Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

АДВОКАТ МАКСИМОВИЧ АСКАР АКАЕВДИН УКУГУН ОРУСИЯДА ДА КОРГОЙТ


Орусиялык адвокат Кыргызстандын вице-премьер-министрин сотко бермей болду. Бул тууралуу экс-президент Аскар Акаевдин адвокаты Максим Максимович жума күнү “АКИ-пресс” агенттигинде уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Адвокат ошондой эле экс-президенттин укугу Кыргызстан соттору сыяктуу эле Орусия аймагындагы соттор аркылуу да корголорун жана Акаевдин жеке буюмдарын өткөрүп алуу боюнча азыркы бийлик менен макулдашуу болгонун жарыялады.

Максим Максимовичтин билдиргенине караганда, аны Аскар Акаев Москвада өзүнүн тааныштары аркылуу тапкан. Ал Акаевдин жана анын жубайынын укуктарын коргойт, балдарынын укуктарын болсо башка юристтер коргоп жатышат. Адвокаттын айтымында, Акаевдердин укуктарын коргоо үчүн Орусия Федерациясынын аймагында да сотко кайрылуу жагы караштырылууда. Буга Орусиянын мыйзамдары жол берет. Ал эми Акаевдин жеке буюмдарын өткөрүп алуу боюнча Аскар Акаевдин президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге жолдогон катынын негизинде тараптар макулдашууга жетишти.

Ушундай маалыматтарды берген адвокат Акаевге карата айрым мамлекеттик кызматчылар тарабынан коюлуп жаткан дооматтарды жалаа деп эсептейт.

Максимович маалымат жыйынында Кыргызстандын мыйзамдары боюнча экс-президенттин бедели жана ар-намысы мамлекет тарабынан корголорун, корголбогон шартта Башкы прокурор президенттин атынан сотко кайрылууга милдеттүү деген пикирин билдирди:

- Айрым маалымат каражаттары жана айрым саясий ишмерлер тарабынан бул мыйзамдар одоно бузулуп атат. Мен бул жерде президенттин мүлкүн баалоо боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Данияр Үсөнов жана Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Бекназаров жөнүндө айтып атам.

Максимович ошондой эле Данияр Үсөновдун аракеттерин саясий атаандашынан өч алуу максатында жасалган кадам катары баалап, аны сотко берерин билдирди:

- Ал Аскар Акаев «вор в законе» жана паракор деген пикирге толук кошулаарын билдирди. Эгер кичинекей Данияр тамдын бооруна «Аскар жинди» деп мык менен жазып койсо мен түшүнөт элем. Бирок вице-премьер парламенттин жыйынында айткан сөзү үчүн жооп бериш керек деп ойлойм.

Аскар Акаевдин мүлкүн баалоо боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы вице-премьер-министр Данияр Үсөнов комиссиянын өткөн бир ай ичинде аткарган иши боюнча Жогорку Кеңеште ушул эле күнү түшкө чейин маалымат берген. Анда моралдык дагы, жеке керт башына да кысым болуп жаткандыгын белгилеп, ага карабастан ишти соңуна чыгаруу ою барын билдирген. Төрага парламентте Аскар Акаевге жана анын жакындарына таандык деп болжолдонуп жаткан объектилердин саны 136га жеткенин, бул иштерди атайын кызматтар териштирерин, комиссиянын башкы максаты элдин талабын аткаруу, демек, коомду коррупциядан тазалоо экенин билдирген:

- Бул адамдар бүгүн дагы өзү жөнүндө гана ойлоп жатышат. Мына биздин жагдайда эмне үчүн коррупция жөнүндө эле айтыш жетишсиз болуп жатат? …Мамлекеттин башчысы, биринчи адамы болуп туруп коркпой-үркпөй, «вор в законе», башкача айтканда, кылмышкерлердин ана башчысы, паракор болуп атса, ошол жагдайда кайсы Кыргыз мамлекети боюнча сөз болушу мүмкүн эле? Мына эмне үчүн эл комиссиядан чындыкты күтүп атат. Бирок ал аягына чыга алар бекен, бардык суроолорго чынчыл жооп бере алабы деп кооптонуп күтүп атат. Уятсыздык ашкере узак, ашкере ачык-айкын жашап келген.

Мындай пикирин вице-премьер-министр «МСН» гезитинин кабарчысы Жолмухамбетованын макаласына таянып билдирди.

Адвокат Максимовичтин Бишкекте уюштурган маалымат жыйынына нааразылык билдирип, бул күнү “АКИ-пресстин” имаратынын алдына «Мекен биримдиги» саясий партиясынын жоон топ өкүлдөрү чыгышты:

- Эмне үчүн өзүнүн антын бузуп, кыйынчылыкта кыргыз элин таштап кеткен адамды Орусия өкүлү келип, бул жерде жакташы керек. Бул туура эмес. Акылга сыярлык иш эмес, – деди нааразы тараптын өкүлү Нурлан Калматов.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG