Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

БАЯМАН ЭРКИНБАЕВ ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛИГИН АЛЫП САЛДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек 20-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев президенттикке талапкерлигин алып салгандыгын ырасмий билдирди. Көпчүлүк саясатчылар муну туура кабыл алышты. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Феликс Кулов президенттик шайлоо акыйкат өтсө экономикада да өнүгүү болот деген көз карашта.

Жума күнү Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев президенттик шайлоого катышпай калганынын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Мен Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов сүйлөшүп, макулдашкандан кийин өзүмдүн талапкерлигимди алуу жөнүндө чечим кабыл алдым. Анткени азыр Анжияндагы окуялардан кийин биздин өлкөгө да кандайдыр бир коркунуч туулуп жатат. Ушундай кырдаалда саясий күрөштү токтотууну чечтим. Мен үчүн элибиздин тынчтыгы, бейпилдиги президент болуудан жогору турат.

Ал эми Феликс Кулов Эркинбаевдин талапкерлигин алдыруу боюнча бийлик тарабынан кысым жасалганбаганын белгилөө менен бирге бул чечимди колдой турганын айтты:

- Бүгүн кырдаал күн сайын татаалдашып баратат. Анын татаалдашына ар кандай шарттар бар. Биз бул маселени талкуулаганыбызда, Анжияндагы окуяларды эске алуу менен, Баяман Эркинбаевден азыркы кырдаалда өзүнүн шайлоочулары менен түштүктө иштешин өтүндүк. Азыр ал чекарада чоң иштерди жүргүзүп жатат. Кырдаалды түшүнүү менен кабыл алды. Ага карата эч кандай кысым болгон жок. Мен ойлойм бул чечим өлкөдөгү кырдаалдын турукташына өбөлгө түзөт.
Анын пикиринде, алдыдагы шайлоодо президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев жеңип чыгаарында эч шек жок, бул тууралуу Орусиядан келген саясий технологдор да айтышууда. Куловдун пикиринде эгер президенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өтсө, анын өлкөгө четтен инвестиция келишине да кедергиси тийет:

- Мен бул жакка, менин командама москвалык саясий технологдор келгендигин жашырбайм. Бир четинен менин президенттик шайлоого катышуудан баш тарткандыгыма алардын да божомолдору, мага берген кеңештери себеп болду. Азыр алардын баамында, Бакиев шайлоочулардын 65 пайызынан 72 пайызына чейинки добушуна ээ болот. Бакиев 100 пайыз жеңет. Бирок 120 пайыз кылуунун кереги жок. Эгерде шайлоодо бурмалоолорго барсак, биздин эл аралык коомчулуктун алдындагы аброюбуз түшөт.

Куловдун маалыматына караганда, ал Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү боюнча программа түзүүдө, мындай программа Курманбек Бакиев тарабынан да иштелип жатат.

Баяман Эркинбаевдин президенттик шайлоодо талапкер катары ат салышуудан баш тарткандыгына саясатчылар кандай карашууда? Буга байланыштуу парламенттин депутаты Тайырбек Сарпашев мындай пикирде:

- Мындай чечим өлкөдөгү азыркы кырдаалды эске алуу менен кабыл алынса керек. Менин пикиримде бул өлкөдөгү кырдаалдын турукташына, президенттик шайлоо тынч өтүшүнө өбөлгө түзөт.
Ал эми Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидерлеринин бири Орозбек Дүйшеев болсо мындай пикирин билдирди:

- 24-марттагы ыңкылаптын башкы максаты элибизде патриоттуулук сезимди күчөтүү эле.Мына азыр президенттик шайлоого өздөрүнүн талапкерликтерин көрсөтүп жаткан жигиттерибиз да, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын ойлонбостон, өлкөнүң, элдин кызыкчылыктарын ойлоп, бир пикирге келишүүдө.

XS
SM
MD
LG