Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

СОТ КРИЗИСИ КАЧАН ТОКТОЙТ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Жогорку соттун имаратын бир нече күндөн бери ээлеп турган атуулдар 18-майда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүштү. Алар Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов кызматтан кеткичекти сот имаратын бошотпой тургандыгын эскертишти.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон атуулдар 22-апрелден бери Жогорку соттун имаратын ээлеп турушат. Алар Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмоновдун кызматтан кетишин талап кылышууда. Ал эми Жогорку сот төрагасы Осмонов болсо, адегенде кызматтан кетүү боюнча арыз берип, кайра арызын кайтарып алган. Буга байланыштуу сот имаратын ээлеп турган атуулдар Жогорку Кеңештин имарат алдына нааразылык иш чарасына чыгышты. Ал эми 18-майда алар журналистерге маалымат жыйын өткөрүштү.

№ 6 Асанбай шайлоо округунан депутаттыкка ат салышкан талапкер Шарипа Садыбакасованын өкүлү Калича Умуралиеванын маалыматына караганда, кырдаалдан чыгуу үчүн президенттик администрациянын юридика бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов пикетчилерди Курманбек Осмонов менен сүйлөштүрүүгө аракет жасаган. Нааразылык иш чарасынын катышуучуларынын мындай демилгесинен Курманбек Осмонов баш тартып, сүйлөшүүгө келбей койгон:

- Учурда маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү жолу жүз пайызга туңгуюкка барып такалды. Осмонов биз менен сүйлөшкүсү келбейт жана сүйлөшпөй жатат.

Ошондой эле алар Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов кызматтан кеткичекти нааразылык акциясын улантыша тургандыгын эскеришти:

-Биз койгон талаптардан кайтпайбыз. Аягына чейин турабыз. Жогорку соттун имаратын маселе чечилгичекти бошотпойбуз.

Ал эми Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов болсо нааразылык акциясынын катышуучулары менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес дейт:

- Мен алар менен сүйлөшөйүн деп Жогорку сотко барсам аялдар асылып, ур-токмокко алып коюша жаздашты. Алар менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес. Алар мурдагыдай эле шарттуу түрдөгү талаптарын коюшат. Менин оюмча имаратты бошотушса, ага соттор киришсе, ошол жерде деле сүйлөшсө болот да.

XS
SM
MD
LG