Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:10

АНЖИЯН ОКУЯСЫН ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ ИЛИКТӨӨ ЗАРЫЛБЫ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Соңку мезгилдери дүйнөдөгү адам укугун коргоочу айрым эл аралык уюмдар жана белгилүү саясатчылар Анжияндагы кандуу окуяны көз-карандысыз эксперттердин жардамы менен иликтөө демилгесин байма-бай көтөрө башташты. Дүйнө коомчулугунун мындай талабынан кандайдыр бир натыйжа чыгабы, кыргызстандык саясатчылардын бул маселеге пикири кандай?

Сырттан караган адамга соңку мезгилдери Өзбекстанда саясий кырдаал турукташып бараткандай сезилет. Ошондой болсо да мындан бир нече күн илгери Анжиан шаарында болгон кандуу окуя дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда кала берүүдө. Айрыкча соңку мезгилдери дүйнөгө белгилүү саясатчылар, эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар Анжияндагы окуяны эл аралык эксперттердин катышуусунда иликтөөнү талап кылышууда. Ошол эле мезгилде Өзбек президенти Ислам Каримов өткөн апта соңунда мындай иликтөөнү жүргүзүүгө каршы экендигин билдирген. Ушундан улам дүйнө коомчулугунун жогорудагыдай аракетинен жыйынтык чыгабы, канткенде Анжиян окуясынын чоо-жайын толугу менен иликтеп, коомчулукка чындыкты айтууга болот?- деген суроолор жаралууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболовдун пикиринде, Анжиян окуясын эл аралык деңгээлде иликтөө зарыл:

-Эл аралык иликтөөнүн зарылдыгы чоң. Анткени бизге жеткен маалымат боюнча кагылышууда ок атуучу ири куралдар пайдаланылган. Жабыр тарткандар, каза болгондор абдан көп. Канча адам каза болгондугу тууралуу бүгүнкү күнгө чейин так маалымат жок. Айрымдары миң, эки миң адам өлдү дешүүдө. Ошондуктан эл аралык көз-каранды эмес комиссия иштеши зарыл.

Өзбекстандын мыйзам чыгаруу палатасы 23-майда Анжияндагы окуяларды иликтөө үчүн көз-карандысыз комиссия түзгөндүгүн жарыялады. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун пикиринде, Өзбекстандын өзүндө түзүлгөн комиссия окуяны адилет иликтебей коюшу ыктымал:

- Өзбекстандын өздөрүнө койсо окуя адилет иликтенбейт. Мындан сырткары өзбекстандык карапайым эл чет өлкөлөрдөн жок дегенде моралдык колдоо күтүшүүдө. Ошондуктан эл аралык иликтөө жүргүзүп, эмне үчүн эл көтөрүлгөндүгүн аныктоо зарыл.

Айтмакчы, дүйнөдөгү баш аягы тогуз жүздөн ашуун укук коргоочу жана саясатчылар БУУ, ЕККУ жана АКШнын конгрессине Анжияндагы окуяларды териштирүүнү өтүнүп кайрылуу жолдошууда. Мындай кайрылууга кыргызстандык укук коргоочулар да кол коюшту. “Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова эл аралык коомчулук үчүн бул кайрылуунун мааниси чоң деп эсептейт:

- Мындай кайрылууга баш аягы 945 атуул кол коюшту. Менин оюмча дүйнө коомчулугунун мындай аракети ишке ашат. Анжияндагы окуяны иликтөө дүйнө коомчулугу үчүн мааниси чоң.

Ошондой эле Төлөйкан Исмаилова эл аралык коомчулуктун мындай аракетинен жыйынтык болооруна ишенет:

- Окуяны ишке ашыруу үчүн аны кагаз түрүндө калтырбай талап кылыш керек. Менин оюмча АКШ өкмөтүнүн, ЕККУ жана БУУ көптөгөн чараларды колдоно алат. Алар Өзбекстанга экономикалык, саясий жана башка талаптарды коюшу керек. Ошондо мындай талаптар толук ишке ашат.

XS
SM
MD
LG