Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

КУРМАНБЕК БАКИЕВ НАРЫНДА


27-май күнү Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Курманбек Бакиев Нарын облусунда болду. Бакиев менен жолугушуу атайын жыйындар залында болот деген маалымат алгач көпчүлүк элди кыжаалат кылганы менен каалоочулар да жыйынга катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Облустук акимчиликтин чоң жыйындар залы саат онго чейин тыкыр бекитилип, андан кийин чакырылгандар гана киргизиле баштады. Бирок айрым атуулдардын талаптарынан кийин каалоочуларга да эшик ачылды. Саат он бир ченде жыйын өтүүчү зал кайрадан бекитилип, аны кайтаргандар орун жок деп түшүндүрүштү. Сыртта калгандардын арасында жергилкитүү маалымат каражат өкүлдөрү да бар эле. Бул маселе губернатордун биринчи орунбасары Ишенбек Абдыгазиевдин кийлигишүүсүнөн кийин гана чечилди. Мындай кырдаалга болгон нааразычылык Курманбек Бакиев келген маалда дароо кайрадан көтөрүлдү.

Жолугушууда Курманбек Бакиев өз сөзүн ыңкылаптын келип чыгышынан баштап, анын башкы себептеринин бири катары эски бийликтин өзү үчүн иштегендигинен көрөөрүн айтты:

- 1995-98-жылдан кийин бийликтин иши кичине кыйшайып, авторитардык система күчөй баштады. Ошол мезгилден баштап бул бийлик эл үчүн эмес, өзү үчүн гана иштеп калды.

Өкмөт башчы андан ары көмүскө экономика 40 пайызга жеткендигин, кадр, салык саясаттырынын кемчиликтерине токтолуп, Аскар Акаевди да эстеди:

- Муруңку президентибиз Аскар Акаев 7-8 жыл мурда эле айткан, коррупция Акүйдүн жетинчи кабатына жеткен деп. Андан бери жетинчи кабаттан астыга түшүп, биринчи этаждан подвалга чейин кирип кетти. Муну менен баарыбыз күрөшпөсөк элдин турмушу оңолбойт.

Мындан соң атайын тизме менен сөз бериле баштады. Бирок жумгалдык тургундан кийин эле эл эркин суроо берүү талабын коюшуп, акталаалык айымды толук угушкан жок. Акыры эркин микрофон аркылуу суроо, пикирлерге кезек берилди:

- Нарын облусунун жеринде өлүм, оору көбөйүп атат. Жанагы подотчет деген иш жалган, Союз убагында быйыл 1,5 пайыз көтөрүп коелу, 2,5 пайыз көтөрүп коелу деген деле чындыкка такыр жатпайт.

- Эми Татьяна Бакиева барып Майрам Акаеванын ордуна отурат деген сөз болуп атат. Максим Бакиев болсо “Бител”, “Кател” дегенге отуруптур деген да сөз болуп жатат.

- Торугартка бир топ аялдар каттачу эле, контрабанданын айынан каттай албай калдык. Мурда Майрам Акаеванын капчыгына деп чогултушчу эле, азыр сизди айтып коюп чогултуп жатышат.

Курманбек Бакиев суроолорго жооп кайтарып, маселелер жагдайга жараша толук чечилерин билдирүү менен алдыдагы шайлоо тууралуу буларга токтолду:

- Биз бул шайлоону уюшкандык менен адилет өткөрүшүбүз керек. Бул шайлоо элибизди бөлүп-жарбаган, кайрадан элибиздин биримдигин, жогорку деңгээлдеги маданиятын көргөзгөн акция болуп калууга тийиш.

XS
SM
MD
LG