Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:01

БАТЫШ ИРАКТА ЖООЧУЛАР АЙЫГЫШЫП САЛГЫЛАШУУДА


Ушул тапта АКШ аскерлери Ирактын батыш өңүрүндө көтөрүлүшчүлөр менен айыгышкан салгылашуу жүргүзүүдө. Мындай курч салгылашуу былтыркы Фаллужа шаарындагы каршылык көрсөтүүдөн бери учурай элек болчу. Анын үстүнө, көтөрүлүшчүлөр мурдагыдан кыйла дурус машыккандыгы жана курал-жарактары да мыктыраак экендиги байкалууда.

АКШнын деңизчи аскерлеринин көтөрүлүшчүлөргө каршы соңку ири чабуулу өткөн ишембиден бери жүрүп жатат. Ирактын батышында жайгашкан эң ири ал-Анбар вилейетиндеги бул салгылашууга америкалык оор техника жана аскердик тик учактар да камтылууда.

Америкалык деңизчилердин үчөө өлүп, 20га жетпеген жоокери жаракат алгандыгы, 110дой көтөрүлүшчү набыт болгондугу шейшембиде АКШ аскер жетекчилиги тарабынан расмий маалымдалды. АКШ генералы Жеймс Конвэйдин (James Conway) айтымында, суннийлердин аймагынан болгон ал-Анбар вилайети куралдуу каршылыктын негизги чордону болуп калды:

- Менимче, ал-Анбар вилайетиндеги каршылык көрсөтүү чордону Фаллужа шаары кулаган соң, андан ары батышка ооду деп колбашчылар берген баа акыйкат ко дейм. Эми бул чордон Рамади-Хит өткөөл өрөөнүн өзүнө камтып калды. Ал Рамади-Фаллужа багытына каршы турат.

Сауд Арабстан менен Иорданиядан тышкары, түндүк-батышында Сирияга да чектеш болгон ал-Анбар вилейетинин бир нече шаарчасында өзгөчө кырчылдашкан салгылашуу жүрүп жатат. Аймактагы Обейди, Роммана жана Карабила шаарларынын жанындагы тоо-таштуу жайларда аска таштарга жана дзотторго жашынган көтөрүлүшчүлөр АКШ аскерлерине каршы тынымсыз ок жаадырууда.

Бул аймак курал-жарак аткезчилиги менен да айырмаланат. «Ал-Кайиданын» Ирактагы тармагынын жетекчиси Абу Мусаб аз-Заркави да ушул аймакта жашырынып жүрөт деген жоромол бар. Маалыматтарга караганда, бул аймакка Сирия аркылуу чет өлкөлүк жоочулар да келүүдө.

АКШ генералы Конвэйдин айтымында, Эвфрат дарыясынын өйүз-бүйүзүндө орун алып жаткан бул соңку салгылашуулар көтөрүлүшчүлөрдүн кыйла дурус машыккандыгын айгинеледи:

- Маалыматтарга караганда, бул козголоңчулар бирдей аскердик кийим кийинген, айрым бир учурда алар ок өтпөс чопкуттарды тагынып алышкан. Алардын машыгуу деңгээли буга чейин өлкөнүн чыгышында орун алып келген каршылык көрсөтүү аракетин жүргүзгөндөрдүкүнөн алда канча айырмаланып турат окшойт.

Мындан дээрлик жарым жыл илгери ушул эле вилайеттеги Фаллужа шаарындагы ири көтөрүлүш басылган чакта, бери дегенде 1500дөй көтөрүлүшчү өлүп, ошондой эле сандагы жоочу тутулган.

Балким, көтөрүлүшчүлөр Фаллужадан кийин кайра күч жыйноого жетишип жүрбөсүн? Лондондо жайгашкан «Жейнс Сентинел Секюрити Ассессмент» (Jane's Sentinel Security Assessments) иликтөө чордонунун өкүлү Жереми Биннинин (Jeremy Binnie) оюнча, мындай тыянак чыгарууга азырынча эртелик кылат.

Анын оюнча, расмий Багдаддын жаңы саясий демилгелери көтөрүлүшчүлөрдүн арасындагы ыргылжың болгон топторду көбөйтүшү ажеп эмес:

- Айың кептерге караганда, козголоң уюштуруп жаткан Баас партиясынын айрым топтору Ирактын азыркы өкмөтү менен тымызын баарлашып жатат. Суннийлердин уруу төбөлдөрүнүн бири коргоо министри кызматына дайындалгандан кийин, жакын арада козголоңчуларга карата мунапыс жарыяланышы да ыктымалдан алыс эмес. Бул жаңы министр козголоңчулардын катарындагылардын бир даарын өкмөт тарапка тартышы мүмкүн.

Ал эми шейшембидеги жана шаршембидеги каршылык көрсөтүүнүн мүнөзүнө караганда, уруш аракеттери оңой-олтоң бүтө тургандай көрүнбөйт. Шейшембиде ал-Анбар вилдайетинин жаңы акими Ража Наваф Фархан ал-Махалави (Raja Nawaf Farhan al-Mahalawi) козголоңчулар тарабынан барымтага алынган болчу. 11-майда жанкечтилердин бомбалык чабуулунун айынан бери дегенде 64төй киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG