Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:11

АСКАР АКАЕВДИ ОРУСИЯЛЫК АДВОКАТТАР КОРГОЙТ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди жана анын үй-бүлөсүн эл аралык юристтер тобу коргойт. Бул топту жетектеген орусиялык адвокат Максим Максимович билдиргендей, көп байлык жана мүлктөр Акаевге таандык деген маалыматтар негизсиз.

Кыргызстандын экс-президентин жана анын үй-бүлөсүн сот иштеринде коргой турган москвалык юристтер тобунун жетекчиси Максим Максимович «Азаттыктын» кабарчысына билдиргендей, Аскар Акаевге тиешелүү кандайдыр бир ири менчик объектилери жок:

- Аскар Акаевдин кандайдыр бир кымбат баалуу мүлкү жок. Ага президент болушуна чейин берилген батир, Академиядан берилген эски дача гана таандык. Анын Орусияда же болбосо, башка өлкөлөрдө мүлкү жок.

Максим Максимович «Мээрим» фонду бюджеттен акча алып тургандыгын да билдирди:

- Мээрим» фонду бюджеттен акча каражатын алган. Бюджеттен чындыгында эле 22 млн. сом алынган. Бирок ал каражаттар мамлекеттин, элдин кызыкчылыгында жумшалганбы же жеке кызыкчылыкта сарпталганбы? –Маселе мына ушунда.. Мен «Мээрим» фонду иш жүзүндө кайрымдуулук ишмердүүлүгүн жүргүзгөн деп айта аламын.

Аскар Акаевдин сот жообуна тартуу боюнча аракеттердин натыйжасы болушу мүмкүнбү? Бул суроого Максим Максимович мындай жооп берди:

- Мен юрист катары тигил же бул жыйынтык болот деп айта албайм. Бирок менимче, Акаевди сот жообуна тартууга болгон мүмкүнчүлүктөр өтө аз.

Аскар Акаевге, анын үй-бүлөсүнө жана жакын адамдарына тиешелүү мүлктү текшерүү боюнча 24-марттан кийин түзүлгөн өкмөттүк комиссия учурда өз ишин улантууда. Комиссиянын төрагасы, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнөвдун маалыматы боюнча Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына көптөгөн ири ишкана, компаниялар тиешелүү экендиги тастыкталууда.

Айрым пикирлерге караганда, аталган комиссиянын иши натыйжалуу болбойт. Анткени, Акаевдин үй-бүлөсүнө, анын жакын адамдарына, туугандарына тиешелүү мүлк, ишканалар юридикалык жактан артынан из калтырбагандай жасалган.

Акаев жана анын үй-бүлөсү өтө чоң мүлккө ээ эмес, ошондуктан, алардын мүлкүн текшерүү боюнча өкмөттүк комиссияны түзүүнүн да зарылчылыгы жок эле деген пикирлер да жок эмес.

XS
SM
MD
LG