Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:55

ДАНИЯР ҮСӨНОВ: “Ф. КУЛОВ МЕНЕН К. БАКИЕВДИН ТАНДЕМИН КОЛДОЙМ, ЭЧ КАНДАЙ ТААРЫНЫЧ ЖОК”.


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кээ бир талдоочулар Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун бир келишимге келиши бийликтеги экинчи бир тараптын нааразычылыгын жаратканын, мурда Өкмөт башчылыгы кызматы ыроолонуп келген Данияр Үсөнов өз кызмат ордунан чегингени жатканын, ошондой эле убактылуу өкмөттүн айрым өкүлдөрү бул келишим менен макул эместиги тууралуу айтып чыгышты. Мындай пикирлерди тактоо иретинде вице-премьер-министр Данияр Үсөнов менен кабарчыбыз кыскача маек уюштурду.

- Данияр мырза, Феликс Кулов менен Курманбек Бакиевдин жаңы тандеминен кийин жаңы өкмөттүн мүчөлөрүндө нааразычылык болуп, ал гана эмес сизди бийликтен чегинүү маселесин көтөрүп жатыптыр деген маалымат азыр коомчулукка тарап кетти?

- Акаевдин учурунда жалпыбыз саясатчы болуп кеттик.. Ошон үчүн менин оюмча Данияр Үсөнов отставкага кетти деп бирөө атайын ойлоп чыгарып, ушул ушактарды таратып жиберди. Биринчиден, мен бул тандемди колдойт элем. Эмне үчүн дегенде, бул тынчтыкка алып келет, бул эки күчтүү саясатчы элди дүрбөтпөй жаңы бийликти тынч шайлап алганга жол ачып атышат. Экинчиден, өкмөткө келген адамдар, эң негизгиси портфель үчүн келбеш керек, эл үчүн келиш керек. Элиме революциядан кийин эмне жасайм, колумдан эмне келет, көз карашым кандай деген ой менен келиши керек. Менин оюмча мына ошондой ой менен Феликс Шаршенбаевич командага кошулуп атат. Үчүнчүдөн, көп адамдар кайрадан эле саясатты бурмалоо жол менен бүгүн канча сөз чыгарып атышат, Бакиев жумшак, курч эмес, чечкиндүү эмес деген. Бул туура эмес. Бакиев абдан күчтүү киши. Себеби, өзүнүн тегерегине кандай гана саясатчылардын башын кошкон жок. Данияр Үсөновду, Үсөн Сыдыковду бир пикирдеги саясатчы деп айтса болбойт. Бирок бир командада иштеп атабыз. Адахан Мадумаров менен Дастан Сарыгулов ар башка адамдар. Философиялары кээ бир убактарда башкача болуп чыгып атат, бирок биз бир командадабыз. Себеби элибиз, жерибиз бир. Эмнеге бөлүнүп атабыз? Түндүк, түштүк деген көп саясат сөздөр чыгып атат. Биз кыргызбыз, бир элбиз. Ошол эле түндүк, түштүк проблемасын алсак, он беш жылдын ичинде менин түндүктүк байкем Аскар Акаев кандай жакшылыкка алып келди. Мына менин байкем он беш жылдын ичинде түндүктөн чыккан жигиттердин көбүн камады. Ошол эле Казакбаевди, Куловду, Үсөновду, Ибрагимовду, Биялиновду, Сарымсаковду алалы, жалпысынан 47 кишинин фамилиясын айтып бере алам.

- Данияр мырза, айрым бир саясатчылар жаңы өкмөттүн экономикалык эч кандай программасын биз көрө элекпиз, экономикалык программасын айта элек дейт. Чын эле жаңы өкмөттө, жаңы бийликте ушундай экономикалык программа дагы эле түзүлө элекпи?

- Экономикалык программа түзүлгөн. Апрелдин ортосунда К. Бакиевге, Ү. Сыдыковго, вице-премьерлерге, министрлерге биз бергенбиз. Азыр ал биздин ичибизде талкууга алынып жатат. Ал бир канча бөлүктөн турат жана ийкемдүү программа. Даяр болгондо биз аны бүткүл элдик талкууга чыгарабыз. Ошол эле К.Бакиевдин шайлоо алдындагы программасында анын бардыгы камтылган.

- Данияр мырза, К. Бакиев менен Ф. Куловдун ортосунда кабыл алынып аткан меморандумда жаңы өкмөттү толугу менен Феликс Кулов түзүш керек, жаңы өкмөттү ал башкарыш керек делиптир. Ушул маселе жана сиздердин экономикалык программаңыздар Феликс Кулов жаңы өкмөттү түзүп, ишке киришкенде кандай болот?

- Менин оюмча, Феликс Кулов болобу, Данияр Үсөнов болобу,К. Бакиев болобу, Кыргызстандын экономикасы баары бир, артыкчылыктары жана тармактары ошол эле. Принципиалдуу түрдө башка программа болобу, бир Бакиевдин, бир Куловдун, же Үсөновдун программасы болбош керек. Бул өкмөттүн программасы болушу керек. Өкмөт деген коллегияалдык орган. Феликс Шаршенбаевич менин угушумча, бүгүн жумушка чыгыш керек биринчи вице-премьер катары. Чыккандан кийин жолугабыз, бул жөнүндө да сүйлөшөбүз.

- Данияр мырза, сизди коомчулук келечекте жаңы премьер-министр болот деп атты эле. Эми мына жаңы тандемден кийин премьер-министр Феликс Кулов болгону калды. Бул жерде сиз таарынычта калган жоксузбу?

- Биринчиден, мага эч ким убада берген жок премьер-министр болосуң деп. Экинчиден, мен андай шарт койгон жок элем. Себебин өзүңөр билесиңер, революцияны эч ким пландаштырбай эле, бир күндө болуп калды, эл келип эле эски бийликти шыпырды. Анткени акыркы точкасына жетип калган. Ошол кезде бирөө өзүнүн мойнуна жоопкерчиликти алыш керек эле. Аны Бакиев жана Бакиевдин командасы алган. Курманбек Салиевич мени чакырып, он жылдан бери айтылып келаткан жаңы экономикалык принциптерди азыр ишке киргизели. Ошону айтып жүргөнсүз, ушул экономика жагын албайсызбы деп сунуш кылган. Бири-бирибиз менен сүйлөшсөк, мага ошол кишинин позициясы жакты. Сиз билесиз, мен айткам 97-жылы шарт болсо мен өзүмдүн талапкерлигимди президенттикке коем деп. Бирок ушундай революциялык кырдаалда ар бирибиз амбициябызды чөнтөкө салып, элдин кызыкчылыгын ойлошубуз керек. Ошол ой мен мен макул болдум. Ошондуктан эч кандай деле таарыныч жок. Экинчиден, бул тандем туура чечим болду. Бул саясий чечим. Эми Феликс Кулов Курманбек Бакиев менен бир команда болгондон кийин, биз деле ошол командадабыз, кандай болот, эмне болот отуруп бирге чечебиз. 2000-жылдан баштап өзүңүз билесиз мен үч жыл жумушсуз болгом. Анда деле асман түшүп калган жок. Кеп кызматта эмес, кеп өлкөбүз эртең кайсы жол менен басат, кыргыз элинин келечеги кандай болот, мамлекетти кризистин сазынан чыгарыш керек болуп атат.

-Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

XS
SM
MD
LG