Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШКӨ КИМ КАРШЫ ЧЫГУУДА?


Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов жетектеген мамлекеттик комиссия коррупциялык иштердин бетин ачуу үстүндө иштеп жатат. Бирок ага каршы чыккан тараптар да болууда. Маселен, Бишкектеги Эл аралык ишкерлер кеңеши, Дүйнөлүк Банктын Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Крис Лавлейс комиссия ишин сынга алууда.

Бул арада мурунку президент Аскар Акаев да өзүн коргоо боюнча күчтүү чараларды көрө баштады. Бир жагынан ал “мурунку президент жана Кыргызстандын мамлекеттик сырларын билген адам катары башка өлкөлөрдүн жетекчилерине кайрылаарын жана ал Кыргызстандагы шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасир этээрин” айтып саясий оюндарды баштап жатса, экинчи жактан, “Розенблюм”, “Клинтон/Клинтон» аттуу чет өлкөлүк адвокаттык контораларды жана орусиялык Максим Максимович аттуу адвокатты жалдап, өзүн коргоо үчүн аларды ишке салды.

Бирок Кыргызстан атуулдары жана өкмөттүк эмес уюмдары ишкерлер кеңеши менен Лавлейстин билдирүүсүн коррупцияга каршы күрөшкө тоскоолдук, шантаж катары баалап, андай аракеттерин токтотуу талабын коюшту. Мындай билдирүүгө Жетиөгүз районундагы Барскоон айлынын тургундары, “Интербилим”, “Атуулдук коом коррупцияга каршы” жана башка өкмөттүк эмес уюмдар кол коюшту.

“Атуулдук коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси, Акаевдин мүлкүн иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Төлөкан Исмаилова бул маселе боюнча мындай пикирин билдирди:

- Ар кандай басым болуп жатат. Эл аралык ишкерлик кеңеш, эл аралык донорлор да үй-бүлө менен бизнес кылып калган. Ошондуктан бизге каршылык эл аралык деңгээлде да болуп жатат. Мына ошолор Акаевге адвокат берип, моралдык жактан колдоо көрсөтүп жатат. Алар өздөрү түшүнүп, жаңы өкмөттүн коррупцияга каршы күрөшүнө тоскоолдуктарды койбош керек.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин билдирүүсү жана башка коркутуулар тууралуу вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов буларды билдирген эле:

- Ошол эле Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк жана Эл аралык ишкерлик кеңеш, инвесторлорбуз деп, ушундай тынчызданганын билдирип, күндө эле Бакиевге жазып, мынабу келесооңду токтот, ал саясат жагына ооп кетти, тынчсыздануубузду жаратууда, инвестиция качат деп жатышат. Аларды ким күүлөп жатат? Ошол эле Ишкерлик кеңешке кирген “Кумтөрдүн” президенти, “Реемтсма”, “Бител”, “Силк вэй” жана башкалар. Ошолор. Ошондуктан биз бул ишти баары бир аягына чыгарабыз. Башка маселелер да болуп жатат. Ошол “Бителди” алуу үчүн күрөшкөн казак компанияларынын жетекчилери айтып жатпайбы, Даке, эми турмушуңду ойлобойсуңбу, машина менен жүрөсүң, кээде ресторанда тамак жейсиң. Бирдемке болуп калса эмне болот? Мен айттым, эч нерсе болбойт. Көп болсо туугандарым, жакындарым чучук жейт.

Аскар Акаевдин адвокаты Максим Максимович Данияр Үсөновду сотко берерин 27-майда жарыялады. Дал ушул күнү Данияр Үсөнов Акаевдин жакындарынын коррупциялык иштери боюнча документалдык далилдер менен бекемделген маалыматтарды Жогорку Кеңешке берген эле.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов ыңкылаптан кийин бардык маселелерди укуктук жол менен чечүүнү тандап алуу ушундай оорчулуктарга алып келет деген пикрин билдирди:

- Дароо эле революциялык чечимдерди кабыл алганда эмдигиче далай акчаларды төлөтүп, далайын кызматтан алып, бир тобун отургузуп коймокпуз. Бирок биз ал жол менен кеткен жокпуз. Биз укуктук жолго түшүштүн аракети менен келатабыз. А бул жол өтө кыйын жол. Биз көздөгөн мүлк кайрылып, биз көздөгөндөй кылмышкерлер жазага тартылбай калышы мүмкүн да, тилекке каршы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG