Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕР ТИЛ СЫНАГЫНАН ӨТҮШТҮ


21-майда Кыргызстандын президенттигине талапкерлер Курманбек Бакиев менен Турсунбай Бакир уулу мамлекеттик тил комиссиясынын сынагынан өтүштү.

Президенттикке эки талапкер Курманбек Бакиев менен Турсунбай Бакир уулу Шайлоо кодексинин 61-беренесинде көрсөтүлгөндөй президенттик программасын адегенде жазуу, анан оозеки жүзүндө баяндап, 3 баракка жазылган адабий текстти окуп беришти. Натыйжада, 9 окумуштуудан турган тил комиссиясы талапкерлер мамлекеттик тилди билет деген чечимге келди. Комиссиянын мүчөсү, профессор Лайли Үкүбаеванын баамында, бул жолу сынакка түшкөн талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсү боюнча талаш болгон жок:

- Өткөндөгү талапкерлерге салыштырмалуу бул жолу абдан ырхаттануу менен уктук. Эки талапкер тең кыргыз тилин абдан жакшы, жогорку деңгээлде билишет. Өздөрүнүн оюн эркин, жогорку маданиятта жеткире алышат. Жазууларында дагы ката дээрлик жокко эсе. Бир-эки гана тыныш белгилери боюнча ката болбосо, экөөнүн тең иши так, таза жазылган экен.

Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиев сынакта айткан президенттик программасына караганда, Кыргызстанда үч багытта-саясий, экономикалык жана идеологиялык реформа жүргүзүү милдетин алдыга коюп жатат. Анын эң олуттуусу саясий реформа:

-Саясий реформанын максаты -бийликтин 3 бутагынын укук милдеттерин туура бөлүштүрүү.

К.Бакиев андан кийинки саясий милдет- парламенттик шайлоону партиялык тизме менен жүргүзүүгө жетишүү деп билдирди. Анын айтымында, мындай саясий чечим шайлоо учурунда күч алып кетчү уурулук, жердештик сезимдерди азайтып, бирдиктүү саясий аң-сезимди калыптандырууга шарт түзөт:

-Депутаттар партиялар аркылуу шайланса эргежээл партиялар азайып, гендердик саясат дагы туура чечилет эле. Жаштар да парламентке тартылып, башка улуттагы калктын өкүлдөрүнүн да парламентке келишине мүмкүнчүлүк ачылат.

К.Бакиевдин оюнда, андан кийин өкмөттүн укук милдеттерин кеңейтүү, жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жогорулатуу зарыл. Ал эми экономикалык реформанын башкы багыты улуттук ресурстарды туура жана сарамжалдуу пайдаланып, тоолуу аймактарда жашоо деңгээлин көтөрүү жана салык алуу принцибин өзгөртүү болот.

Сынакка түшкөн экинчи талапкер Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу өзүнүн президенттик программасынын башкы багыты премьер-министрлик кызмат ордун жоюп, бардык жоопкерчиликти президентке берүү болорун билдирди:

- 14 жылдын ичинде өкмөт 12 жолу алмашты. Ким жаман? Өкмөт жаман. Ким жакшы? Президент Акаев жакшы. Ушундай терс көрүнүштөр болбос үчүн премьер- министрлик кызматты жоюп, өкмөттү президент өзү башкарыш керек. Ички жана тышкы саясаттагы каталар менен кемчиликтер үчүн президент өзү жооп берүүгө милдеттүү.

Турсунбай Бакир уулу эгер президент болуп калса облустарды жоюп, район, шаар бийлик жетекчилерин элдин шайлоосунан өткөрөт. Парламентке депутаттарды партиялык тизме менен шайлоону киргизип, ар бир үчүнчү депутаттын аял болушуна кам көрөт. Кесипкөй армия түзүп, тышкы саясатта араб мамлекеттери менен кызматташууга басым жасайт. Анын ою боюнча, мамлекет башчылыгына динге ишенген адам келсе диний, руханий жактан кайра жаралууга шарт түзөт.

Тил комиссиясынын бул күнү чүчүкулак менен тандалган төрагасы Ташбоо Жумагулов жободон тышкары суроо берип,талапкерлердин мамлекеттин гимнинин текстин билер билбесине кызыкты. Курманбек Бакиев ырды дароо жатка айтып, комиссияны ыраазы кылды. Ал эми Турсунбай Бакир уулунун берген жообу төмөнкүчө болду:

-Менин оюмча гимн жасалма жол менен түзүлгөн гимн. Эл сүйүп жүргөн «Кыргыз жери» деген ыр кыргыздын гимни болуш керек.

Президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн сыноо коомдо ар кандай ой жаратууда. Анын бири мындай сынак кыргыз тилин билбеген башка улуттагы адамдардын укугун басмырлап, аларды мамлекеттик башкаруудан оолактатуунун бир жолу деген пикир. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Ташбоо Жумагулов мындай ойго макул эмес:

- Дүйнөлүк тажрыйбада алып көрсөк мамлекеттик тил бир гана тил деп кабыл алынат. Бул жөн эле шылтоо. Тилди үйрөнүп алса болот.

Президенттикке дагы башка беш талапкер тил сынагынан 28-майда өтүшөт.

XS
SM
MD
LG