Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

ИРАН-ИРАК АЛАКАСЫНДАГЫ БУРУЛУШ УЧУР


Ирандын тышкы иштер министри Камал Харазинин шейшемби күнү Багдадга жасаган визитин Ирак жетекчилиги жогору баалады. Харази- эки жыл мурда Саддам Хусейндин бийлиги кулатылгандан бери Иракка коңшу алты өлкөдөн келген бийик даражалуу биринчи ырасмий адам болду. Байкоочулардын айтымында, Харазиянын сапары коңшу эки өлкөнүн мамилесиндеги оң бурулуштун жышааны.

Ирактын тышкы иштер министри Хошяр Зебаринин сөзүнө караганда, Камал Харазинин сапары Иран бийликтери Ирактын жаңы өкмөтүн жана элин сыйлаганын күбөлөйт. Ырасмий Тегеран, Зебаринин айтышынча, согушчандардын Ирандан Иракка кирип жатканын колдоп жаткан жок:

- Иран Ислам Республикасы “ал-Каиданын” жана Абу Муса Заркавинин биздин жерде болушун каалабай турганына биз ишенебиз.

Ирандын тышкы иштер министри Багдадга келгенден эки күн мурда АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Иракка күтүүсүз сапарга келип, үч жума мурда түзүлгөн жаңы өкмөттүн башчылары менен таанышып кайтты.
Жаңы өкмөттүн бир нече шийи мүчөсү Иранда узак жылдар сүргүндө жашаган.

Камал Харази Ирактын премьер-министри Ибрагим Жафари, президент Жалал Талабани жана коллегасы Хошяр Зебари менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү, Иран Ирактын ички ишине кийлигишпейт деп сөз берди:

- Биз өз тарабыбыздан эки өлкө арасындагы чек араны контролдоо үчүн колубуздан келген бар аракетибизди жасаганбыз. Ал үчүн курал аткезчилигине катыштыгы бар көптөгөн адамдарды камакка алганбыз. Себеби, эки өлкөнүн чек ара коопсуздугу Ислам Иран Республикасынын бейкуттугу үчүн зарыл деп ишенебиз.

Иран жана Ирак 1980-88-жылдардагы өз ара согуштан бери былтыр гана толук дипломаттык алака түзүштү.

2003-жылдын мартында Саддамдын өкмөтү талкалангандан тарта ортодогу мамиле акырындап жакшырып барат. Бирок АКШ бийликтери жана Ирактын мурдакы утурумдук өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү Иранды өлкөнүн ички ишине башын салууда, козголоңчуларды колдоодо деп күнөөлөшкөнү маалым. Иран айыптоолорду четке кагып, Иракта тынчтык орношун жана Ирак күнкорсуз болушун жактаарын дембе-дем кайталап келет.

Байкоочулар Харазинин визитин Иран-Ирак мамилесиндеги бурулуш учур деп мүнөздөштү. Лондондогу Араб-Иран изилдөөлөр борборунун мүдүрү Алиреза Нуризаденин кебине караганда:

-Ирактын жаңы өкмөтүнүн башчысы жана бир катар министрлер Ислам Республикасынын чыныгы достору. (Мурдакы утурумдун өкмөттүн башчысы) Аяд Алавинин өкмөтү тушунда, эки өлкө ортосунда ырасмий катташуулар болуп турганына карабастан, ирактыктар Иранды ички ишибизге киришүүдө деп сындашчу. Бул визит жаңы байланыштын башаты болууда жана нааразычылыктарды азайтат. Азыркы өкмөттүн бир катар мүчөлөрү Иран менен достук мамиле күтүүгө даяр экенин башынан эле айтып жүрүшкөн. Эми ирактыктар менен ирандыктардын кызматташуусу жакшырат.

Вашингтондук эксперт Шаул Бакаштын пикиринде, Ирак жетекчилиги өлкө үчүн Иран менен жакшы мамиледе болууга абдан чоң маани берет. Анткени, эки ортодогу чек ара 1300 чакырымга жакын. Өз ара мамиленин жакшыруусу эки өлкөнүн соодалашуусуна өбөлгө түзөт. Андан тышкары Ирактын калкынын көбү ирактыктар сыяктуу шиитер экени да чоң мааниге ээ.

XS
SM
MD
LG