Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:25

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДА КЫРДААЛ КУРЧ


14-майда Ош облусунун Карасуу шаарына тушташ Өзбекстандын Карасуу айылында 3 миңден ашуун өзбекстандык атуулдар өздөрүнүн чегара бекеттерин ээлеп алып, митинг уюштурушуп, Шахрихан сай дарыясына кыргыз-өзбек жарандарын байланыштырган темир көпүрө орнотушту. Жалалабад облусундагы Сузак районунун Карадарья айыл өкмөтү менен Өзбекстандын чектеш жеринде да өзбек атуулдары бар. Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын тик учагы айланып учканы айтылууда.

Кыргыз чегара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын билдиргенине караганда, Жалалабад облусунун Ноокен районундагы Бараш айылына чектеш жерде 500дөн ашуун өзбек жарандары кыргыз аймагына качып киришип, кыргыз чегарачылары аларды курчоого алышып, кайра артка кетүүсүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Ал эми Ноокен районунун акими Советалы Сейиткулов болсо Өзбекстан менен чектешкен баардык чегара постторун кыдырып келгенин, бирок Өзбекстан тараптан бир да адам Ноокен районунун аймагына кирбегенин айтты:

-Мен азыр райондун аймагын жаңы эле кыдырып келдим. Коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен чогуу көрүп чыктык. Азырынча баардыгы тынч. Эгерде кандайдыр бир окуя болсо райондо түзүлгөн штабга кабарлашат. Буйрук келген экен, дайыма даяр туруучу ротаны камдагыла деп. Бардыгы даярдыкта. Андан башка эч бир окуя болгон жок.

Кыргыз чегара кызматынын башчысы Мырзакан Субанов учурда окуя болгон жерде жүрөт. Кырдаал чегара жана тартип коргоо кызматы тарабынан көзөмөлөдөнүп турат деп кошумчалады Кыргыз чегара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева.

Ушул эле күнү Жалалабад облусундагы Сузак районунун Карадарья айыл өкмөтү менен Өзбекстандын чектеш жеринде 539 өзбек атуулдары кыргыз аймагына качып кирүүгө аракет кылышкан. Облустун Ички ишкер башкармалыгы катоого алганда ал качкындардын 83ү аял, 17си жаш бала, 12си түрмөдөн качкандар болуп чыкты.

Өзбек атуулдарын өздөрүнүн чегарачылары ок атып тосууга аракет кылышканда 7 адам өлүп,18 ашууну жарадар болгон. Аларга Сузак районунун дарыгерлери жеринде жардам көрсөтүп, жараатарын таңышкан. Чегарада турган өзбек атуулдары “Өзбекстанга барбайбыз Кыргызстан бизге саясий баш паанек берсин же үчүнчү мамлекетке өткөрүп берсин. Биздин адамдык укуктарыбызды коргоого Бириккен Улуттар уюмуна кайрылабыз” деп билдиришти. Алар Өзбекстанга кайтып барышса өлүм жазасы күтүп тургандыгын айтып тынсызданышууда.

Бул күнү Ош облусунун Карасуу шаарына туташ Өзбекстандын Карасуу айылы менен чектеш Шахрихан сай дарыясында кыргыз-өзбек жарандарын байланыштырган темир көпүрө орнотушту. Мындан эки жыл мурда Өзбек тарап бул көпүрөнү алып салган. Учурда дарыя жээгинде 5 миңден 6 миңге чейин Өзбекстандын атуулдары чогулуп турат деп билдирди Хизб-Ут-Тахрир диний уюумунун активисти Дильер Жумобоев. Анын айтымында, өзбек тарапта чегара жана милиция кызматкерлери жок. Өзбекстандын Коргоо министрлигинин тик учагы Кыргызстандын аймагында айланып учууда:

-Кыргызстандын аймагына Өзбекстандын аскерий тик учагы бир нече ирет учуп кирип, айланып кайра кетти. Дарыяга эл темир көпүрө орнотту. Мына тик учак дагы учуп келатат. Кыргызстандын аймагына учуп кетти. Мен видеотасмага жаздырып атам.

Ал эми Кыргызстандын чегара кызматынын басма сөз кызматы кыргыз аймагына эч кандай тик учак учуп кирбегенин билдирди.

XS
SM
MD
LG