Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:44

МАМЛЕКЕТТИК КОМИССИЯНЫН ТЫЯНАГЫ ДЕПУТАТТАРДЫ КАНААТТАНДЫРБАДЫ


Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу чараларын иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматын укту. Бирок парламент комиссия сунуштаган чараларга канагаттанган жок. Ошондуктан, маселени кароону 27-майга калтырды. Ага чейин документти тиешелүү комитеттер комиссия менен бирге ийине жеткире иштеп чыкмай болду.

Комиссия төрагасы Мирослав Ниязов коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу чараларын сунуштаардан мурда 24-марттагы окуянын чыгуу себептерине токтолду:

- Акаев жана анын жакындары жетектеген бийлик бийликти, экономикалык ишмердүүлүктү ээлеп алган. Кеп анын санында да эмес: канча акчаны уурдап алышты, канчаны менчиктештирди? Кеп алардын тескери таасиринде, элдин кыжырын келтиргенинде. Ушунун бардыгы биригип, жалпыга белгилүү кесепеттерди пайда кылган революциялык кырдаалды түздү.

24-март окуясын элдик ыңкылап деп баалаган Мирослав Ниязов мамлекеттик комиссия өткөн бир ай ичинде өзүнө жүктөлгөн милдетти өтөп бүттү деп эсептеди:

- Биз алдыбызга койгон милдеттерди аткардык. Тыянакты биз президенттин милдетин аткаруучуга да, Жогорку Кеңешке да бердик. Маалымат каражаттарына дагы беребиз.

Бирок Ниязовдун комиссиянын тыянагы боюнча берген сунуштары депутаттарды ынандыра алган жок. Белгилеп койчу жагы - мамлекеттик комиссия парламентке берген документте бийликтин тең салмактуулугун, соттун көз карандысыздыгын камсыздоо, жарандык коомдун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу, маалымат каражаттарынын таасирин күчөтүү, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү үчүн кадр саясатында ачыктыкты камсыздоо, структуралык реформаларды колго алуу өңдүү сунуштар белгиленген.

Сөз алган депутаттар мамлекеттик комиссиянын тыянагын өтө эле саясатташкан документ катары карап, кырдаалдан чыгуунун иштиктүү багыттары камтылган эмес деп эсептешти. Маселен, депутат Кубатбек Байболов:

- Кандайдыр бир саясий эрк, жок дегенде, маселени чечүүнүн жолдору болушу керек жана аны сиз, сиз болбосоңуз сизден алда канча бийик турган жетекчилик билдириши керек. Башкача айтканда, бул маселелерди чечиш керек да.

Байболов маалыматта жалпыга белгилүү жоболор айтылганы менен, Жогорку соттогу кризис өңдүү курч маселелердин себептери, чечүүнүн жолдору аныкталган эмес. Ал ошондой эле комиссиянын маалыматын кылдат талкуулап, аны элге түз эфир аркылуу көрсөтүш керек деген оюн билдирди. Комиссиянын тыянагына ынанбагандыгын депутат Кубанычбек Исабеков да билдирди:

- Сиз менен биз иштеп чыккан бул документ саясий гана мүнөзгө ээ. Конкреттүүлүк жок. Анан элди минтип алдабайлы.

Март окуясынан кийинки терс көрүнүштөрдөн арылуу үчүн жаңы өкмөттө саясий эрк керек деген депутаттардын бири Темир Сариев парламентте Ниязовго мындай суроо берди:

- Студенттерди шайлоого, кандайдыр бир саясатка үгүттөбөш керек дедиңиз. Ошол эле убакытта жаңы өкмөт студенттердин окуу мөөнөтүн 10-июлдан аркыга чоюп койдуңар. Бул эмне? Сиздин айтканыңыз бир, кылганыңар башка болуп атпайбы? Муну кандай түшүнсө болот?

Бирок Мирослав Ниязов анда мындай маалымат жок деп билдирди.Маселени кийинкиге жылдыруу жөнүндөгү депутат Байболовдун сунушуна таянган парламент маселени 27-майда кароо чечимине келди.

Ал эми Мирослав Ниязов болсо коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу чараларын иштеп чыгууда комиссия өз максатына жетти деген ойдо:

- Комиссия бир ай эмес, бир жыл, эки жыл иштеген учурда деле биздеги проблемалардын бардыгын толугу менен камтый алмак эмес. Бирок биз аны ишке ашыруунун негизин түздүк.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG