билдирет деп кубатташты. Латвиянын президенти Вайра Вике Фрейберга айым:

- Балтия өлкөлөрүндөгү сапары менен президент Буш, менимче, ушу тапта белгиленип жаткан тарыхый датанын кош маанисине басым жасай алды. Мындан 60 жыл илгери согуш аяктап, көптөгөн элдер эркиндикти, жеңишти кучак жая тосуп алышкан. Бирок башкалар үчүн ал кулчулукту, баскынчылыкты, сталиндик террорду ала келген, - деп Буштун сапарынын максат-маанисин тактай кетти.


АКШ президенти Балтия өлкөлөрү үчүн 1945-жылы экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганын майрамдоого негиз жок эле деп ырастады:

-Батыш үчүн экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган чакта Балтия аймагында советтик баскынчылык жана коммунисттик куугунтук башталган эле. Америка эли аны эч качан унутпайт жана силердин жаралуу тарыхыңарды тааныйт, - деп улантты сөзүн президент Буш.


Ригадагы маалымат жыйынына катышкан журналисттер Украина, Грузия, Кыргызстанда бийликтин алмашуусуна алып келген окуяларга карата мамилесин сураганда, президент Буш Американын тышкы саясаты кайсы бир өлкөлөрдө жасалма окуяларды уюштуруп, эл тагдырын чечүүнү максат кылбайт, адамзат үчүн универсалдуу эркиндикти жайылтууну гана көздөйт деп басым жасады:

- Эркиндик – бардык адамдар чын дилинен умтулган универсалдуу көрүнүш. Айрым өлкөлөрдүн башкалардын эркиндикке чыгуусуна жардам бергени - бул ыңкылапчыл аракет катарында эмес, ар-намыстуу тышкы саясат, адамгерчиликтүү тышкы саясат катары каралышы керек деп ойлойм.


Литванын президенти Валдас Адамкус литвалыктар Американын демократия жана эркиндик жөнүндөгү философия, көз карашын толугу менен колдойт деп ишендирди.

АКШ президенти Жорж Буш ишембиде кечинде Голландияга жол тартат. Ал жерде согушта курман болгон америкалык жоокерлердин арбагына таазим этип, 9-май күнү Москвада Жеңиш күнүнүн 60 жылдыгына арналган салтанатка катышып, кийинки күнү Грузияга барат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG