Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:22

ЕБнын КОМИССАРЫ ЛИВАНДА ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА ТАРТЫЛГАН ДАРЫГЕРЛЕРДИ КУТКАРУУ АРАКЕТИН ЖАСАДЫ


Евробримдиктин Тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро-Волднер айым шаршемби күнү Ливиядагы сапарын карытты. Ал Ливияга болгариялык медсестралар менен палестиналык доктордун өлүмдөн куткарып калуунун аракетин кылып барган. Алты дарыгер жүздөгөн балдарга ВИЧ инфекциясын жуктурду деп айыпталып, былтыр атууга өкүм кылынган. Бенита Ферреро-Волднер айымдын визити Ливиянын Жогорку Соту медиктердин өтүнүч арызын кароо алдында жасалды.

Бенита Ферреро-Волднер айым- Евробримдиктин Тышкы байланыштар боюнча комиссары. Ал шаршемби күнү Ливиядан кайтып келер замат Брюсселде жасаган билдирүүсүндө визит балдары илдетке чалдыккан ливиялык ата-энелердин маанайын өзгөртүп, алты дарыгер бошотулат деген илгери үмүт пайда болгонун этият белгиледи:

- Үй-бүлөлөрдүн маанайы бир аз өзгөрдү көрүнөт. Ага биздин сапарыбыз да таасир этти деп айтаар элем. Мен бу иште үмүттүн оту жанды деп үмүт кылам.

Франс Пресс агенттигинин маалымдашынча, Ливиянын премьер-министри Шукри Ганем шаршемби күнү Триполиде болгон сүйлөшүүдө Ферреро-Волднер айымга Европа өлкөлөрү “кесел балдардын үй-бүлөлөрүнүн жагдайын эске алуусу зарыл” экенине көңүл бурган. Ливия ошондой эле европалык медиктер иштеген Бенгази ооруканасында ВИЧ инфекциясы жуккан 426 балага компенсация төлөнүүсүн каалайт.

Евробримдик болсо Ливиянын саламаттык сактоо мекемелерин жабдууга көмөктөшүп, оорукчан балдарды сапаттуу дарылап берүүнү оң көрөт.
Ферреро-Волднердин сөзүнчө:

- Биз, Европа Союзу, иштиктүү план менен келдик. Ал үч маанилүү багытты көрсөтөт. Биринчиси, балдарды тейлөөнүн сапатын жакшыртуу. Экинчиси, биз саламаттык сактоодогу, медициналык камсыздоо тармагындагы жана дарылоонун жолдору боюнча Европадагы мыкты жетишкендиктерди көрсөтүүгө аракет кылдык.

Ферреро-Волднердин айтканыга караганда, Евробиримдиктин планы кесел балдар ата-энесинен ажыратылбай, тескерисинче ата-энесинин кароосу астында дарылоону да сунуш кылат.

Евробримдиктин Тышкы байланыштар боюнча комиссары күнөөнү кыйноо астында мойнуна алышканын айтып, катаал өкүм өзгөртүлөт деген үмүттөгү алты дарыгердин абалын мындайча сүрөттөдү:

- Мен сиздерге медсестралар менен палестиналык дарыгер Ашраф алдуу-демдүү жүрүшкөнүн айта кетейин. Бирок алар психикалык жактан чарчап-чаалыгып калышкан деп ойлойм.

Өлүм жазасына тартылган алты дарыгердин өтүнүч арызын Ливиянын Жогорку Соту 31-майда карамакчы. Анын алдында, Триполиге Болгариянын президенти Георгий Парванов да ырасмий визит менен барып, Ливиянын лидери Муаммар Кадафи менен кездешет.

Парванов да Ливиянын бийликтерин сотко таасир этип, алты дарыгерди куткарып калууну өтүнөөрү аракетин жасаары шексиз.

Ферреро-Волднер астейдил эскерткендей, европалык алты жарандын доо арызын кароонун жыйынтыгы Ливиянын “Барселона жараянына” кошулуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Евробиримдиктин бул долбоору Жер Ортолук деңизинин Түштүк жана Чыгыш жээгиндеги өлкөлөргө соодада жана башка тармактарда чоң жеңилдиктерди берет.

XS
SM
MD
LG