Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:20

КМШНЫН БЕЙРАСМИЙ САММИТИ


Экинчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын 60 жылдыгын белгилөө үчүн Москвага чогулган КМШнын лидерлери жекшембиде саммит өткөрүштү. Россиянын президенти Путин уюмдун мүчөлөрүн терроризмге каршы биргелешип күрөшүүгө чакырды. Бирок ички пикир келишпестиктер уюмдун ыдырашы жакындап калдыбы деген суроону көтөрүүдө.

Жолугушууну ачып жатып Путин, КМШ 13 жылдан бери жакшы иштеп келгенин белгиледи.Уюм терроризмге, экстремизге каршы глобалдуу урушта чоң роль ойной алат деди Путин:

- Биздин демилгебиз менен БУУнун Башкы Ассамблеясы быйыл 8-9-майды кайра жарашуу жана эскерүү күндөрү деп жарыялады. Улуттар уюму дүйнө мамлекеттерин нацизмдин идеологиялык мураскери болуп эсептелген терроризмге, расизм, ксенофобияга негизделген доктриналарга каршы биргелешип күрөшүүгө үндөдү. КМШ ушундай орток максат үчүн эффективдүү инструмент боло алат деп ишенем .

Жыйын гуманитардык кызматташуу жөнүндөгү декларацияга кол коюуу менен аяктады. Ага ылайык, КМШга кирген мүчө-мамлекеттер гуманитардык, маданий, илимий чөйрөдөгү алакаларын күч алдырып турушмакчы.

Мындай деңгээлдеги саммитке Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев бул кызматында алгачкы ирет катышты. Ал орус президенти В. Путин менен да көзмө-көз баарлашты. Андан тышкары, Бакиев "Интерфакс" агенттигинин кеңсесинде басма сөз жыйынын өткөрдү.

КМШ уюмунун ичинде көптөгөн талаштуу маселелер кала берип жатканын Маскөө саммити дагы бир жолу айгинеледи.

Грузиянын президенти Михаил Саакашвили орусиялык аскерий базалардын грузин аймагынан чыгыралышы кечеңдеп жаткандыктан, Москвага барбай турганын өткөн жумада жарыялады.

Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиев болсо армениялык кесиптеши Роберт Кочарян менен жоулугушкусу келбей, саммитке катышуудан баш тартты.

Тоолуу Карабак анклавы боюнча эки өлкө ортосундагы талаш көптөн бери жөнгө салынбай келатат. Бирок Алиев 9-май салтанаттарына келээрин билдирди.

Грузия, Украина жана Кыргызстанда жакында болгон окуялар Орусиянын мурдагы советтик аймактагы таасиринин тайып баратышын далилдегенсиди.

Бир нече күн мурун Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Игорь Иванов аталган 3 жумурияттагы бийликтин алмашуусун антиконституциялык иш-аракет катары сыпаттады. Ал эми К. Бакиев бүгүнкү маалымат жыйынында өз өлкөсүндөгү 24-марттагы окуяларды "элдик ыңкылап" деп баалады.

КМШга кирген өлкөлөр тандаган өнүгүү багыттары да бири биринен кескин айырмаланат. Ющенко менен Саакашвили батышчыл жолду тандашса, Беларус жана Борбор Азиянын 4 жумуриятында авторитардык режим өкүм сүрүп келатат.

КМШ ошондой эле мурдагы соода алакаларын жандантуу максатын ишке ашыра алган жок.

Саммиттин алдында эле Минскиде кармалган украиналык активисттердин ишине байланыштуу Украина менен Беларус ортосунда дипломатиялык кайым айтышуу болуп, тараптар бири-бирине катуу сөздөрдү айтышты.

Александр Лукашенко ошондой эле грузин мамлекет башчысынын салтанатка катышпоо жөнүндөгү чечимин катуу сындап, Саакашвили жаш болгондуктан грузин ветерандарынын Жеңишке кошкон салымын түшүнбөйт деди.

КМШнын лидерлери согуштун ардагерлери менен жолугушуп, кечинде Маскөөдөгү айтылуу Чоң Театрдагы гала концертке катышты.

XS
SM
MD
LG