Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

АКШДА ЖАЛПЫ ФЕДЕРАЛДЫК КҮБӨЛҮК КИРГИЗҮҮ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Өкмөттүн сунушу менен АКШ Конгресси азыр өлкөдө ички паспорт киргизүү маселесин караштырууда. Кээ бир саясатчылардын пикиринде, андай паспорттун ордуна бирдиктүү айдоочу күбөлүгүн деле киргизип, пайдаланса болот, бирок көптөгөн адам ал эки сунушка тең каршы.

Кээ бир Батыш өлкөлөрүндө ички колдонууда эч кандай паспорт болбойт жана ал өлкөнүн жараны экенин күбөлөгөн паспорт - адам өлкөдөн сыртка чыгып баратканда гана берилет. АКШнын ичинде дагы паспорт жок жана адамдын ким экенин аныктоо үчүн көпчүлүк учурларда айдоочунун күбөлүгү колдонулат, бирок ар башка штаттар чыгарган күбөлүктөр да ар башка. Андай күбөлүк алыш үчүн сиз көпчүлүк учурда полицияга ким экениңизди далилдөөгө да муктаж эмессиз - акча төлөп, машинени айдаганды билгениңизди көрсөтсөңүз, күбөлүк ала аласыз.

Бирок 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы ири террордук аракеттер жасалгандан кийин абал өзгөрдү. Ал аракеттерди ишке ашыргандардын кээ бирлеринин визасы аяктаганы менен, алар учактарга айдоочунун күбөлүгүн көрсөтүп билет сатып алганы аныкталды. Ошондуктан өкмөт мүчөлөрү жана кээ бир башка саясатчылар азыр бул маселедеги тартипти катуулантып, бирдиктүү айдоочу күбөлүгүн же адамдын ким экенин аныктаган ички паспорт сыяктуу өзүнчө күбөлүк киргизүүнү сунуштап жатат.

Конгресстин Эл өкүлдөр жыйынынын Укук комитетинин төрагасы Жеймс Сенсенбреннердин айтымында, айдоочу күбөлүгү чыныгы документ болууга тийиш:

- Менин оюмча, биз баарыбыз айдоочу күбөлүгүн пайдаланып жүргөндүктөн, ал күбөлүк чындап эле бир нерсеге жараган документ болууга тийиш. Азыр болсо андай күбөлүктөр ар бшака штаттарда кимге болбосун берилет. Андай айдоочу күбөлүгүн федералдык документ кылуу үчүн, өзүнчө бир стандарттарды киргизүү абзел.

Жаңы сунушталып жаткан эреже боюнча, айдоочунун андай жаңы күбөлүгүн алуу үчүн сиз АКШнын жараны экениңизди далилдеш керексиз, сырттан келген конокторго болсо андай күбөлүк визасы аяктаган мөөнөткө чейин гана берилүүгө тийиш. Кээ бир саясатчылар ага каршы, алардын оюнда, мындай эреже менен жарандардын эркиндиги чектелип калат жана кереги жок бюрократия күчөйт.

Кылмышкерлерди полиция же коопсуздук кызматкерлери эч кандай бюрократияга карабастан таап-аныкташ керек, ички паспорттор киргизилгенде болсо, көп нерселер бюрократияга такалып калат, андай паспортторго эң биринчи кезекте кылмышкерлер ээ болууга умтулат, талаптуу кагаздарды ала албай калган карапайым адамдар болсо жапа чегет.

Огайо университетинин профессору Питер Свайенин айтымында, америкалыктар эркиндикке көнүп калган жана андай бюрократиялык кагаздарды жек көрөт, жаңы күбөлүктөр болсо коопсуздукту деле бекемдетбейт:

- Маселе - андай күбөлүктөр киргизилсе, коопсуздук күчөйт деп ойлогондукта. Чындыгында андай эмес. Жасалма күбөлүктөрдү чыгаруу өтө деле кыйын болбойт, ошондуктан биз андай кошумча кагаз киргизүү менен коопсуздукту күчөтөбүз деп жөн гана кыялданып жатабыз. Чын-чынына келгенде, аны менен өкмөт өз жарандарына көзөмөл салууга жаңы мүмкүнчүлүк алууда, тарыхта мурда андай болгон эмес, андай көзөмөлдөн деле коопсуздук күчөп кетпейт.

Мындан он жыл мурда дагы АКШ өкмөтү жалпы федералдык күбөлүк киргизүүнү сунуштаган, бирок Конгресс ага макул болгон эмес.

XS
SM
MD
LG