Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51

МАСКӨӨДӨ СӨЗ ЭРКИНДИГИН ТАЛАШКАН ЖӨӨ ЖҮРҮШ ӨТТҮ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Маскөөдө сөз эркиндигин коргоого алган жүрүш болуп анын акыры митинг менен аяктады. Жүрүшкө КПРФ, «Яблолко», Оңчулдар күчүнүн союзу, «2008 комитети», Элдик большевиктер партиясы, Орусиянын журналисттер союзу жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү катышышты. Акцияга чыккандар Королев көчөсү менен жүрүп олтуруп, Останкино сыналгы борборунун алдына токтоп, ал жерде митинг өткөрүштү. Чыгып сүйлөгөндөр сөзүндө жана жүрүшкө чыккандар көтөргөн ураандарда «Сыналгыдагы сөздүн бурмаланышы токтосун!», «Журналисттерге эркиндик берилсин!» ошондой эле «Путини жок Орусия үчүн» деген чакырыктар болду.

Сөз эркиндигин талашып көчөгө чыккандар карааны кийинки жылдары болуп көрө элек, абдан арбын болгонунун белгилешүүдө. Ырасмий булактан алынган маалыматта бир жарым миңдей киши катышты делинет. Биздин кабарчынын сөзү менен айтканда, жүрүшкө чыккандар катары «бир нече чакырымга» созулган.

Саясий да ураандар өзгөчө шааниде болгон, ал тууралуу «Азаттыктын» орус тилинде чыкчу кызматынын кабарчысы Любовь Чижоа, ошол жерден билдирди:

- Бүгүн популярдуу каарман Владимир Владимирович Путин болууда. Жүрүштө бараткандар Останкиного баратып «Путин – жогол!» деп кыйкырышыты. «Путини жок – Орусия!» - деп айкырышты. Иши кылып алар сөз эркиндигин талап кылуудан тышкары саясий да талап кошту. Алардын абдан көбү «Путини жок – Орусия!», «Путин – чык, кет!», кечиресиздер, бул ураан бетине ушинтип жазылган сөз.

Останкино борборунун алдында өткөн митингде чыгып сүйлөгөн «Яблоко» партиясынын лидери Григорий Явлинский мындай деди:

- Эркиндик болбой адилеттүүлүк болбойт. Сөз эркиндиги жок туруп биздин өлкөдө калыстык болбойт. Ал эми адилеттүүлүк менен эрикиндик орнобой, Орусия - өз алдынча, эгемендүү, европалык өлкө боло албайт!

Ал жерде сүйлөшкөн таанымал саясатчылар сөзүн митингде тургандар «Сөз эркиндигин бересиң!» деген айкырык менен коштоп турушту.
XS
SM
MD
LG