Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

"АРНАМЫС" ПАРТИЯСЫНЫН КУРУЛТАЙЫ ӨТӨТ


Кубат Оторбаев Бүгүн 11-майда "Арнамыс" партиясынын 5-курултайы өтөт. Ушул сааттарда Бишкектеги Тарых музейинде анын иши башталууда. Анда эки маселе: 10-июлда өтө турган президенттик шайлоого Феликс Куловду талапкер кылып көрсөтүү жана партиянын алдыдагы максат-милдеттери талкууланмакчы. Курултайда Феликс Кулов сөз сүйлөйт.

Феликс Кулов 24-марттагы ыңкылаптан кийин боштондукка чыккан. Ал Аскар Акаев президент болуп турган акыркы беш жылда түрмөдө отурду.

Кулов премьер-министр Курманбек Бакиев менен алдыдагы шайлоодо мамлекет башчылыгына татыктуу делген эки адамдын бири. Соңку күндөрдө бир катар жерлерде Куловдун талапкерлиги президенттикке көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG