Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:20

ЛИВАНДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО БАШТАЛДЫ


Ливанда жекшемби күнү шайлоочулар төрт баскычтан турган парламенттик шайлоодо добуш бере башташты. Шайлоо өлкөдөн сириялык аскерлер бир ай мурда чыгарылып кеткенден кийин өтүп жатат. Байкоочулар Саади ал-Харири менен мамилелеш талапкерлердин ири жеңишке ээ болоорун айтышууда. Хариринин атасы, экс-премьер Рафик ал-Харири ушул кышта өлтүрүлүп кеткенден кийин, Ливанда саясий толкундоолор башталып, анын акырында Сирия аскерлерин алып кетүүгө мажбур болгон эле.

Ошентип ливандыктар акыркы 30 жылда биринчи жолу сириялык аскерлерсиз добуш берип жатышат. Бейрутта шайлоого келгенде Саад ал-Харири өзү жетектеген "Келечек" биримдиги добушка коюлган 19парламенттик орундардын бардыгын жеңип алат деп айтып, "Биз өлкөнү улуттук биримдиктин негизинде курабыз, жана элдин көбү менин киши колдуу болгон атам Рафик ал-Хариринин арбагын сыйлап, (бизге) добуш берет" деп белгиледи.

Баш калаа Бейрутта 400 миңден ашык кишинин добуш берүүгө укугу бар. Ливандагы парламенттик шайлоо келерки айда да уланат. Калган аймактар 128 орундуу парламент үчүн келерки үч жекшембиде добуш беришет.

29-май күнү эл алдына чыккандардын арасында Рафик ал-Хариринин жесири Назик ал-Харири да болду:

– Биздин уулубуз Сааддын маркум премьер-министр Рафик ал-Хариринин улуттук долбоорун улантуу жоопкерчилигин өз мойнуна алгандыгына сыймыктанам. Ливан ар бир ливандыктын мекени бойдон калышы керек.

Бейрутта Хариринин Келечек блогуна каршы Сирияны колдогон солчулдар менен исламчылардын чакан тобу ат салышууда. Ошол эле убакта Хариринин өлүмүнөн кийин күч алган Сирияга каршы маанай жана Сирияга каршы демонстрациялардын эйфориясы шайлоонун алдында жең алдынан соодалашкан саясатчыларга карата күдүк маанай менен алмашты.

Мисалы Харири Сириядагы айрым христиандар менен ымалаш, анын биримдиги ошондой эле Сирияны колдогон шийиттердин альянсы менен сөз табышкан. Баш калаада Хариринин талапкерлеринин арасында исламчыл “Хезбуллах” партиясынын талапкери бар. Ал эми түштүктө Хезбуллахтын талапкерлеринин арасында ал-Хариринин карындашы Бахия ал-Харири бар.

Жекшембидеги шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү ага биринчи жолу чет элдик байкоочулар чакырылды. Европа Биримдиги 100дөн ашык байкоочулар тобун жиберди.

XS
SM
MD
LG