Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:37

ЖАЛАЛАБАТТА ЖАГДАЙ КАНДАЙ?


Анжияндагы 13-майда болгон митинг күч менен басылгандан кийин Жалалабат облусунун Сузак районундагы Карадарыя айыл өкмөтүнүн Тешикташ деген жерине өтүп келген өзбекстандык атуулдар 15-майда да Өзбекстанга барбай тургандыктарын жана Кыргызстан саясий башпаанек берүүсүн өтүнүштү. Жалалабат облустук бийлиги аларга колдон келген жардамдарын көрсөтүүдө.

Анжиян шаарынан качып келген жарандар Өзбекстандын ички иштер министри Закиржан Алматовдун Кыргызстанга өтсөңөр аман каласыңар деген сөзүнөн улам Жалалабат облусуна өтүп келишкендигин качкындардын өкүлү Абдусалам Каримов мындайча билдирди:

- Ички иштер министри Закиржан Алматов “силер Кыргызстанга барсаңар аман каласыңар Ал жакта силерди эч ким атпайт. Сөзүңөрдү угат,-” деп айтканынан Кыргызстанга карай бала-чакабыз менен миңден ашык адам үмүт менен жол тарттык.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн коргоп тургандыгына жана жергиликтүү бийлик колдон келген жардамын көрсөткөндүгүнө ыраазы болгон 60 жаштагы Нурулло Максудов өлкө башпаанек берээрине ишенич билдирип, кокус андай макам ыйгарылбай калса, өлсө да Өзбекстанга барбай тургандыгын ачыкка чыгарды:

- Биздин максатыбыз саясий башпаанек суроо. Бизге башпаанек берет деген ишеничибиз бар. Кыргызстанда да ыңкылап жакында эле болду. Ал ыңкылап тынчтык жолу менен өттү. Бул жерден биз кетпейбиз. Кайра артка барсак, бизди атаары чын. Андан көрө ушул жерде өлгөнүбүз артык.

19 жаштагы Маткаримова Максуда бардык мамлекеттерден укуктарын коргоп, Анжиян шаарын азаттыкка чыгарууну өтүндү:

- Биз ата -энебизди таштап келдик ушул жерге. Биз бардык өлкөлөрдөн Анжиян элине жардам берүүсүн суранабыз. Азаттыкты талап кылабыз, өзүбүздүн укугубузду талап кылабыз. Бизге мындан башка эч нерсенин кереги жок. Тынчтык керек.

Жалалабат облусунун аймагында 14-майдан бери турган өзбекстандык бул 539 адамдын чекарадан өтөөрдө өзбекстандык куралчан адамдардан жаракат алган 11и Сузак райондук ооруканасына жаткырылды. Качкындарга он чатыр тигилип, казан асылды. Алардын абалынан 15-майда кабар алган губернатор Жусупжан Жээнбеков Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын, бирок Кыргызстан саясий башкалка бере албай тургандыгын айтты.

- Биз биринчиден башпаанек бере албайбыз. Экинчиден, бул Өзбекстандын өзүнүн ички саясаты. Биздин алдыбыздгы беш жүздөн ашык адамдын кимиси кылмышкер, кимиси жакшы адам экенин биз билбейбиз. Кечээ күнү Пахтабад районунун акими келип эли менен жолугушту. Бул өзүңөрдүн адамдарыңыз, биз ички саясатка аралаша албайбыз, адамдарды алып кетиңиз дегенде элдер макулдугун бербеди. Кетпейбиз деп туруп алышты. Бүгүн ысык тамак кылып жардам берип жатабыз. Кечинде электр жарыгын берүүгө камданып жатабыз. Бирок бул көпкө чейин эмес.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG