Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

ИРАКТА ЖАПОН АСКЕРИНИН ӨЛТҮРҮЛГӨНҮ ЖАНА “АЛЬ-КАИДАНЫН” ЛИДЕРИ ЭСЕН-СОО ЭКЕНДИГИ АЙТЫЛУУДА


Замира Кожобаева, Прага Иракта Жапон улутундагы аскер Акихито Сэитонун өлтүрүрлгөнү тууралуу интернетте видео материал жарыяланган эле. Жапон бийлиги муну аягына чейин тактамайын, ишенүүгө болбосун айтып жатышат. Ал эми аз күн мурун америкалык аскерлер тарабынан “Аль-Каиданын” ирак бөлүмүнүн жетекчиси Абу-Муссаб аль-Заркави жарадар кылынгандыгы тууралуу кабарды ирак согушчандары жокко чыгарышты.

Май айынын башында, ирактык согушчандар тарабынан жапон атуулу Акихиро Сэйто кармалган эле. Ал Кипрдеги Британиянын Харт деп аталган коопсуздук компаниясынын кызматкери болуп, Иракта 2004-жылдын декабрь айынан тарта иштеп жаткан.

Ирактык “Ансар аль Сунна” экстремисттик тобу интернет аркылуу анын өлтүрүлгөндүгүн жарыялады. Интернетке коюлган видеотасмада ирактык согушчандар тарабынан өлтүрүлүп жаткан киши даана эмес көрсөтүлгөн.

Ушул себептен жапон бийлиги бул тасмадагы киши Сэйто же башка адам экендигин тактоо керектигин айтып жатышат.

Жапониянын тышкы иштер министри Набутака Махимура бул тууралуу мындай деди:

- Интернеттеги видеотасма Сэйтонун жакындарына жана ал иштеген коопсуздук компаниясынын жетекчилигине көрсөтүлдү. Азыр тасмадагы киши Сэйтобу же башка адамбы, тактоого аракет кылып жатабыз.

Ал эми Акихиронун кичүү иниси Хиронабу тасмадагы адам бир тууганы экендигине көзү жеткендигин билдирген:

-Биз баары бир аягы ушундай бүтөөрүн билчүбүз. Ошондуктан буга өзүбүздү даярдап келгенбиз.

28-май күнү Ирактын Мосул шаарынан 120 чакырым алыстыкта жайгашкан аскердик базада жанкечтилер тарабынан эки автомобиль жардырылды. Натыйжада Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн беш кызматкери жана 40 тан ашуун адам жарадар болду. Кечээ кечинде Киркукк шаарында араб уруусунун лидери, суннит Савгхан аль –Живоуири киши колдуу болуп өлгөн.

Ал эми бир нече күн мурун интернет аркылуу “Аль-Каиданын” лидерлеринин бири Абу-Муссаб аль-Заркавинин жарадар болгондугу тууралуу маалымат жарыяланган эле. Бирок көп өтпөй ирак согушчандары тарабынан ал маалымат жокко чыгарылган. Интернет баракчасындагы билдирүүдө Абу Заркави аман-эсен экендиги, ал ыйык согуштун жүрүшүнө көз салып, башкарып жаткандыгы тууралуу айтылат.

Иликтөөчүлөр муну ирак согушчандарынын айла кеткендеги амалы деп баалап жатышат. Алардын пикиринде шейхтин өлүмү анын союздаштарына катуу таасир берет. Ошондой эле өлгөн шейхтин ордуна башка адамды издөөгө да убакыт керек. Талдочулар мына ушул максатта ирак согушчандары ушундай маалымат таратып жатат деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG