Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:20

КЫРГЫЗСТАНДЫ КЫЛМЫШТУУ ТОП БАШКАРГАНБЫ?


Мурунку президент Аскар Акаев жана анын жакындарынын мүлкүн аныктоо боюнча өкмөттүк комиссия ишин улантууда. Комиссия Бишкектеги “Народный” дүкөндөрүн уюштуруучусу да Акаевдин жакындары экендигин, буга чейин бюджеттин 50 пайызы уурдалып, ар кандай фонд, уюмдарга которулуп кетип жаткандыгын аныктап чыкканын жарыялады.

Аскар Акаевдин жана анын жакындарынын мүлкүн аныктоо боюнча өкмөттүк комиссияны вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов жетектейт. Комиссия жума сайын чогулуп, анын жыйынтыгы боюнча ошол күнү эле журналисттерге маалымат берет. Шаршемби күнү кечинде комиссиянын кезектеги жыйыны болуп, анын жыйынтыгы боюнча Данияр Үсөнов, каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров маалымат берди.

Данияр Үсөнов Сейшел, Мэн, Гавай, Виржиния сыяктуу оффшордук аймактарда уюштурулуп,Кыргызстанда иш жүргүзгөн ондогон фирма-ишканалардын артында кимдердин тургандыгын аныктап чыгуу убакытты талап кылаарына токтолуу менен Бишкекте ондон ашуун соода борбору бар «Народный» дүкөнүнүн ээлеринин бири Акаевдин жакындары экени аныкталганын билдирди:

- Мына “Sylk way” соода үйү. Анын уюштуруучуларынын бири Улан Жамакеев. Ал Акаевдердин жакын тууганы. “Sylk way” болсо “Народный” дүкөнүн уюштуруучулардын бири. Ушуну менен “Народный” дүкөнүнүн директорунун биздин Акаевдин үйбүлөсү менен байланышыбыз жок дегенинин калпы чыгууда.

Данияр Үсөновдун айтымында, учурда комиссия мурунку каржы министри Болот Абилдаев, улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкулов, биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев жана премьер-министр Николай Танаевге тиешелүү ондогон фирмаларды иликтеп жатат.

Акаевдин режими коррупциялык системаны 15 жыл бою курган, ошондуктан анын чүмбөттөрүн аз күндө ачуу мүмкүн эместиктен комиссия ишин дагы бир айга узартуу өтүнүчүн өкмөт башчыга жолдоду, деп белгиледи Данияр Үсөнов.

Каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровдун айтымына караганда, министрлик 44 ишкананы текшерип чыкты. Алардын ичинен Канттагы цемент-шифер, Карабалта спирт, Кайыңды кант жана башка ишканалар салыктын көлөмүн өткөн жылдары өтө төмөндөтүп жибергендиктен алардын иштерин тартип коргоо органдары иликтемекчи. Бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча Жапаров буларга токтолду:

- Үйбүлөнүн фондуна бюджет аркылуу эле жыл сайын 2 милилард сом уурдалып кетип турган. Биз аларды токтото баштадык жана ошонун натыйжасында апрель айында бюджетке кошумча 160 миллион сомдон ашуун каражат түштү.

Комиссия ошондой эле Каракече көмүр кенин Майрам Акаева ээлеп алганын документалдык түрдө аныктап чыкканын да жарыялады.

Маалымат жыйынында айтылгандарды жыйынтыктаган Данияр Үсөнов мындай деди:

- Мен акырындап, бул коррупциялык система эмес, бул уюшкан кылмыштуу топ болгон деген ойго батып баратам. Алардын максаты кылмыштуу жол менен акча жыйноо болгон. Ага биз 15 жыл бою чыдап келдик.

Мурунку биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиевдин бул айыптоого жообу мындай болду:

- Текшеришсин. Ага бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүктөр бар. Эгерде мыйзам бузуу болсо жооп беребиз.

Кубанычбек Жумалиевдин айтымында, комиссия өз ишин ачык жүргүзүп, такталбаган маалыматтарды жарыялабоого тийиш.

Башкы прокуратура Акаевдин жакындарынын мүлкүнө байланыштуу 114 кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүдө. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы да, тергөө жыйынтыгы да коомчулукка маалымдалат, деп белгилешти комиссия мүчөлөрү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG