Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин имаратына жакын жердеги мектептердин биринде түшкө маал миңге жакын кыргызстандыктар чогулду. Мектептин залы кичинекей эле болгондуктан, келгендердин бир бөлүгү имаратка кире алган жок. Ошол замат жолугушууга келген Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев имаратка кирээрден мурда, көчөдө тургандар менен көрүшүп, аларды жеңиш майрамы менен куттуктады:
- Бүгүнкү жеңиш майрамыңыздар менен! Бул - өтө чоң майрам. Бизде майрамдар көп болгону менен, дал ушул жеңиш күнүн белгилөө жалпы постсоветтик мамлекеттерди бириктерип турат. Барыңыздарга ден-соолук каалайм. Мен деле 12-13-жыл Орусияда жашагам. Окугам, иштегем, ошондуктан, азыр сиздер туш болуп жаткан проблемаларды да жакшы билем. Мен баарыңыздарга жакшылык каалайм, келечек жакшы болсун! Эми Кыргызстанда иштегенге, окуганга шарт түзөбүз, андыктан өзүбүздүн мекенибизге келиңиздер!
Андан ары Бакиев өзүнүн саясий программасынын башкы максаттарына токтолду:
- Мен мүмкүн болушунча өнөр-жайга, жумуш орундарын түзүүгө көбүрөөк көңүл бурам. Мен өзүм өндүрүштүн адамымын, ошондуктан эми шайлоону жакшы өткөрүп алсак, анан экономикага көбүрөөк көңүл бурабыз. Сиздердей акыл-эстүү кыз-жигиттер өз мекенине кызмат кылуулары керек. Бул үчүн шарт түзүлөт.
Көчөдөгү жолугушуу учурунда Бакиев Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын укуктук абалына токтолуп, Кыргызстан тараптан Орусия менен кош-атуулдукту киргизүү маселеси көтөрүлүп жатканын маалымдады.
Биз Москвадагы канчалаган кыргызстандык мигранттар бул жолугушууга келе алышкан жок. Анткени алар каттоодон өтүшкөн эмес, укук коргоо органдарынан коркушат. Кыргызстандан келген эмгек мигранттарынын укуктук абалын жакшыртуу үчүн кандай аракеттер көрүлөт?-деген суроого мындай жооп алдык:
-Менимче, биринчи кезекте кош-атуулдук мыйзамын кабыл алышыбыз зарыл. Бул бизге, Орусиядагы атуулдарыбызга керектүү нерсе. Орусия да биздин бул сунушту колдоп жатат. Ошону иш-жүзүнө ашырсак, бир топ жеңил болуп калмак.Бул демилге Кыргызстан тарабынан көтөрүлүп жатат. Эгерде парламенттин жазгы каникулуна чейин Кыргызстанда бул мыйзам жактырылып калса, жылдын аягына чейин Орусия да жактырат деп ойлойбуз. Кыскасы, мыйзамды быйыл кабыл алууга аракет кылабыз.
Ал эми бул учурда залда болсо аны 500 дөн ашуун кыргызстандык атуулдар күтүп турушкан. Бакиев алгач топтолгондорду майрам менен куттуктап, сөзүн Кыргызстандагы учурдагы абал жана 24-мартта өткөн ыңкылап темасы менен улады. Анын оюнда, 10-июлга белгиленген президенттик шайлоону чындап ачык өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар:
- Быйыл Кыргызстанда чыныгы шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп турат. Бул ири саясий иш-чарага сиздерди да активдүү катышууга чакырам. Биз бул үчүн зарыл шарттарды түзүп бергенге бүт күч аракетибизди жумшайбыз. Ушул тапта Орусиянын 10 ири шаарында шайлоо чөлкөмдөрүн түзөлү деп жатабыз.
Жолугушууга Орусиянын 12 шаарынан кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү келишкен. Москвадагы кыргызстандыктардын диаспорасынын өкүлү Сооронбеков өзүнүн сунуш-пикирлерин мындайча билдирди:
- Курманбек Салиевич, азыр сиз алдыдагы шайлоо тууралуу да сүйлөдүңүз. Бул тууралуу бизде бир сунуш бар. Орусияда жашаган көптөгөн кыргызстандык мигранттар бул жерде шайлоого катышууга такыр мүмкүнчүлүктөрү жок, анткени каттоодон өтүшкөн эмес. Шайлоо күнү аларды милиция көчөдөн кармабагандай кылып сүйлөшүп берсеңиз. Андан сырткары, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде башка өлкөлөрдөгү өзүнүн атуулдарынын ой-пикирлерин угуп, алар менен эсептешүү жакшы жолго коюлган. Биздин да сунуштар ичине камтылган программа түзсөңүздөр. Кыргызстандын чет мамлекеттердеги атуулдарынын ой-пикирлери үчүн атайын программасы болсо демекчимин. Дагы бир маанилүү маселе – кыргызстандыктарга Орусияга келген белеттери, же миграциялык картасы менен 1 айдан 3 айга чейин жүрүүгө мүмкүнчүлүк алып берсеңиз. Бул мүмкүчүлүк менен азыр украиналык атуулдар пайдаланып жатышат.
Жолугушуу жалпысынан майрамдык маанайда, жандуу да, шаңдуу да өткөндөй болду.