Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

“АРНАМЫС” ПАРТИЯСЫ КУРУЛТАЙ ӨТКӨРДҮ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 11-майда Бишкекте «Арнамыс» партиясынын бешинчи курултайы өткөрүлдү. Жыйындын катышуучулары президенттикке талапкер катары бир добуштан партия төрагасы Феликс Куловду көрсөтүштү. Ал эми Феликс Кулов өз сөзүндө өлкөдө коопсуздукту камсыз кыла албай жатат деп азыркы бийликти сындады.

«Арнамыс» партиясынын курултайына өлкөнүн бардык дубандарынан чакырылган 200 делегаттын ичинен 197 адам катышты. Адегенде, залда отурган атын атабаган бир атуул Ысыккөл обласынын мурдагы губернатору Токон Шайлиеванын курултайдын президиумунда Феликс Кулов менен катар отурушуна каршы болду. Ал Токон Шайлиева убагында аксылыктардын сабалып, Бишкектен күч менен чыгарылышында чоң рол ойногондугун айтып Шайлиеванын президиумдан түшүп кетишине жетишти. Курултайда Куловдун талапкердигин президенттикке көрсөтүү жана партиянын 2005-жылы аткара турган иштери тууралуу эки маселе каралды. Алгач сөз алган Феликс Кулов 24-марттагы ынкылаптын болушуна адегенде, карабууралыктар андан соң Аксы окуясынын таасири абдан чоң болду деген оюн ортого салды. Өз сөзүндө Кулов 24-марттан кийинки өлкөдөгү абалга мындайча баа берди:

- Мен дароо эле айтып кетейин, учурда өлкөдө өтө жаман абал түзүлдү. Биздин өлкөдө тартипти калыбына келтире албай жатышыбыз чет элдик инвесторлорду жана башка өлкөлөрдү чочутуп жатат. Бул боюча биз ачык айтышыбыз керек. Атуулдардын Саламаттыкты сактоо министрлигин жана Жогорку соттун имараттарын басып алуусу улантылууда. Жөнөкөй адамдар, ишкерлер эртең эмне болот деп чочуп жатышат.

Андан соң партиянын Ош, Жалалабад, Нарын, Баткен, Ош областарынан келишкен өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Алардын баары тең Кулов президенттикке татыктыктуу деген пикирин айтуу менен анын талапкерлигин колдой тургандыгын билдиришти. Таластан келген жашы улгайган адам Таластыктардын баары колдоорун айтып, Куловду оштуктардын добушун алып келүүгө чакырды:

-Мен Куловго ишенемин. Сен Талас жергесинен кам санаба. Сен Ош жакка барып добуш алып кел.

Андан соң жыйындын катышуучулары Феликс Куловдун талапкерлигин көпчүлүк добуш менен президенттикке көрсөтүштү. Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова болсо азыркы бийликти шайлоо кампаниясына эмитен эле кирише баштады деп президенттик шайлоонун адилет өтүшүнө ишенбей тургандыгын айтты:

- Биз президенттик шайлоону таза өткөрө албайбыз. Админстративдик күчтү эмитен эле колдонуу башталды. Жакында эле Карасуу районунун Учар айылынын тургундары жыйналыш өткөрүп, Куловдун талапкерлигин президенттикке көрсөтүштү. Эртеси акимчилик, облус губернаторунан атайын кишилер барышып, катышпай калган үч аксакалды маалымат каражаттарына чогулуш болгон жок дедирип сүйлөттү.

Курултайга көрүнүктүү саяатчылардан "Акыйкат жана прогресс" партиясынын жетекчиси Муратбек Иманалиев, аталган партия жетекчилеринин бири Ишенбай Абдразаков, "Элет" пратиясынын башчысы Накен Касиев, мурдагы депутат Болот Байкожоев, Социал-демократиялык партиясынын башчысы Алмаз Атамбаев катышышты.

XS
SM
MD
LG