Көз карандысыз комиссиянын буга чейинки иликтөөсү Улуттар Уюмунун «Мунай үчүн азык-түлүк» программасын башкарган чабармандары кызматынан ашыкча пайдаланып, айрым учурларда жүрүм-туруму бузулганын аныктаган. АКШ Конгрессинин айрым мүчөлөрү ал жаңжалды иликтөө боюнча түзүлгөн көз карандысыз комиссиянын ишинен шек санап, Улуттар Уюму көп нерсени жаап-жашырып жатат деген пикирде. Конгресс ал комиссиянын жасап жаткан аракеттери тууралуу докладын сурап ала албай койгону да «чыракка май тамызгандай» эле болду.
Улуттар Уюмунун Саддамдын тушундагы Иракка байланыштуу ишмердигин иликтеп жаткан комиссияны АКШнын Федералдык резердер фондунун мурдагы төрагасы Пол Уолкер жетектейт. Бул комиссия – «Мунай үчүн азык-түлүк» программасынын тегерегинде тергөө жүргүзүп жаткан башка мекеме-уюмдардан өйдө турат. Жаңжалдын тутанышына дал ушул комиссиянын эки мүчөсү отставкага кеткени да тамызгы болду. Алардын бири – Роберт Партон өткөн айда кызматынан кетип жатып, комиссия Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннанга ашкере жумшак мамиле жасаганына нааразы экенин билдирди. Партон жөн кетпей, комиссия топтогон документ-кагаздардын көчүрсөмүн Конгресстин Эл аралык мамилелер комитетине өткөрүп берген. Ал документтерди изилдеп жаткан АКШ сенатору Норм Колемандын басма сөз өкүлү Том Стюард Конгрессте комиссиянын ишине байланыштуу күмөн саноо өсүп баратканын айтат.
-Партондун отставкага кетишинин тегерегинде көптөгөн суроолор пайда болду, андан улам сенатор Колеман бул комиссиянын башчысы Уолкер мырзанын иликтөөсү ишенич жаратпай калганына тынчсызданууда.
Айткандай эле, жакында сенатор Колеман Улуттар уюмунун башкатчысы Аннанды чатакты ырбатпай отставкага кетүүгө үндөдү. Ал бейшембиде Ирактын экс-лидери Саддам Хусейн Улуттар уюмунун «Мунай үчүн азык-түлүк» программасынын кызматкерлерин кантип сатып алып турганы тууралуу доклад жарыялаарын эскертти. Колеман мырза келээрки аптада Сенатта бул маселе боюнча талкууга төрагалык кылат.
Уолкер мырза төрагалык кылган көз карандысыз комиссия Улуттар Уюмунун бул программасын башкарган Бенон Севан мунай боюнча контракттарга ыксыз кийлигишип турганын аныктаган. Андан сырткары Баш катчы Кофи Аннандын уулу Кожонун бул программанын алкагындагы аракеттери да күмөн жаратканын жарыялаган. Бирок андан көп узабай Кожо иштеген Иракка азык-түлүк жеткирүү боюнча транспорттук компания Кофи Аннан менен эч кандай байланышта болгон эмес деген бүтүмго келген.
Жаңжалдуу иликтөөнү аркалап жаткан комиссиянын басма сөз өкүлү Майкл Хольцман комиссия мүчөлөрү калыс жана толук көз карандысыз иштеп жатканын белгилейт:
-Биз бардык окуя-фактыларды артынан кубалап текшерип жатабыз. Биздин экинчи отчетубуз баш катчы Аннанга карата абдан эле катаал мүнөздө жазылган. Менимче, Аннан бул программаны башкаруу боюнча өз ишмердигин, уулу жана ал иштеген компаниянын аракеттерин дыкат иликтеп чыгууга мүмкүндүк берди, аны актоо далбасы болгон жок.
АКШ президентинин администрациясы Уолкердин комиссиясына колдоо билдирип, Аннандын Улуттар уюмун реформалоо аракетин кубаттай турганын белгиледи. Ал тапта Конгресстеги талаш-тартыш, талкуулар уланууда, ал эми конгрессмендер күмөн санап жаткан комиссиянын жаңы отчету алдыдагы жай айларында жарыяланмакчы.