Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

КУРМАНБЕК БАКИЕВ: “БИЙЛИК ЭЛГЕ КЫЗМАТ КЫЛГАН МАМЛЕКЕТТЕ ЫҢКЫЛАП БОЛБОЙТ”


Орусиянын баш калаасына экинчи дүйнөлүк согуш аяктаганга 60 жыл толгон күндү белгилөө үчүн келишкен конок мамлекттер бири болуп Кыргызстан да келди. Аны убактылуу президенттин милдетин аткаруучу, өкүмөт башчы Курманбек Бакиев жетектеп келди. Жекшембиде КМШ саммити өттү. Анын алдында Кыргызстандык жетекчи “ИНТЕРФАКС» агенттигинде чет элдик жана жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«ИНТЕРФАКС» агенттигинде өткөн бул маалымат жыйынга журналисттер адаттагыдан көп чогулду. Биздин баамда, Кыргызстанга башкаларды мынчалык ынт койдурган нерсе – ыңкылап шарданы болуп аткандай. Ошондуктан орусиялык агенттикте котологон журналистер Кыргызстанда көз жарган ыңкылап тууралуу жана 24-мартта аны баштап жүргөндөрдүн бири Бакиев мырзанын оозунан маалымат алалы дымагы түрткү болду дешке болор.

Кепти Бакиев мырза жангыз баштап жангыз бүтүрдү. Суроолор алдында президенттин милдетин аткарып аткан Бакиев өлкөдөгү абалга токтолуп ага мындайча баа берди:

- Кыргызстанда 24 мартта орун алган окуя – бул кокустук эмес. Ал ыңкылапты кимдир бирөөлөр атайылап, америкалыктар же орусиялыктар жазаткан жок. Бул таптаза элдик кыргыз ыңкылабы болду.

Саясат маселесине келген жеринде ал мурдагыдай, бийлик бир кишинин колуна топтолуу жок болорун мындайча чечмеледи:

- Азыр Кыргызстан жумуриятынын Негизги мыйзамына өзгөртүү киргизүү даярдалып атат. Негизги мыйзам боюнча кеңешме түзүлүп ал өз ишин баштады. Биз демократиялык принциптердин мындан ары да өнүгүшү үчүн бет алабыз. Бийликтин бир киши колуна же бир орган карамагына өтүп кетпеши үчүн анын бийликтин бардык тармагына: сот, мыйзам чыгаруу жана аткаруу тармактарына бирдей өлчөмдө бөлүштүрүп берилиши керек дейбиз. А президент болсо, Негизги мыйзам кепили катары, ошол бийликтер ортосундагы теңдикти теске салып турушу керек дейбиз.

Кайта-кайта түшкөн суроо: талапкерлер Кулов менен Бакиев ымылаларын байкап көрүү болду. Ага президенттин милдетин аткаруучу Бакиев кылдат жооп айтып турду:

”Куловду мен нарктуу талапкер деп ойлойм. Ал президенттик орунду талашкандар катардын көркү болор ысым. Бизде адилет, калыс, ачык күрөш болот деп эсептеймин”,-деди ал.

«Ыңкылап кайра кайталанышы мүмкүнбү? Аны болтурбай коюунун кандай жолу бар?» - деген биздин суроого Бакиев мырза:

«Ыңкылап дал ушул жолкудай болбош үчүн азыркы бийлик бул жолку ыңкылаптын сабагын алып, туура жыйынтык чыгарышы керек. Мурда кетирилген каталарды кайталабаш керек. Экинчиден, бийлик, баарыдан мурда, мыйзам бузбашы керек. Бийлик элге кызмат кылуусу абзел. Эл эмес бийлик элге эмгек этиши керек. Ылдыйкы тепкичтеги кызматкерден тартып президентине дейре элге кызмат кылган мамлекетте буга окшогон ыңкылаптар болбойт», - деп жооп берди.

Мурдагы президент Акаевдин тагдыры боюнча түшкөн суроого Курманбек Бакиев мвндайча жооп узатты:

- Ал мыйзамга ылайык, мурдагы президент катары ыйгарым укугу астында кала берет. Мүлкүнө келсек, азыр аны мамлекеттик комиссия териштирип атат. Анын айтылып келаткан ишканаларга тийешеси барбы же жокпу ошону такташат. Мамкомиссиянын жыйынтыгына жараша, эгерде алар мыйзам жолу менен ак сатылып алынган болсо анда, кудай жалгасын, мында бирөөнүн мүлкүн тартып алалы деген киши жок. Ал эми анын Кыргызстанга келип жашоосуна келсек, бүгүн андай учур максатка ылайык келбей тургансыйт, бир нече убактан кийин ал, балким, мүмкүн болот.

XS
SM
MD
LG