Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:41

АКШ КАЙРАДАН АНЖИЯН ОКУЯСЫ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ИЛИКТӨӨ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ


Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Анжияндагы кандуу булоон боюнча көз карандысыз иликтөө өткөрүүнү жана өлкөдөгү реформаны саалгытпай жүргүзүүнү өтүнүп, Өзбекстанга кайра кайрылды. Шейшемби күнү Мамдепартаменттин өкүлү Ричард Баучер Өзбек өкмөтүнүн аракети кырдаалга жооп бербейт деп, бийликтердин коомду контролдоону дагы күчөтүүсүнө тынчсыздануу билдирди. Бирок ырасмий Ташкендин Кошмо Штаттары менен эл аралык коомчулуктун талабына ылайык көз карандысыз иликтөөгө макул келээри беймаалым.

Президент Ислам Каримовдун Анжиян окуяларын жаап-жашыруу аракети АКШнын тынчын алууда. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучер шейшемби күнү Анжиян окуяларын “ишенимдүү жана ачык тергөөгө” чакырды. Баучер иш жүзүндө Вашингтондун мурдакы талабын кайрадан Ташкендин эсине салды. Ал ошондой эле Эл аралык кызыл чырым уюму Анжияноблусундагы ооруукана жана абак жайларга киргизилишин талап кылды:

- Өкмөттүн активисттердин оозун жабуу максатында аларды негизсиз камакка алуусу жана коркутуп-үркүтүп жатканы бизди тынчсыздантат. Сөз эркиндиги болгон окуяларды туура баалоо үчүн абдан маанилүү. Биз бул аймакка журналисттер, укук коргоочулар, Улуттар уюмунун агенттиги жана башкалар үчүн жол ачууну талап кылабыз. Алар эмне болгонун аныкташып, жардамга муктаж адамдарга көмөк кылышмак.

Анжияндагы кан төгүүлөрдөн кийин Өзбекстандын коопсуздук күчтөрү камакка алган адамдардын ичинде укук коргоочу Сайиджахон Зайнабитдинов да бар. Ричард Баучер ишенимдүү далилдердин жоктугуна байланыштуу Зайнабитдиновду абак жайдан бошотууча чакырды:

- Береги арестантка эл аралык стандартка ылайык мамиле кылыныш керек. Ошондой эле, аны абакта кармап туруу үчүн кылмышын ырастаган ишенимдүү далилдер болушу лаазим. Эгерде андай далилдер жок болсо, ага эркиндик берилиши шарт.

Мамдепартаменттин өкүлүнүн айтымында, Өзбек бийликтери чет элдик дипломаттар жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн Анжиян шаарына уюштурган саякат ондогон адамдардын өмүрүн жалмаган кызыл кыргын тууралуу жетерлик маалымат берген эмес.

АКШнын Мамлекеттик департаментинен мурда Улуттар уюму, Евробримдик, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму, дагы бир катар эл аралык уюмдар Анжиян тополоңун көз карандысыз иликтөө өткөрүүгө чакырып, бирок үндөөнү ырасмий Ташкен четке кагып койгон.

Ричард Баучердин айтымында, Вашингтон Анжиян обулусунда болгон калабаларды Улуттар уюму, Евросоюз дагы башка европалык уюмдар менен ырасмий жана ырасмий эмес шартта талкуулоону уланта берет.

Келген маалыматтарга караганда, АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Николас Бөрнс Өзбекстандагы кырдаалды союздаш өлкөлөр менен НАТО жана Евроатлантикалык кызматташуу кеңешинин Швецияда шаршемби күнү башталган саммитинде да талкуулайт.

Өзбекстан НАТОнун “Тынчтык үчүн кызматташтык” программасынын мүчөсү болгонуна карабай, форумга өкүлдөрүн жөнөткөн эмес. НАТОнун баш катчысы Яаап де Хоп Скеффер да жыйында сүйлөп, ырасмий Ташкенди эл аралык комиссияны Анжиян окуяларын иликтөө үчүн аймакка өткөрүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG