Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

ОРУСИЯДА ЭКИ ЧЫГААН ЖАЗУУЧУНУН МААРЕКЕСИ ӨТТҮ


Ушул күндөрү орусиялык китеп окурмандары жана коомчулук эки чоң жазуучу туурасында көп кеп кылышууда. Анткени Михаил Шолохов туулганга жүз жыл жана Иосиф Бродский туулганга 65 жыл толду. Эки инсан тең кезегинде эл аралык Нобел сыйлыгынын лауреаты болушкан.

Орусияда атагы алыска тараган инсандар көп. Алардын экөө советтик турмушту ар башка кабылдоосу менен баарыбыздын эсибизде жүрөт. Михаил Шолохов түп тамырынан бери советтик кезди жактырса, анын каршысында Иосиф Бродский аны четке каккан. Ошол себептүү советтик идеологиялык жактан үстүдөн кароочулар каарына калып абакта олтуруп чыккан. Акыры чет өлкөгө сүрүлүп кетип, ал жакта жүрүп жазган ырлары кийин Нобел сыйлыгына татыктуу болгон.

Совет идеологиясынын багынын саябанында күн көргөн Шолохов чыгармалары да Нобел сыйлыгын алган. Андан соң атагы алыска кеткен. Азыр экөөн тең өз элинде гений деп аташат.

Шолоховдун «Тынч дон» романы же «Адам тагдыры» аңгемеси кылым карытар чыгармалар. Борбордук комитетте олтургандар көзүн карап жазчу кезде эмнегедир Шолоховдун чыгармачылыгына таш ыргытылчу эмес. Ал эми каармандары азыркы кезде жашап калар бекен деген суроо ойго келет. Эмне дегенде Григорий Мелеховдун бул турмуштан орун таап кетери күмөн санатат.

Экинчи акын советтик чөйрөнү такыр эле жактырбаган киши болгон. Иосиф Бродскийдин жазгандары БКнын тымызын көрсөтүүсү астында сындалып, акыры ал жатып ичер деген кине менен түрмөгө олтургузулган.

Ошол 1965-жылы акын менен абакта чогуу олтурган Владимир Черномордин аны мындайча эскерет:

- Анын туулган күнүн чогуу белгиледик эле. Аны абактан бошоткондо Ленинградда жашаган. Бирок ошондо деле артынан аңдуусу күч болчу.

Акырында айтарыбыз, ошентип эки улуу инсандын чыгармалары калып, советтик кез тыйпыл болду.
XS
SM
MD
LG