Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:47

ООГАНСТАНДАГЫ ТОЛКУНДООЛОР АКШ СЕНАТЫНДА ТАЛКУУГА АЛЫНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 10-май күнү Ооганстанда башталган толкундоолор менен байланыштуу, АКШ Сенатында 12-май күнү атайын жыйын өткөрүлдү жана ага мамлекеттик катчы Кондолиза Райс менен аскерий күчтөрдүн биргелешкен ордосунун башчысы генерал Ричард Майерс келип сүйлөдү. Майерстин айтымында, америкалык аскерий базада ыйык Куранды мазактоо окуясы болгону далилдене элек, ошондуктан Ооганстандагы окуялардын себеби башкада жатышы мүмкүн.

Өткөн аптада америкалык "Ньюсуик" журналы жазып чыкканга караганда, Куба аралындагы америкалык Гуантанамо аскерий базасында АКШ аскерлери ыйык Куранды мазактаган. Бул базада америкалык жетекчилик - террорчулукка каршы согуш учурунда ар башка өлкөлөрдө туткунга алынган шектүү адамдарды кармайт. Беш жүзгө жакын туткундун бир тобу мусулман мамлекеттеринде колго түшкөндөр. "Ньюсуиктин" жазганына караганда, америкалык аскерлер абакка айлантылган бул базанын дааратканаларына Куранды коюп коюшкан жана ыйык китепти унитазга да салып жиберген окуя болгон.

Бул кабарды укканда, 10-май күнү Ооганстандын Жалалабад шаарында, андан соң өлкөнүн башка аймактарында дагы студенттик толкундоолор башталды, аларга эки миңге чейин адам катышты жана митингчилер антиамерикалык ураандарды чакырып, АКШ менен кызматташкан президент Хамид Карзайдын дагы кызматтан кетишин талап кылды. 11-май күнү болсо Жалалабад шаарындагы демонстрацияга каршы полиция ок атты жана бир нече адам өлдү. Айрым кабарларга караганда, төрт адам ошол эле күнү курман болгон, дагы үч киши кийин ооруканада өлдү.

12-май күнү америкалык Сенатта талкуу болуп, ага чакырылган АКШ аскерий күчтөрүнүн биргелешкен ордосунун башчысы генерал Ричард Майерс тыкан тергөө жүрүп жатканын, бирок америкалык аскерлер чындап эле ыйык Куранды мазактаганы тууралуу фактылар табылбаганы жөнүндө билдирди. Генералдын айтымында, тескерисинче, бир туткун өзү бийликке каршылык көрсөтүү иретинде Куранды айрып, аны унитазга салып жибергени аныкталды. Анткен менен тергөө дагы уланууда, бирок Майерстин пикиринде, Ооганстандагы толкундоолордун Гуантанамо базасындагы абалга эч тийешеси жок болуп да чыгышы мүмкүн:

- Биз Жалалабадда көргөн сыяктуу толкундоолор сөзсүз эле Курандын мазакталганы менен байланыштуу деп айтканга жетиштүү негиз жок, алар саясат менен көбүрөөк байланышкан болушу мүмкүн, мисал үчүн, президент Карзай менен анын өкмөтүнүн Ооганстандын ар башка күчтөрүн бириктирүү саясатына каршы уюмдар бар.

Талкууга катышкан мамлекеттик катчы Кондолиза Райстын айтымында, Куран сыяктуу ыйык китептердин мазакталышына АКШ өкмөтү түп тамырынан бери каршы:

- Ыйык Курандын мазакталышына АКШ эч качан жол берген эмес жана бербейт. Биз ар бир диндин ыйык китептерин сыйлайбыз. Курандын мүмкүн мазакталганын биз жийиркенүү менен кабыл алабыз.

Ооганстандагы окуялар болгон учурда Европада жүргөн президент Хамид Карзай ал толкундоолор антиамерикалык экенин күмөнгө салды:

- Бул антиамерикалык окуя эмес. Эл жөн гана Гуантанамо базасында Куран китеби мазакталганы тууралуу кабарга ушинтип жооп берген. Бул демократиялык көрүнүш. Ооганстан демократиялык өлкө. Эл митингге чыгып, өз пикирин билдирүүгө укуктуу.

Кээ бир эксперттердин айтымында, ооган жетекчилиги негизинен тышкы саясатка көңүл буруп, карапайым калктын күнүмдүк маселелерин чечүүгө бурула элек жана толкундоолордун себеби ошондо жатат.

XS
SM
MD
LG