Калмадагы лагерде жүз миңдей качкын бар. Алардын баары алачыктар менен чатырларда ач-жылаңач абалда күн көрүп жатышат.Абалга абдан жаны ачыган баш катчы жагдайды чукул арада өзгөртпөсө бул жердеги гуманитардык апаатты токтотуп калганга кеч болорун эскертти. Кечээ Хартумдагы сүйлөшүүлөрдө баш катчыны Судандын тышкы иштер министри Мустафа Осман Исмайыл өкмөт колдон келген аракеттин баарын жасайт деп ишендирди. Эмдиги айдын башталышында Нигериянын Абужа шаарында судан бийликтери менен Дарфурдагы козголоңчулар ортосунда сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы өткөрүлөт.
Дарфурдан соң Аннан Судандын түштүгүндө болот. Бул аймакта да жыйырма жылдай уруш жүрүп, былтыр гана басылган эле. Бирок кол коюлган келишимдин көп шарттары али аткарыла элек. Судандын түштүгүндө да проблемалар толуп жатканын, бирок аларды чечкенге керектүү ресурстар чектелүү экенин белгилеп, мындай абалды Аннан осолдук деп баалады. Дарфурда болсо тынчтык келишими жок, бирок азбы-көппү, ажат ачкыдай каражаттар бар. Ушуга байланыштуу Аннан Евросоюз менен НАТОну бул жердеги гуманитардык алааматты ооздуктаганга финансы,аскери жактан жардамдашууга чакырды. Донорлор Эфиопиянын борборунда мындан эки күн мурда аяктаган жыйында Дарфурдагы бейпилдик операцияларына 300 миллион доллар каражат бөлгөнгө убада беришти.
Дарфурда азыр Африка союзуна кирген өлкөлөрдүн бейпилдик күчтөрү жайгаштырылган. Бирок алар кырдаалды толук көзөмөлдөгөнгө азырынча чабалдык кылып жатышат. Судан бийликтеринин колдоосуна таянган араптардын отряддары баштагыдай эле Дарфурдун калкына дүмөк-дүрбөөн салып, бейкапар тиричилик кылганга мүмкүндүк бербей жатышат. Провинцияда акыркы эки жарым жылда болжолдуу эсептерде эле 300 миңдей киши куралдуу кагылыштардан жана ачарчылыктан кыргынга учурады, эки миллиондой адам коңшулаш өлкөлөргө качып өтүштү.
Чекарасыз дарыгерлер уюмунун өкүлү Патрик Мюрфинин айтымында, соңку жыйырма эки жыл ичинде Суданда өкмөт менен куралдуу козголоңчулар тынымсыз кырчалдашып жатып, акыры чоң кыйынчылык менен мунасага келген эле. Абалды андан ары ырбатпай, ушул процессти коргоп-колдоп калуу зарыл. Мунун бир жолу деп Мюрфи ачарчылыктын араанын басууну атады. Ачтан жаны кашайып, өлгөнү араң турган калк эчтемеден аянбайт, дейт дарыгер Мюрфи.