Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:03

ХАМИД КАРЗАЙ ЖОРЖ БУШТУ ЫККА КЕЛТИРЕ АЛГАН ЖОК


Ооганстандын президенти менен АКШнын президенти Вашингтондо эки өлкөнүн ортосундагы "Стратегиялык кызматташттык" келишимине кол коюшту. Ошол эле убакта Хамид Карзайдын Ооганстандагы америкалык аскерлердин операцияларын чектөө аракетинен майнап чыккан жок, америкалык түрмөдөгү ооган атуулдарын Кабулга өткөрүп берүү талабы да суу кечпей калды.

Хамид Карзайдын АКШ армиясынын Ооганстандагы операцияларын ооган өкмөтүнүн көзөмөлдөшү жана айыпкерлерди ооган өкмөтүнө өткөрүп берүү боюнча талаптарын Жорж Буш канааттандырган жок.

Карзай менен Буш дүйшөмбүдө кол койгон стратегиялык кызматташттык келишиминде Ооганстандагы АКШ баштаган анти-террористтик коалиция күчтөрүнүн учурдагы иш ыргагы азыркы калыбында кала бере тургандыгы айтылат. Документке ылайык, Кошмо Штаттары жана коалиция күчтөрү "тийешелүү согуштук операцияларды кеңешмелердин жана алдын-ала макулдашылган процедуралардын негизинде жүргүзүү эркиндигин" сактап калат.

Ак үйдө Карзай менен өткөргөн пресс-конференцияда Буш америкалык аскерлер америкалык аскер башчыларынын гана буйругун аткара тугандыгын баса белгиледи:

– Биздин армиянын ишине кийлигишүү тууралуу айта турган болсок, биздин алакалар кызматташууга жана кеңешүүгө негизделген. Албетте биздин аскерлер АКШ командирлерине жооп беришет. Ошол эле убакта биздин командирлер жана Кабулдагы дипломаттарыбыз Ооган өкмөтү менен кеңешип-таңашып иш алып барышат.

Карзай ишембиде Буштан Ооганстандагы ооган атуулдарынын үйлөрүн тинтүүдөн мурда америкалык аскерлер ооган өкмөтү менен макулдашуусун талап кылаарын айткан эле. Дүйшөмбүдөгү сүйлөшүүдөн кийин өткөн пресс-конференцияда Карзай бул туурасында ооз ачкан жок.

Карзай ошондой эле АКШнын армиясы 2001-жылы Ооганстанга басып киргенден кийин колго түшүргөн ооган туткундарын ооган өкмөтүнө өткөрүп берүүнү талап кылмак. АКШнын Кубадагы түрмөсүндө 500 чакты ооган атуулу кармалып турат, ал эми Ооганстандын өзүндөгү Кошмо Штаттары көзөмөлдөгөн 20 чакты түрмөдө дагы жүздөгөн киши камакта отурат деп болжолдонот. Бирок дүйшөмбүдө кабарчылар менен жолукканда Буш Гуантанамодогу туткундарды мекенине кайтаруу али эрте деп айтты.

Эки президент ошондой эле АКШнын карамагындагы ооган туткундарынын айрым учурда өлтүрө сабалышы боюнча да суроолорго жооп беришти. Пентагон Кабулдун жанында АКШ көзөмөлдөгөн Баграм аскер турагында ооганстандык эки кишинин америкалык аскерлер колдуу болгондугун иликтеп жатат. Хамид Карзай Вашингтондо бул кишилердин өлүмү АКШ өкмөтүнүн атайын бир саясатынын натыйжасынан болгон жок деп белгиледи:

– Айыпкерлерге карата зордук-зомбулукту биз аны ишке ашырган жеке адамдарга гана тийешелүү көрүнүш деп эсептейбиз.

Карзай ошондой эле жакында Ооганстанда өткөн демонстрациялар “Ньюсуик” журналында Курандын мазакталышы тууралуу макаланын жарык көрүшүнөн эмес деп айтты. "10дон ашык кишинин каны төгүлгөн ал тополоңдор Ооганстан менен Кошмо Штаттарынын узак мезгилдүү стратегиялык кызматташтыгына кастарын тиккендер тарабынан уюштурулду”,- деп ырастады Ооганстандын мамлекет башчысы.

XS
SM
MD
LG