Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

ДАНИЯР ҮСӨНОВ: “1 ТОННА 800 КИЛОГРАММ АЛТЫН КАЙТАРЫЛАТ”


25-майда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов маалымат жыйынын өткөрүп, Сербияда өткөн Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын жылдык жыйынына катышуусу боюнча маалымат берди. Анын айтымында, 86 өлкөнүн өкүлү тике туруп кыргыз ыңкылабына кол чапты жана бир катар долбоорлор боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөр болду. Алардын биринин натыйжасында 1990-жылдардын башында Кыргызстандан чыгарылып кеткен 1 тонна 800 киллограм алтын кайра кайтарыла турган болду.

25-майда түштөн кийин Европадан келген Данияр Үсөнов мурунку президент Акаев жана анын жакындарынын мүлкүн аныктоо боюнча өкмөттүк комиссиясынын жыйынын өткөрдү. Бирок адаттагыдай комиссия иши тууралуу маалымат берүүдөн баш тартып, аны 27-майда парламентте бул маселе боюнча кеңири маалымат берүүсү белгиленгени менен түшүндүрдү. Маалымат жыйынында Данияр Үсөнов Сербия борбору Белград шаарындагы сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат берди. Ага караганда, кыргыз делегациясы Европа банкынын президенти Жан Лемьер баш болгон жетекчилер менен жолугушуп, Алматы-Чолпоната жолун куруу, Кыргызстанда микрофинансылоо, ипотекалык насыялоо жана лизинг маселеси боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен айыл ишкерлигин каржылоо тууралуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу Үсөнов мындай деди:

- Айыл жериндеги ишкерликти каржылоо боюнча сүйлөшүү болуп, ал долбоорго мен 50 миллион доллар сурадым. Ага алар макул болушуп, кошумча 20 миллион доллар бөлмөк болушту. Мына ошол 20 миллион доллар бөлүндү десек да болот. Андан сырткары Алматы-Чолпоната жолун курууга да 50 миллион доллар керек. Банк бул долбоорду да каржылоону өзүнө алууну караштырууда.

Кыргыз делегациясы АКШнын каржы министрлигинин делегациясы менен Белграддагы жолугушууда оффшордук аймактарга жана банктарга Кыргызстандан которулган акчалардын изин табуу, ал үчүн тиешеси бар банктык эсептерди текшерүүгө алуу, табуу маселесин козгоп, АКШ делегациясы бул маселе боюнча толук жардам берүүгө даярдыгын билдирген. Европа өнүктүрүү банкы Кыргызстандын сот системасын реформалоого 6 миллион сом, телекоммуникация системасын колдоого 4 миллион сом бөлүүгө убада берди.

«Жаңы өкмөттүн инвестициялык программасы жыйында толук колдоо тапты жана биз жок деген сөз укпадык, бир гана коррупцияга каршы күрөш токтотулбайбы, президенттик шайлоо чынында эле ачык жана адилет болобу деген суроолор болду»,-дейт Данияр Үсөнов.

Вице-премьер-министрдин айтымында, инвесторлордун Кыргызстанга кызыгуусу артууда. Ага мисал катары Үсөнов буларды билдирди:

- Европага жөнөөр алдында испан,голланд, немис жана орус консорциуму менен сүйлөшүү жүргүздүм. Алар Ташкөмүрдөгү “Крисстал” мамлекеттик акционердик коомун сатып алууга кызыкдар болууда. Мындайлар улам көбөйүүдө.

Данияр Үсөнов маалымат жыйынында коррупциялык ишке байланыштуу бир маселени козгоду. Ал 1990-жылдардын башында Кыргызстандан чыгарылып кеткен 1 тонна 800 киллограм алтынга байланыштуу маселе болду:

- Биз азыр ал алтынды кайтарып жатабыз. Бул алтын Швейцарияда жатпай Кыргызстанга кайра келет. Биздин резерв болот. Улуттук банктын эсебинде жатат.

Данияр Үсөновдун маалыматы боюнча, 1990-жылдардын башында Бирштейндин учагы менен чыгарылып кеткен алтын «Кыргызалтындын» ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн Швейцарияда европалык «Стандарт» банкынын эсебинде күрөө катары жаткан. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы эч кандай күрөөсүз эле «Кыргызалтындын» финансылык ишмердүүлүгүн камсыздоону өзүнө алды. Ошондуктан Кыргызстанга пайда бербей жаткан алтын кайтарыла турган болду.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG