Сынактын жүрүшүндө талапкерлер өзүнүн шайлоо алдындагы программасын жазуу түрүндө жазышып, аны айтып беришти. Аны жазууга 45 мүнөт, айтууга 15 мүнөт убакыт берилди. Мындан сырткары талапкерлер комиссия тарабынан берилген кайсы бир көркөм адабий чыгармадан үзүндү окуп беришти. Комиссия талапкерлерге баа койгон жок, тек гана “билет” жана “билбейт” деген жыйынтык чыгарашты.
Талапкер Жыпар Жекшеев биринчи жооп берип, сынактан өттү. Экинчи болуп жооп берген Акбаралы Айтикеев да сынактан өттү.
Ал эми үчүнчү талапкер Жеңишбек Назаралиевдин жооптору комиссия мүчөлөрүнүн теңин канааттандырса, теңин канааттандырган жок. Натыйжада ага баа берүүдө комиссия мүчөлөрү бир пикирге келе алышпай, маселени БШК менен тил комиссиясы биргелешип чече турган болду.
Сынактын жүрүшү Улуттук телекөрсөтүү аркылуу түз алынып көрсөтүлдү.